КҮНСОБОЛ: Канткенде өлкөдө соттор көз карандысыздыкка жетип, адилеттүү иштей баштайт? (толукталды)

2010-жылдан бери ар бир президент негизги милдети катары сот реформасын ишке ашыруу керектигин айтып келет. Сооронбай Жээнбеков моюнунда бул милдет бар экенин эске салды. Эмне үчүн ал реформа ишке ашпай жатат? SUPER.KG порталы "Канткенде өлкөдө соттор көз карандысыздыкка жетип, адилеттүү иштей башташат?" деген собол салды.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Соттордо адилеттүүлүк болбосо эч кандай реформа алдыга жылбайт"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев соттор адилеттүү иштеш үчүн саясий чечим керек деген пикирде.

"Эч бир бийлик бутагынын өкүлү соттун ишине кийлигишпеши керек. Бирөөнүн кийлигишүүсү менен чыккан соттун чечими аёосуз күчөтүлгөн жоопкерчилик менен каралышы зарыл. Өмүр бою ушул кесипке жолобой тургандай кылып жоопкерчиликке тартуу шарт.

Эң башкы маселе - сотко ишеним пайда болуш үчүн аткаминерлер өздөрүнөн баштап, сот бийлигине кийгилишпеши абзел. Соттордун жоопкерчилиги күчөтүлүп, баскан-турганынан бери изилдеп карап туруу зарыл. Соттордун адилеттүүлүгүнө күмөн санаганда эле кызматтан кетире тургандай мүмкүнчүлүк болуш керек. Соттордо адилеттүүлүк болбосо эч кандай реформа алдыга жылбайт", - деди Жээнчороев.

СООРОНКУЛОВА: "Соттор үчүн шарттардын бардыгы түзүлгөн, бирок сот адилеттүүлүгү оңолбой жатат"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сот реформасы үчүн эч нерсе жасалган жок дегенден алыс экенин айтты.

"Сот реформасы үчүн мамлекет кандайдыр бир аракеттерин жумшап жатат. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Сотторду каржылоо, жабдык менен камсыз кылуу жагынан жылыштар бар деп айтсак болот. Айлыктары көбөйүп, жаңы имараттар курулууда. Адилеттүү иштөө үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Сот реформасынын негизги көрсөткүчү - бул элдин ишениминин өсүшү болуп саналат. Бирок ишенимдин деңгээли азыркы күндө абдан эле төмөн. Аны баарыбыз эле байкап турабыз. Ошондуктан негизги көйгөй соттордун өздөрүндө болууда.

Мурда соттордун айлыгы аз, жаман шарттарда иштейт деп айтылып келген. Азыркы учурда шарттардын баары түзүлгөн. Бирок сот адилеттүүлүгү жана мыйзамдуулук оңолбой жатат. Негизги көйгөй соттордун өздөрүндө. Демек, сотторду тандоо процедурасын өзгөртүш керек. Бүгүнкү күндө кемчиликтер абдан көп, мисалы, кесипкөйлүгүн текшерип, ошол жагына көңүл бурулуп жатат. Биринчи моралдык сапаттары текшерилиши зарыл. Башка мамлекеттик кызматтагыларга салыштырмалуу соттун моралдык сапаттары жогорку деңгээлде болуусу шарт. Моралдык сапаттарын, абийирдүүлүгүн текшере турган процедура, механизм жок. Соттор өздөрү көз каранды эмес болгусу келбейт. Өздөрү мыйзамдагы кепилдиктерди пайдаланышпайт. Соттордун иштерине бирөө кийлигишип жаткан болсо, кылмыш жана жаза жоопкерчилиги бар. Бирок сотторго басым болуп жатса дагы кайрылышпайт. Сот системин тазалаш керек. Бошогон орундарга келе турган сотторго талаптарды күчөтүү зарыл", - деди Сооронкулова.

ТОКТОСУНОВ: "Учурдагы соттордо көз карандысыздык жок"

Юрист Шарабидин Токтосуновдун айтымында, судья кызматына таза адамдар келгенде сот тармагы көз карандысыз болууга багыт алат.

"Соттор мыйзамга таянып мыйзамдын негизинде иш алып барганда, ар бир соттун кетирген мыйзам бузуусуна тийиштүү жаза берилгенде адилеттүү иштеп башташат. Ал эми ошол сотторго жаза берүүчү тартип комиссиясы соттордон жана эски соттордон түзүлбөшү керек. Тартип комиссиясы адвокаттардан, коомдук эмес уюмдардан түзүлүшү керек. Мындай жолго барбаса “карга карганын көзүн чукубайт” деп эле мыйзам бузганын көрсөтүп жатсаң деле чара көрүшпөйт. Учурда бийликке ыңгайсыз болгон соттор гана жаза алууда, чыныгы мыйзам бузгандар жазаланбай жатат.

Биз эски соттор менен эч кандай көз карандысыздыкка жете албайбыз, себеби алардын баары мыйзам бузуу фактыларына дуушар болгон, өздөрү мыйзам бузган адамдар. Ушундай адамдардын тартип комиссиясына койсо мыйзамды оңдойбу, менин көзүм жетпейт. Учурдагы соттордо деле көз карандысыздык жок, баары эле көз каранды", - деди Токтосунов.

ТУРДУКУЛОВ: "Сот бийлиги - өлкөдө адилеттүүлүк бар же жоктугун көрсөткөн бутак"

Жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, сот реформасынын жүрүшүнө бардыгы кызыкдар болушу керек.

"Сот бийлигинин көз карандысыздыгына жетүү комплекстүү жана башынан баштап карай турган маселе. Бул маселени чечүүдө жеке эле президент эмес, башка бийлик бутактары, коомчулук, жалпы элибиз кызыкдар болбосо, маселени чечүү кыйынга турат.

Сот бийлиги - бийлик бутактарынын негизгиси, себеби өлкөдө адилеттүүлүк барбы же жокпу деген суроого жооп берчү бийлик бутагы. Ошондуктан формалдуу юридикалык өзгөртүүлөрдү киргизүү менен көз карандысыздыкка жетүү маселеси чечилбейт. Бир гана соттук системди өзгөртүү менен да маселе чечилбейт, сотко чейинки иштерди аткара турган УКМК жана Башкы прокуратуранын ишин ачык, так, адилеттүү кылыш керек.

Ошондой эле соттордун айлык акысын көтөрүүнү, соттордун чыгымдарын текшерүүнү да колго алыш керек жана ачык өткөн соттук отурумдарды онлайн режиминде кылуу керек. Сотторду тандоодо дагы тааныш-билиш эмес, адилет сотторду тандоо керек. Мыйзамсыз чечимдерди чыгарып келген соттор кайра тандалбашы керек. Башынан баштап, сотторун өзүндөгү жоопкерчиликти күчөтүп, тартипти бекемдебесе кандай өзгөртүү болсо да реформа жүрбөйт", - деди Турдукулов.

ОСМОНАЛИЕВ: “Президенттин тапшырмасынан кийин сот тармагында өзгөрүүлөр болууда”

Юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев сот реформасын ишке ашыруу үчүн адегенде сотторду тандоо кеңешинин ишине өзгөртүү киргизүү керек деген пикирде.

“Мен бул маселеге Италиянын практикасын мисалга тартат элем. Италиянын мурунку премьер-министри Сильвио Берлускони эки жолу соттолгон. Анткени ал жакта сот тандоо таптакыр башка. Тагыраагы сотторду тандоого адвокаттар, прокурорлор жана Италиядагы белгилүү окуу жайлардагы юридикалык илимдин докторлору, профессорлор катышат. А бизде андай эмес. 2010-жылы президент бир катар сот болууга талапкер болгондорго 2 деген баа койгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков сот адилеттигин орнотуу жана реформалоону тездетүү боюнча тапшырма бергенден бери бир катар жакшы иштер жасалып жатат. Мыйзамды одоно бузган соттор кызматтан алынып жатат. Мына жакында эле судьяларга эскертүү же сөгүш берүү боюнча тартиптик комиссия Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп иштеп келген Эльвира Жаркееваны кызматтан алуу боюнча сунуш бергенден кийин ал кызматынан алынды. Анткени ал бир топ мыйзам бузууларга жол бергени белгилүү болду.

Мындан сырткары көзү азиз активист Темирлан Ормуковдун иши боюнча Жогорку Соттогу судьяларга иш козголгону жана Манас Арабаевдин президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынышын бул туура багыт катары карасак болот. Азыр сот тармагында жылыш бар”, - деди Осмоналиев.

ОСМОНОВ: “Сотторду эл шайлаганда гана алар адилеттүү иштей баштайт”

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Осмоновдун пикиринде, соттор адилеттүү иштеши үчүн алар эл тарабынан шайлануусу керек деген пикирде.

"Сотторду жалпы эл шайлаганда гана алардын көз карандысыздыгы камсыз болот. Бул үчүн шайлоону уюштурган жана өткөргөн органдар сотторду шайлоону өткөрүү керек. Соттор бийлик тарабынан дайындалгандан көрө эл тарабынан шайланса, анда элдин кызыкчылыгына көбүрөөк ыктайт. Болбосо аларды ким дайындаса ошолорго көз каранды болуп кала берет. Совет мезгилинде жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бирге соттор дагы эл тарабынан шайланчу. Азыр болсо сот системин өлүм алдына келип калды. Бул азыркы соттордун ордуна башка сотторду шайлап койсо, сот тармагы жаңыланып калат дегендикке жатпайт. Карапайым элдин укугун жана эркиндигин жакшыраак коргой турган багытта реформа жасоо керек. Ошондо сот тармагына жасалган реформа максатына жеткен болот.

Азыр сот имараттарын жаңылоо, судьялардын айлыгын жогорулатуу, материалдык жактан камсыздоо, иштөө шартын жакшыртуу иштери жасалууда деп жар салып жатышат. Бул реформа эмес, бул техникалык маселелерди чечип берүү деп аталат. Бул жакшыртуудан карапайым калкка эч кандай пайда жок. Азыр көчөгө чыгып карапайым элден сот реформасы жасалып жатабы, сотторго карата элдин ишеними кандай деп сурасаң, ал жакшы деп жооп берсе анда реформа жасалып жаткан болот", - деди Осмонов.

МАТРАИМОВ: “Азыркы президент соттордун ишине аралашпай, көз карандысыз чечимдер кабыл алынып баштады”

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов ар бир адам өзүнүн ишке болгон мамилесин өзгөртүшү керек деген пикирде.

“Ар бир адам өзүнүн ишине болгон мамилесин өзгөртсө, ошондо көз карандысыз соттор болот. Бүгүнкү күндө сотко көз карандысыздык берилген. Алар өздөрү иштеши керек. Өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткаруусу зарыл. Азыркы президент соттордун ишине аралашпай, көз карандысыз чечимдер кабыл алынып жатат. Бирок соттор жогору жакты карап көнүп калган окшойт”, - деди Матраимов.

МАСАЛИЕВ: “Президент сотторго эч качан көрсөтмө бербеши керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев сотторго толук эркиндикти берүү керек деген пикирде.

“Мыйзамга “пара алба, таза иште” деп жазсаң деле пара алып жатпайбы. Соттордун көз карандуулугунан арылуу мүмкүн, ал үчүн саясий эрк керек. Эң негизгиси реформаны башкарган президент болсо, президент өзү аралашпаса жакшы болмок. “Андай кыл, мындай кыл” десе, соттор башынан эле коркок болуп калат. Биринчи кезекте соттордун өзүндө да эрк болуш керек, бирок соттор "буйрукту аткарбасам, кызматтан алат" деп коркуп жатышат.

Эркиндик берүү үчүн соттордун ишине эч ким кийлигишпеши керек. Учурда башкача абал жаралууда, эл “тигини акта, муну акта” деп өзүбүз президентти соттордун ишине аралашуусуна түртүп жатабыз. Президент саясий позициясын көрсөтүп, “тазалык болуш керек, чечимди мыйзам чегинде кабыл алгыла" десе соттордо ишеним болот, президент эч качан “мындай кыл” деп айтпаш керек. Учурда сот реформасы ордунда турат, өзгөргөн жок. Азыркы президент учурда ишин баштап жатат”, - деди Масалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан