Жакында президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барып, "эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот, мурдагыдай көмүскөдө болбойт" деген пикирин айткан. Бирок Биринчи Май райондук соту, Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында жабык караган.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков " эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот" деди. Анда эмне үчүн Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы прессанын катышуусуз УКМКда каралып жатат?" деген собол салды.
ОСМОНАЛИЕВ: "Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден бери системдүү түрдө соттордун ачык-айкындуулугу, адилеттүүлүгү жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып жатат"
Экс-депутат Каныбек Осмоналиев Жогорку Соттун төрайымы баш болгон Жогорку Соттун коллегиясы катуу бир силкинип, тыянак чыгарбаса болбой калганын айтты."Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден бери системдүү түрдө соттордун ачык-айкындуулугу, адилеттүүлүгү жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып келе жатат. Биринчи старт 2018-жылы февраль айында берилди. Бирок аткарылышы аксап жаткан. Мен кээде сот системи атайын саботаж кылып жатышабы деп ойлоп кетип жатам. Атамбаев боюнча ишти ачык жүргүзсө болмок. 21-августта Өмүрбек Текебаевдин, Дүйшөнкул Чотоновдун иштери боюнча Жогорку Соттун отурумун көрүп таң калдым. Эмнеге соттордун жүздөрүн көрсөтүүгө тыюу салынууда? Эски стереотипте президенттин талабына шайкеш келе турган ишти жасабай жатышат. Демек, соттордун өздөрүнүн айыптары бар окшойт деген ой жаралууда. Азыр жаңы кодекстер, президенттин позициясы ачык-айкындуулукка жол берип турат. Эл дагы ошону талап кылып жатат. Бул актуалдуу маселе. Менин оюмча, Жогорку Соттун төрайымы баш болгон Жогорку Соттун коллегиясы катуу бир силкинип, тыянак чыгарбаса болбой калды окшойт", - дейт Осмоналиев.
ТУРДУКУЛОВ: "Саясий өңүттөгү соттук процесстер көптөгөн процессуалдык ченемдерди бузуу менен өтүп жатат"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Сооронбай Жээнбеков мурдагы президенттер берген убадаларды эле берип жатат деген пикирде.
"Биз дайыма эле бийликтин соттук процесстер ачык болот, соттор адилеттүү чечим чыгарат деген убадаларын угуп келе жатабыз. Сооронбай Жээнбеков мурдагы президенттер кандай убада кылса, ошону улантып жатат. Атамбаевдин же башка саясий соттук процесстер көптөгөн процессуалдык ченемдерди бузуу менен өтүп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Соттук отурумдарда журналисттерди киргизбей, сот ачык болбой жатканы баарыбызга белгилүү. Соттордо камералар коюлган, бирок ал камералардан видео алууга мүмкүнчүлүк жок", - дейт Турдукулов.
ТОКТАКУНОВА: "Баш коргоо чарасы УКМКда өткөнү мыйзам бузуу болуп эсептелбейт"
Юрист Таалайгүл Токтакунова белгилегендей, мыйзам боюнча баш коргоо чарасы жабык өтүшү керек.
"Жарандык процесстик кодексте көрсөтүлүп тургандай, соттук процесстер ачык өтүп, баш коргоо чарасы жабык каралышы керек. Соттордун баш коргоо чарасын ачык караганга укугу жок. Ошондуктан жабык түрүндө каралып жатат. Баш коргоо чара УКМКда өтөбү же соттун имаратында өткөрүлөбү жабык каралат. УКМКда өтүп жатканы мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Коомдук коопсуздук үчүн УКМКда өткөрүлүшү мүмкүн", - дейт Токтакунова.
ИСАКОВ: "Соттор ачык-айкын өтсө, Атамбаев көп чындыкты ачык айтмак"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков Алмазбек Атамбаев жакынкы тарыхтагы көптөгөн окуяларга күбө, коомго жабык болуп келген сырлар ачык айтылууга тийиш деген пикирде.
"Сооронбай Жээнбековдун "эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот" деген сөзүнө ишене бергидей, президент ар бир берген убадасын такай аткарып жатабы? Алмазбек Атамбаев жакынкы тарыхтагы көптөгөн окуяларга күбө, коомго жабык болуп келген сырлар ачык айтылууга тийиш. Атамбаевдин мүнөзү ачык киши. Соттор ачык-айкын өтсө, ал көп чындыкты ачык айтмак. Курсан Асановдун Атамбаевди тирүү туткунга алуусу көпчүлүгүнүн планын бузгандай", - дейт Гүлжигит Исаков.
БУЛАТОВ: "Сот реформасы жүргөн жок"
Укук коргоочу Качкын Булатовдун айтымында, көпчүлүк эл сот реформасы жүрбөй жатат деген ойдо. "Президент соттук процесстер ачык болот деп айтып жатат. Бирок Жогорку Сотто Атамбаевдин убагындагыдай эле коррупцияга малынган, мыйзамды бузганга шектелгендер иштеп жатат. Эч кандай реформа жүргөн жок. Кантип соттор иштерди калыс карап жатат деп айта алабыз? Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди бошотушкан жок. Ак Үйдүн буйрутмасы болуп жаткандай эле сезилип жатат", - дейт Качкын Булатов.