КҮНСОБОЛ: Бүгүн кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл болду. Бийлик ушунча жыл аралыгында мамлекеттик тилди үйрөндүбү?

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.

Андан бери 30 жыл өттү, кыргыз тили жетиштүү деңгээлде өнүктү дегендер аз. Бийлик өкүлдөрүнөн тартып мектептеги окуучуларга чейин, арасында эне тилинде сүйлөй албаган Кыргыз жарандары бар. Бул көрүнүштү кадыресе кабыл алгандар да четтен чыгат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бүгүн кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл болду. Бийлик ушунча жыл аралыгында мамлекеттик тилди үйрөндүбү?" деген собол салды.

ТУРСУНБЕКОВ: "Бийлик кыргыз тилин үйрөнүшү үчүн иш-аракеттер жүрүп жатат, жыйынтыгын берүүдө деген ишеничтемин"

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун айтымында, бул багытта бир катар иш-аракеттер жүрүп жатат.

"Бийлик акыркы жылдары атайын алты жылдык программа кабыл алып, ошонун негизинде кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатат. Бул үчүн жаран мамлекеттик тилди билсе мамлекеттик кызматта иштей алат деген мыйзам кабыл алынды. Анын негизинде Кыргызтест түзүлдү. Кыргызтесттен ал адам мамлекеттик тилди А, Б, В деп бөлүнгөн деңгээлдердин кайсынысына ылайык билсе, ошондой сертификат берилет. Ошол сертификатка карата бул тигил же бул кызматка иштей алат деген систем түзүлдү. Мен ошол жумушчу топтун башчысы катары айтам, программа иштеп жатат, аны ишке ашырууга каражат дагы бар, жылыштар болууда. Тиешелүү тил комиссиясы ар бир министрликке барып, анализин жасап, иш кагаздар канчалык пайызда мамлекеттик тилде жүрүп жатат деп көзөмөл жүргүзүп жатышат. Анын жыйынтыгы президенттен тартып бардык жетекчилерге берилет. Бул аракеттер өзүнүн жыйынтыгын бере баштады деген ишенимдемин", - деди ал.

ИМАНАЛИЕВ: "Орусияда өсүп жаткан кыргыз балдардын эне тилди кошо үйрөнүүсүнө кам көрүшүбүз керек"

Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жооп берип, тез аранын ичинде жөнгө сала турган бир катар жагдайлар бар экенине токтолду.

"Биз ойлогондой деңгээлде өнүккөн жок, бирок отуз жыл ичинде коомдук карым-катыштын, саясаттын, кандайдыр бир деңгээлде мыйзам чыгаруу органынын жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды. Тил көп убакытты талап кылат, Европада адабий тилдин пайда болушу үчүн 3-4 кылым кеткен, Орусияда бир кылым кеткен. Бирок биз азыркы кыйынчылыктарга шылтоо кылбай, бардык башкаруу органдары документалдык иштерди кыргыз тилинде толтурушу керек.

Башка да көйгөйлөр бар, биринчиден, биз мектеп программасына жаңы методиканы киргизе алган жокпуз, экинчиден, Орусияда өсүп жаткан кыргыз балдардын кыргыз тилди кошо үйрөнүшүнө кам көрүшүбүз керек. Үчүнчүдөн, балдар китеп окубай калышты, баары мультфильм көрүшөт. Эне тил деп бекеринен айтпайт да, аны кичинекей чагынан тартып үйрөтүш керек. Ошон үчүн балдар көргөн мультфильмдердин ылайыктуу, көрүмдүүлөрүн кыргыз тилине которуп беребизби, айтор, ушул жагдайларды тез жөнгө салбасак кечигип калабыз", - деди Иманалиев.

МУСАЕВ: "Кыргыз тилинин мыйзамда жазылгандай өнүкпөй жатышына биз кыргыздар өзүбүз жана бийлик күнөөлүү"

Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев кыргыз тили жөнүндөгү мыйзам анда жазылгандай, эл күткөндөй өнүкпөй жатат деген пикирин айтты.

"Албетте, бул мыйзам кабыл алынгандан бери бир топ иштер жасалды. Бирок биз ойлогондой, эл күткөндөй, мыйзамда көрсөтүлгөндөй болбой жатат. Эң биринчи кезекте мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын ушундай начар темп менен ишке ашып жатышына биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Кыргыздар күнөөлүү. Кыргыздар өздөрү сүйлөбөй жатат, өздөрү балдарын сүйлөтпөй жатат. Андан кийин бийлик күнөөлүү, президенттен ылдыйкы катмар, өзгөчө ортоңку катмар, космополиттер чогулуп алган, алар кыргыз тилинде сүйлөбөй, кагазды кыргызча толтура албай жатышат. Ошондуктан бийлик мамлекеттик тилди үйрөнө албай койду деп айтам, үйрөнгөндү каалабай, моюну жар бербей жатат. Ага караганда цирктеги маймылдар деле бир нерсени үйрөнүп алып жатат. Өзгөчө ортоңку звенонун кызматкерлери, министрлер баш болуп эне тилде сүйлөбөй жатышат, ошондон улам тилибиз ушундай абалда турат", - деди Мусаев.

ИШЕКЕЕВ: "Кыргыз тили боюнча мыйзам кабыл алынганга чейин кыргыз тили Ак Үйдүн босогосунан кире алчу эмес"

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин айтымында, кыргыз тили бул убакыт аралыгында жакшы деңгээлге чыга алды.

"Албетте, бийлик кыргыз тилин үйрөнүп жатат, буюрса жылыштар бар. Мыйзам кабыл алынган жылдарда, ага чейинки жылдарда кыргыз тили Ак Үйдүн босогосунан кире алган эмес. Бир гана тил үстөмдүк кылчу. Ошол мезгилде кырдаалды түшүнгөн Чыңгыз Айтматов Фрунзе шаарында болгон ири илимий конференцияга кыргыз тилин жана башка улуттардын тилдерин ойлонуп, сарсанаа чегип, лингвизм маселесин сунуш кылган. Бул да биздин тилдин тоталитардык коомдо жок болуп кетпөөсүнө шарт түзгөн.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин анын макамы эң алдыңкы планга чыкты. 30 жыл ичинде биз каалагандай, биз самагандай, күткөндөй ийгиликтер болгон жок. Тилди коомдон бөлүп кароо түк мүмкүн эмес. Мамлекетте болуп өткөн саясий, экономикалык оор-кыйыштар тилге чагылды.

"2014-2020-жылдарда Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү" деген улуттук программа кабыл алынган. Анын алкагында биз тилдерди үйрөтүүнүн эл аралык стандартынын мейкиндигине кирдик. Эми тилек кылып жатабыз, кийинки жылы мектеп бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөдөн кайсы тилдеги мектепти аяктагандыгына карабастан, кыргыз тили жана адабияты деген предметтен да тест тапшырат. Мындан тышкары, кыргыз тили жөнүндөгү токтомдун негизинде мамлекеттик кызматкерлер документтерди кыргыз тилинде жүргүзө алам деген сертификаттарды ала башташат. Быйыл Жогорку Кеңеш өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга ылайык, эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштей турган жарандар кыргыз тилинде сүйлөп да, жаза да ала тургандыгы боюнча сертификат алат. Бул мэр болом дегендерге да тийиштүү.

Эң башкысы тилдин ээси эл, жапа тырмак тилге кызмат кылбасак, иш алдыга жылбайт. Эч ким бул маселеде байкоочу болбошу керек", - деди Ишекеев.

ТУРДУМАМАТОВ: "Тилди өнүктүрүү бир гана бийликтин иши эмес, ага жалпы журт аракеттениши шарт"

Суроого жооп берген журналист Алмас Турдумаматов тилди өнүктүрүү үчүн жалпы журт биргеликте аракет көрүшү керек деген пикирде.

"Бийликтегилердин көбү кыргыздар, кыргыз тилдүү эле жарандар болгону менен, өлкөбүздө азыркыга чейин мыйзамдар орус тилинде жазылып, андан кийин мамлекеттик тилге которулат. Негизи кыргыз тилге суроо-талап төмөн. Бийлик гана эмес, жөн жарандарыбыз деле кыргыз тилде жарытып сүйлөбөй келебиз. Кыргыз тилин гана билген кишинин жумушка орношусу дагы деле кыйын бойдон калууда. Өзгөчө Бишкек шаарында. Ошол эле учурда орус тилин гана билсең жумушка орношуу жеңилирээк.

Тилди өнүктүрүү бул бир гана бийликтин иши эмес деп ойлойм. Ага жалпы журт аракеттениши шарт. Бир жолу манасчылардан "мурункудай айлап дастан айткан манасчылар барбы?" деп сурап калышты. Ошондо "андай манасчылар бар, болгону мурункудай болуп айлап уккан күйөрмандар болсо, сүрөгөндөр болсо сөзсүз чыгат" деп жооп беришти эле. Тил деле ошондой", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан