Дарыгерлер тарабынан Өмүрбек Текебаевге операция жасоо сунушталууда. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова кабарлады.
"Дарыгерлер анын калкан сымал безинде шишик табылганын айтышты. Шишиктин канчалык зыяндуу же зыянсыз экени аныктала элек, бирок дарыгерлер аны алып салууну сунушташты. Операция жасалабы же жасалбайбы азырынча белгисиз, ал үчүн, биринчиден, өзүнүн макулдугу керек. Эртең дарыгерлердин консилиуму болот, жыйында бул маселени да карашат", - деди Токтакунова.
Экс-депутат дарыгерлердин көрсөтмөсү менен 1-августта №47-түзөтүү абагынын Улуттук кардиология борборуна которулган. Учурда дарылануусун улантууда. Анын кайра абакка которуу же дарылануусун улантуу маселеси эртең каралмак.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ар бири 8 жылга эркинен ажыратылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.