ОРМОНОВ: “Партиянын чечими каралып чыгышы керек”

"Бир Бол" фракциясынан депутат
Улугбек Ормонов билдиргендей, Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу чечимин фракция мүчөлөрү кабыл алат.
“Фракциянын мүчөлөрү өздөрүнүн лидерлерин бекитет. Мен азыр Иса Өмүркуловдун берген маалымат жыйынын көрдүм. Ал саясий кеңеш толук чогулбаганын, ким добуш бергени белгисиз экенин айтып жатат. Ошондуктан партиянын чечими дагы каралып чыгышы керек”, - деди Ормонов.
ЗУЛПУКАРОВ: “Биринчи Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганы мыйзамдуу чечим болдубу, ошону билиш керек”

КСДП фракциясынан депутат
Төрөбай Зулпукаровдун пикиринде, бул маселе такталышы зарыл.
“Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганы мыйзамдуу болдубу ошону билиш керек. Ал жерде саясий кеңештин 37 мүчөсү бар. Алардын канчасы жыйынга катышты, кворум болдубу? Муну тактоо кажет. Фракция саясий кеңештин сунушу канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин тактап чыгып, партиянын чечимин кааласа кабыл алат, каалабаса кабыл албайт”, - деди Зулпукаров.
ИКРАМОВ: “Партиянын чечими фракцияга таасирин тийгизбейт”

Эркин депутат
Тазабек Икрамовдун айтымында, депутатты партиядан чыгаруу мыйзамсыз.
“Фракцияга депутат болуп партиянын эң негизги уюткусу келет. Партиянын чечими фракцияга таасирин тийгизбейт. Андыктан фракциядагы депутаттар Иса Өмүркуловдун фракция жетекчилигинен кетишин же кетпешин чечим менен кабыл алынат. Мындайда партиянын чечими роль ойнобойт”, - деди Икрамов.
ТУРУСКУЛОВ: “Иса Өмүркуловду КСДП фракциясынын жетекчилигинен алууну фракция чечет”

“Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери
Жыргалбек Турускуловдун айтымында, Иса Өмүркуловду фракция жетекчилигинен алууну ошол фракциянын мүчөлөрү чечет.
“Буга чейин деле Кожобек Рыспаевди КСДПдан чыгарышпады беле. Партиядан чыгарууну партиянын саясий кеңеши карап чыгуусу керек, бул ошол көпчүлүк добуш менен чечиле турган маселе. Иса Өмүркуловду КСДП фракциясынын жетекчилигинен алуу үчүн фракциянын отуруму болуп, ошол жерден колдоо тапса жетекчиликтен алынат же калат", - деди Турускулов.
РЫСПАЕВ: “Иса Өмүркуловдун лидер болушун фракция депутаттары добуш менен чечишет”

КСДП фракциясынан депутат
Кожобек Рыспаев парламенттин депутаты партиянын чечими менен фракциядан чыгарылышы керек деген талап жок экенин айтты.
“Мени деле партиядан чыгарышты, бирок мен фракцияда калдым. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча, мындай кадам - мыйзамдуу. Партия өзүнүн депутаттарын шайлоого алып чыкканда тизме берет. Ошонун негизинде элдин добушуна ээ болуп, парламентке өткөндөн кийин Жогорку Кеңештин өзүнүн регламенти менен иш жүрүшү керек. Партиянын чечими менен фракциядан чыгара турган документ жок, жазылган дагы эмес. Моралдык жактан гана чыгарылат. Иса Өмүркуловду өзү каалабаса да партиядан чыгарып коюшту, эми муну фракция чечиши керек. Өмүркуловдун лидер болушун фракция депутаттары добуш менен чечишет”, - деди Рыспаев.
МАСАЛИЕВ: “Партия Иса Өмүркуловду лидерликтен бошоткула деген чечим берсе дагы, бул маселени фракциянын мүчөлөрү чечет”

Депутат
Исхак Масалиев Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганына туура же туура эмес деп баа бере албай турганын айтты.
“Партия кээ бир мүчөлөрүнүн жүрүшү уставга дал келбесе чара көрүшү мүмкүн. КСДПда кырдаал оңой эмес. Ар кандай тирешүүлөр болуп жатат. Мурунку президент ушул партиянын башчысы катары өзүнүн саясатын жүргүзгөнгө аракет кылууда. Партиянын айрым мүчөлөрүнүн пикири башка болуп жатат. Туруктуу идеологиясы, негиздемеси бар бир дагы партия жок. Бир гана коммунисттер партиясынан бар. Калгандарында идеология жок. Ошондуктан партиянын курамы, жетекчиси алмаша берет. Партия "Иса Өмүркуловду лидерликтен бошоткула" деген чечим берсе дагы, бул маселени фракциянын мүчөлөрү чечет”, - деди Масалиев.
КСДП: "Партиядан чыгарылган Иса Өмүркуловдун фракцияны жетектеп турганы мыйзамсыз"

КСДП партиясынын расмий өкүлү
Кундуз Жолдубаеванын пикиринде, учурда парламенттеги КСДП фракциясы менен КСДП партиясынын ортосунда ажырымдык болуп, фракция башкача иш алып барып жаткандай таасир калтырууда.
"Чындыгында, Сапар Исаковду премьер-министрликтен алып түшүү чечими кабыл алынганда эле мындай болору билинген. Иса Өмүркулов фракция лидери катары бир да жолу партиянын лидери менен жолугууга келген эмес, бул дагы түрдүү ойлорго түртөт.
Азыр Иса Өмүркуловдун фракцияны жетектеп турганы мыйзамсыз. Анткени партиянын саясий кеңеши Өмүркуловду партиядан чыгарууну чечкен. Демек, азыр депутаттарга ушул чечим ар бирине жеткирилет жана фракциянын мүчөлөрүнө Иса Өмүркуловду лидерликтен кайтарып алуу боюнча сунуш жөнөтүлөт.
Мындан тышкары Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү болчу. Бул кеңештин регламентине ылайык, партиядан четтетилген адам автоматтуу түрдө саясий кеңештин мүчөсү болбой калат", - деди Жолдубаева.
Айнура Осмонова (КСДП), Карамат Орозова (КСДП), Мухтарбек Айнакулов (КСДП), Мирлан Жээнчороев ("Республика-Ата Журт") соболго жооп берүүдөн баш тартышты.