Бүгүн, 27-декабрда Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырды. Ошону менен катар эле ал "Ата Мекен" партиясынан чыгып жатканын дагы айтты. Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам ушундай чечимге келгенин белгиледи. Ал партиядан кетүүгө мажбур экенин кошо кошумчалаган. Фракция лидерлигине Айсулуу Мамашова шайланды.
SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырып, партиядан чыга турганын жарыя кылды. Аны менен кошо партиядан Болот Шер, Ташболот Балтабаев өңдүү 4 саясатчы да кеткени маалым болду. Муну парламенттик кризис жаралды, эртеңки парламенттик шайлоо жарышына старт берилди деп кабыл алуу керекпи?" деген собол салды.
КАРАШЕВ: "Шыкмаматов мандатын тапшырганы партиянын ичинде болуп жаткан окуя"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев муну парламенттик кризис деп айтууга болбой турганын билдирди.
"Бул нерсени парламенттик кризис же парламенттик шайлоо жарышына старт берилди деп кабыл албайт элем. Фракциянын, партиянын ичинде болуп жаткан окуя. Алмамбет Шыкмаматов партияда эмгеги сиңген адам. Ал фракциянын лидери болгон. Анын өзүнүн орду бар. Ич ара кандай болгонун билбейм, маалыматым жок. Бул партиянын өздөрүнүн иши, жашоодо ар кандай болот экен. Мүмкүн түшүнбөстүктөр болгон", - дейт Аалы Карашев.
СУЛАЙМАНОВ: "Партиядан же фракциядан келип кете беришет, ал эми парламенттин иши улана берет"
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин иши улана бере турганын айтты.
"Бир мандат менен парламенттик кризис болуп калбайт. Бул бир фракциянын ичиндеги иш-чара десек болот. Партиядан же фракциядан келип кете беришет. Ал эми парламенттин иши улана берет", - дейт Сулайманов.
ОРМОНОВ: "Бул партиянын ичиндеги тирешүү"
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов бул парламенттик кризис эместигин айтты.
"Менин оюмча, бул партиянын ичиндеги өздөрүнүн бири-бирине болгон мамилеси, бири-бирине болгон тирешүүсү. Мындай көрүнүштү мандат талашуу деп ойлойм. Парламенттик кризиске, шайлоо жарышына старт берилгенге же башкага тиешеси жок. Бул партиянын ичиндеги өз ара тиреш. Шыкмаматов "өзүмө бирөөнү пир тутуп алыптырмын" деп айткан сөзү жетиштүү болсо керек", - дейт Ормонов.
КЕЛДИБЕКОВ: "Шыкмаматов мандатын тапшырып, партиядан чыга турганын жарыялаганы парламенттик эмес, партиялык кризис"
Саясатчы Ахматбек Келдибеков бул партиянын ичиндеги кризис деп эсептей турганын билдирди.
"Алардын ортолорунда кандай сөз болгонун билбейм. Текебаевдин бүгүнкү берип жаткан интервьюларына көз карашым бар. Атамбаевдин убагында бийликти узурпациялоого шарт түзүп берген Текебаев болуп эсептелет. Канча адамдарды камоодо, канча адамдарды премьерликтен кетирип жатканда, Конституцияда тышкы саясат боюнча президенттин укугу жок болсо да мыйзам менен кабыл алып берген. Бүгүнкү күнү ал башкача сүйлөп жатат. Ушунун бардыгы партиянын, саясатчылардын ичиндеги келишпестикке алып келгени факт. Менин кылмыш ишим каралып жатканда УКМК тараптан камай албайбыз деген маалым кат бар болсо да, ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова Текебаевдин кабинетине мага карата токулган иштерди алып барганын уккам. Ал 2 апта Текебаевдин кабинетинде жүрүп, Атамбаевге кирип мени каматканын далилдүү түрдө айта алам. Бул нерсе кийин өзүнүн башына түшкөндөн кийин сын айтып, эки жүздүүлүк кылып жатканын партиялаштары туура эмес деп айтса керек. Бул парламенттик эмес, партиялык кризис", - дейт Келдибеков.
САСЫКБАЕВА: "Бул жерде парламенттик кризис жок"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева бул жерде эч кандай кризис жок деген оюн айтты.
"Муну парламенттик кризис деп айтууга болбойт. Залакасы тийбейт. Лидер өз ыктыяры менен арыз жазып кетти. Бул фракцияга жана партияга эле тиешелүү нерсе. Анын ордуна депутаттар Айсулуу Мамашованы лидер кылып шайлап алышты. Убакыттын талабына жараша жаш лидер шайланды. Ал жакшы иштеп берет деп ойлойм", - дейт Сасыкбаева.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Муну парламенттик кризис деп айтканга болбойт"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев бул парламенттик кризис эмес деген пикирде.
"Фракциянын жетекчилигинен кеткен бул биринчи окуя эмес да. Мындай окуялар көп болот. Анын ордуна башка фракция лидери шайланып, чыгып кеткен депутаттын ордуна башкасы келет. Фракция өзүнүн ишин уланта берет. Бул нерсени парламенттик кризис деп айтыш кыйын. Парламенттеги депутаттардын саны аз фракциянын ичиндеги болуп жаткан кризис", - дейт Дүйшөбаев.
Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, саясатчы Камчыбек Ташиев, коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Мукар Чолпонбаев комментарий бергенден баш тартышты.