КҮНСОБОЛ: Кадыркулов тендер чуусунун айынан кызматтан кетти. Жетекчисинин отставкага кетүүсү менен УКМКда адилеттүүлүк орнойт деп күтүүгө болобу?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов бүгүн, 15-майда кызматынан кетти. Ал мындай чечимди кабыл алганын учурдагы паспорт чуусуна байланыштырган. "Паспорт тендери боюнча териштирүү иштеринде менин кызыкчылыгым бар деген талкуулар кызуу жүрүп жатат. Бул кырдаалды эске алуу менен тергөөдө эч кандай кызыкчылыгым жок экендигин көрсөтүү үчүн кызматтан кетүүнү чечтим", - деген ал билдирүүсүндө.

УКМКнын ишмердүүлүгүнө карата бир катар сын-пикирлер айтылып, укук коргоочулар анын төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кадыркулов тендер чуусунун айынан кызматтан кетти. Жетекчисинин отставкага кетүүсү менен УКМКда адилеттүүлүк орнойт деп күтүүгө болобу?" деген собол салды.

ЗУЛПУКАРОВ: “Биз бардык жерде адилеттүүлүк болсун деп аракет кылып жүрөбүз”

Депутат Төрөбай Зулпукаров белгилегендей, Идрис Кадыркулов тендер чуусунда аты аталып калган үчүн өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.

“Биз бардык жерде адилеттүүлүк болсун деп аракет кылып жүрөбүз. Кадыркуловдун тендер чуусуна тиешеси жок же тиешелүү деп бир гана соттун чечими чыкканда айта алабыз. Ал өзүнүн отставкага кетишинин негизги себебин аты аталып калган үчүн өз каалоосу менен кызматтан баш тартып жатканы менен түшүндүрдү. Биз адилеттүүлүктүн орношуна аракет кылышыбыз керек”, - дейт Зулпукаров.

БЕКЕШЕВ: “УКМКда коррупцияга каршы күрөшкөн орган болбош керек”

Депутат Дастан Бекешев УКМК терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иш алып барышы керек деген пикирде.

“Кайсы киши келбесин эч нерсе өзгөрбөйт. Бул жерде системди башкача түзүү зарыл. Коррупцияга каршы күрөшкөн орган УКМКда болбош керек. Ал өзүнчө болушу шарт. УКМК терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иш алып барганы оң”, - дейт Бекешев.

БААТЫРБЕКОВ: “Идрис Кадыркулов мамлекеттик кызматка жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыгын көрсөттү”

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековдун пикиринде, Кадыркулов мындай кадам менен мамлекеттик кызматка жоопкерчиликтүү мамиле жасаганын көрсөттү.

“Идрис Кадыркулов боюнча айта турган болсом биринчиден, отставкага кетүүсүнө тендер чуусу, ал окуяда анын аты чыгып калгандыгы болду. Кадыркуловдун “кызыкчылык болгон эмес, бирок жолукканым чын” деп моюнуна алып, отставкага кеткени бул мамлекеттик жооптуу кызматка жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыгынын белгиси.
Ал эми адилеттүүлүк жөнүндө айта турган болсок, жетекчи кетеби же кетпейби адилеттүүлүк сөзсүз түрдө болушу керек. Бул кызматка татыктуу эле адам келет деген ишеничтемин”, - дейт Баатырбеков.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Адамдардын алмашуусу менен адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук орнойт деп айтуу оорураак”

Экс-депутат Равшан Жээнбеков коомчулук реформаларды талап кылышы керектигин айтты.

“Адамдардын алмашуусу менен адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук орнойт деп айтуу оорураак. Албетте, андай учурлар болгон. Бирок көпчүлүк учурларда болбой калат. Мисалы, Аскар Акаевдин ордуна Курманбек Бакиев, Бакиевдин ордуна Алмазбек Атамбаев, Атамбаевдин ордуна Сооронбай Жээнбеков президент болду. Андан адилеттүүлүк, мыйзамдуулук өнүгүп кетти деп айтууга болбойт да. Ошондуктан адам алмашкандан өзгөрүү болот дебестен, колубуздан келишинче УКМКнын иштөө ыкмаларынын системин өзгөрткөнгө аракет кылуу шарт. УКМКны чыныгы реформаларды жасаганга алып келсек анда мыйзамдуулук, адилеттүүлүк азыркыга караганда бир топ өзгөрөт. Ошондуктан коомчулук реформаларды талап кылышы керек”, - дейт Жээнбеков.

МАМЫТКАНОВ: “Мыйзам бир адамга байланбайт, УКМКга ким келип кетпесин мыйзам иштей берет”

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов УКМКдагы мыйзамдуулук төрагасына байланыштуу эмес деген пикирде.

“Идрис Кадыркулов кетип мыйзамдуулук бузулдубу? Бул кызматка кайсы жетекчи келбесин же ал кызматтан кетпесин мыйзам иштей берет. Мыйзам кимдир бирөөгө байланган эмес. Мисалы, буга чейин өлкөнү башкарган Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетти, мыйзамдар иштеп жатат, иштей берет”, - дейт Мамытканов.

МЕДЕТБЕКОВ: “УКМКга келе турган башчы ошол тармакты жакшы түшүнгөн, мыйзамдуу иштерди жүргүзгөн адис болушу керек”

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун айтымында, УКМКга мыйзамдуу иштерди жүргүзгөн адис келсе, ал кыргыз элинин коопсуздугун камсыздоого бардык иш-аракеттерин жумшайт.

“Идрис Кадыркуловдун өз ыктыяры менен отставкага кеткени өзүнүн иши. Бүгүнкү күндө Кыргыз тарыхында өз ыктыяры менен кызматтан кеткендер сейрек кездешет. Анын кызматтан кетишин саясатка айландыруунун кереги жок деп ойлойм. Себебин коомчулук дагы билбейт. Так маалымат болбосо анын себебин айтуу кыйын. Келечекте УКМКга келе турган башчы ошол тармакты жакшы түшүнгөн адис болушу керек деп эсептейм. Мыйзамдуу иштерди жүргүзө турган адис келсе милдеттүү түрдө мыйзамдуу иштегенге, Кыргыз элинин коопсуздугун сактоого бардык иш-аракеттерин жумшайт деген ойдомун”, - дейт Медетбеков.

Ресторан, тендер, паспорт...УКМКнын төрагасы кызматтан кетти
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан