КҮНСОБОЛ: Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин Сооронбай Жээнбеков өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат деди. Президент дагы кандай саясий чечимдерди кабыл алууда кечигип жатат?

Өткөн айда Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында уран кенин казууга каршы жарандар бир нече жолу митингге чыгышты. Ушул өңдүү митингдерден кийин гана Жогорку Кеңеште атайын жыйын өтүп, андан соң өкмөттүн жообу берилген. Бирок өлкө башчы үн ката элек болчу.

4-май күнү президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда "Кыргыз өлкөсүндө уран казылбайт" деди. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кечигип үн катты деген сынды жаратты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин Сооронбай Жээнбеков өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат деди. Президент дагы кандай саясий чечимдерди кабыл алууда кечигип жатат?" деген собол салды.

САСЫКБАЕВА: "Президент резонанстуу маселелерде дароо пикирин, позициясын билдириши керек"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаеванын пикиринде, коомдогу резонанстуу окуяларга президенттин өз учурунда пикирин айтпагандыгы, калк арасында президент элге каршыбы деген сөздүн тарашына себеп болууда.

"Негизи президент резонанстуу маселелерге дароо жооп кылып, өзүнүн позициясын, пикирин айтып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүү таратышы керек. Антпесе президент эмнеге өз пикирин айтпайт, элге каршыбы деген коомчулуктун суроосу жаралып жатат. Мисалы, саясий туткундарга көңүл буруп, оюн билдирген эмес, ал эми уран боюнча да өз учурунда пикирин айткан жок деп айта алам. Менимче мындай нерселерге президент дароо жооп айтып турушу керек", - деди Сасыкбаева.

КЕЛДИБАЕВ: “Президент уран кени боюнча оюн айтпаса деле, уран казылбай турганы баарыбызга белгилүү болчу”

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев белгилегендей, азыркы Конституцияга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары чектелип калган.

“Ошондуктан президент бул жерден өзүнүн демилгеси менен кайсы бир иштерди аткарганга Конституция жол бербейт. Ал өзүнүн ойлорун, пикирлерин билдириши мүмкүн. Парламенттик башкаруу мыйзамына ылайык, ыйгарым укуктун баары өкмөттө. Президенттин эч убакта өкмөттүн ишине киришкенге укугу жок, ал уран кенин казуу боюнча элдин пикирин карап көрүп, өзүнүн оюн билдирди. Кендин казылбашына президенттин көзү жетти. Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков уран кени боюнча оюн айтпаса деле, уран казылбай турганы баарыбызга белгилүү болчу”, - дейт Келдибаев.

ЧОЛПОНБАЕВ: “Президент конституциялык реформа жүргүзүүдө кечеңдеп жатат”

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев өлкөдө 3 чоң маселе турат, президент аларды чечпегендиктен башка иштер да кечеңдөөдө деген пикирин айтты.

"Президент өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат" деп айтты. Бул көпчүлүктүн басымы менен болгон иш. Коомдун өнүгүшүнө, республиканын алдыга жылышына чоң тоскоол болуп жаткан 3 көйгөй бар. Биринчиси - бул коррупция. Коррупцияга каршы күрөшүүдө президент коррупционерлердин өздөрүнө таянып жатат. Анткени алар сотто, прокуратурада жана укук коргоо органдарында отурушат. Элден жардам болбой жатат. Элдин талаптары, көрсөткөндөрү, мен жогоруда айткандай адамдар отурганына байланыштуу толук кандуу бийликке жетпей жатат. Эл менен бийлик биригип иш алып барып жатат деген ойдон алысмын.

Экинчи көйгөй, өкмөт өзүнүн саясий экономикалык программасы менен келген жок. Даяр программалары менен келип иштесе болот эле да. Алардын ичинде көп адамдар үйрөнүп кетебиз деп жүрүшөт. Башкаруу системине даярдыгы жок адам келип, үйрөнүп кетет деп айтканы туура эмес.

Үчүнчүсү - эң негизгиси бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасын мамлекет катары, Кыргыз элин эл катары жок кылып жибергенге багытталган, батыштан таңууланган либералдык демократияга таянган азыркы Конституциябыз. Демек, бул коомдук-саясий систем. Тез аранын ичинде ушул коомдук-саясий системдин кайсы жеринде кемчиликтери бар, аны кантип жоюу керектигин карай турган атайын мамлекеттик конституциялык реформа жүргүзө турган комиссия түзүү керек. Ошондо элде кандайдыр бир деңгээлде ишеним пайда болот эле. Бул 3 чоң маселеден улам башка иштери кечигип жатат. Президент эң башкысы конституциялык реформа жүргүзүүдө кечеңдөөдө", - дейт Чолпонбаев.

КАДЫРБЕКОВ: “Президент ар нерсеге кирише бербей, өзүнүн жеке ишин аткарса жакшы болмок”

Саясат таануучу Даниел Кадырбековдун айтымында, уран маселеси президент чече турган маселе эмес.

"Уран өкмөттүн карамагындагы маселе. Президент чече турган 2 эле түз маселе бар: сот системин жана күч органдарын реформалоо. Учурда бул 2 багытта тең жыйынтык жок, коррупцияга малынган бойдон турат. Президент ар нерсеге кирише бербей, өзүнүн жеке ишин аткарса жакшы болмок", - деди Кадырбеков.

КАЧКЫНБАЕВ: “Президенттин уран боюнча билдирүүсү кечикти деп ойлобойм”

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев президенттин уран боюнча билдирүүсү кечикти деп ойлобой турганын айтты.

“Парламент токтом кабыл алгандан кийин президент да аны бышыктап берди. Менин оюмча, нормалдуу эле болду”, - деди Качкынбаев.

ТОКТАКУНОВ: “Президент саясий упай жоготорун түшүнгөндөн кийин гана уран боюнча үн катты”

Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков уран маселеси боюнча билдирүү жасар алдында өтө көп күттү.

“Ал чуу чыкканда дароо билдирүү жасашы керек эле. Тиешелүү мекемелерден маалыматты сурап, мыйзамды карап, билдирүү жасаса болмок. Бирок ал күтүп жатты. Шамал каякка үйлөп жатканын жана коомдун маанайын байкап, саясий упай жоготорун түшүнгөндөн кийин гана үн катты”, - деди Токтакунов.

ТОКТОНАСЫРОВ: “Президент уран кенин казуу боюнча коомчулуктун пикирин эске алып, жөн эле элди сооротуп жатат”

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров билдиргендей, Жогорку Кеңеш уран боюнча кабыл алган токтом эч кандай роль ойнобойт.

“Президент уран кенин казуу боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жөн эле элди сооротуп жатат. Жогорку Кеңеш уран боюнча кабыл алган токтом эч кандай роль ойнобойт. Бул боюнча мыйзамдаштырыш керек. Депутаттар сунуштап жаткан мыйзам долбоорун президент тезинен көмөктөшүп, парламентте кабыл алынышы зарыл. Элдин баары сүйүнчүлөп эле Сооронбай Жээнбековдун пикиринен кийин ыраазычылык билдирип жатат. Биз Кыргыз мамлекетинде уран казууга биротоло тыюу салынат деген расмий кагаз болбосо ишенбейбиз”, – дейт Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан