Эки күн мурун интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын Мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган. Анда ал: "Мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем, силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Же Түркияны же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар. Мен азыр президентке айтам", - деген. Бүгүн, 14-майда бул абал боюнча Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи туура реакция жасаган деп билдирүү таратты. Ал эми Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги жаралган абал боюнча комментарий бербей турганын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Түрк элчиси менен муфтийдин окуясы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин үн катпай жатканы туурабы?" деген собол салды.
ТУРСУНБЕКОВ: “Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги пикир алышууну жүргүзүп жатса керек”
Депутат Чыныбай Турсунбеков мындай учурда эки тараптуу мамилени эске алуу зарыл экенин белгиледи.
“Негизи бул маселеде эки тараптуу мамилелерди эске алууга туура келет. Кандай гана иш-чара болбосун эки тараптуу мамилени эске алуу менен өткөрүү керек. Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги бул маселени талкуулап, пикир алышууларды жүргүзүп жатса керек деп ойлоп жатам. Жакында депутаттар тиешелүү комитеттерде бул тууралуу сурайбыз”, - дейт Турсунбеков.
КАРАШЕВ: “Бул окуя чын болсо Кыргыз Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартип менен кайрылуу жасашы керек”
Депутат Аалы Карашев ар бир мамлекеттин элчиси ошол өлкөнүн өкмөтүнүн күзгүсү болуп саналат деген пикирин айтты.
"Мен бул видеону интернеттен көрдүм. Элчини тааныбайт экенмин, видеодо анын сөзүн дагы башка киши которуптур. Түркчө түшүнбөйм. Эгерде ошонун баары чын болсо, Тышкы иштер министрлиги кандайдыр бир реакция кылышы керек. Андай деңгээлдеги дипломат киши өзүнүн эмоциясын коомчулукка мындай маанайда чыгарганы этикетке жатпайт. Нааразычылыгы болсо расмий түрдө билдириши керек. Ар бир мамлекеттин элчиси ошол өлкөнүн өкмөтүнүн күзгүсү болуп саналат. Окуя чын болсо Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартип менен кайрылуу жасашы керек", - дейт Карашев.
САБИРОВ: “Бул расмий иш-чара болбогондуктан Тышкы иштер министрлиги үн катпай жатса керек”
Депутат Максат Сабиров белгилегендей, бул расмий иш-чара эмес болчу.
“Түркия элчиси менен муфтийдин окуясы расмий иш-чарада же жолугушууда болгон эмес. Бул окуя ооз ачуу учурунда болгон. Абал расмий сүйлөшүүлөр учурунда болбогондуктан Тышкы иштер министрлиги үн каткан жок деп ойлоп жатам”, - дейт Сабиров.
УСУБАЛИЕВ: "Түркия Кыргыз муфтиятынын статусун түшүнбөй жатат""Акылдуу чечимдер" аналитикалык борборунун башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиевдин пикиринде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ооз ачуудагы окуя боюнча билдирүү жасабайт.
"Бул окуяда Кыргыз муфтияты мамлекеттик уюм эместигин эске алуу керек. Бизде муфтият - бул коомдук бейөкмөт уюм. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги өз пикирин билдирбей жатат. Эгер ТИМ уюштурган расмий иш-чара же башка бир мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болсо, анда башка маселе болмок. Ал эми бул окуя боюнча Түркия муфтиятыбыздын статусун түшүнбөй жатат, себеби аларда башкы диний уюмдар мамлекеттен каржыланат. Ошондуктан биздин ТИМден жоопту күтүү кыйын. Бул окуяда түрк элчиси менен муфтияттын жеке мамилеси болуп жатат", - деди Усубалиев.
ТӨЛӨГӨНОВ: "Ооз ачуудагы окуя боюнча Тышкы иштер министрлигинин билдирүү жасоосуна түз себеп жок"
Саясат таануучу Медет Төлөгөновдун пикиринде, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги чыр-чатакты күчөтпөш үчүн реакция жасабай жатат.
"Түрк элчисинин сыны мамлекеттик эмес мекемеге айтылган. Демек, ТИМдин билдирүү жасоосуна түз себеп жок. Мамлекеттик мекемелер түздөн-түз аралашпаган окуяларга ТИМдин кийлигишкени негизсиз. Бирок элчинин "Түркия Кыргыз жергесине 35 миллион долларга мечит куруп берген" деп айтканы, ага жооп кайтарууга түрткү болушу мүмкүн. Менин оюмча, биздин ТИМ үчүн олуттуу билдирүү жасоого себеп жок, бирок ошол эле учурда Кыргыз өлкөсү ФЕТӨнү экстремисттик деп эсептебей турганын дагы бир ирет айтып коюуга болот. Ооз ачуудагы чыр-чатак эки тараптуу мамилени жакшы жактан көрсөтпөйт", - деди Төлөгөнов.
ЖЭЭНЧОРОЕВ: “Тышкы иштер министрлиги башын катпай комментарий берип койсо болмок”
Депутат Мирлан Жээнчороев окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги комментарий бергени туура болмок деген пикирин айтты.
“Биринчиден жаран катары баамды берсем, эл аралык келишимдерге ылайык, чет өлкөнүн элчисинин өзүн алып жүрүү боюнча протоколу бар. Бул элчи дипломатиялык этикетти бузду деген ойдомун. Экинчиден, муфтият өзүнүн аппаратын карап чыгышы керек болчу. Мисалы, орус православ чиркөөсүндө сырткы катнаштарды куруу боюнча атайын адис бар. Ушундай эле адис Ватиканда да бар. Мындай эле адистер чоң ислам өлкөлөрүндө да бар. Бул кызматка илимий билими, тажрыйбасы бар адамдар коюлат.
Атайын уюштурулгандай туура эмес иш-чара болуп калды. Түрк мамлекети менен мамиле куруп жаткандан кийин алар өзүнүн саясатын жүргүзөт, аны эске алуу керек. Биздин өлкөнүн да өзүнүн саясаты бар. Мисалы, биздин элчи Жаныш Бакиев отурган столго бирге отурмак беле? Мындай жагдайда биздин элчи ушундай кыла турган болсо, мен аны толугу менен колдомокмун. Ооба, ал ички маселеси, бирок ал мамлекети көрсөткөн көз карашы.
Негизи элчи өзүнүн этикетин сактап башкача чара колдонсо болмок. Маселени өзүнө айтышы керек болчу. Өз чөнтөгүнөн төлөгөнсүп такалап, туура эмес кылып, этикетти бузган. Бул жерде эки тарапта тең күнөө бар. Бирок ал элчи Кыргыз өлкөсүндө болгондон кийин эл аралык келишимдерге ылайык, этикетти сактоого тийиш.
ТИМ бул туурасында өзүнүн комментарийин берип койсо болмок. Биздин Конституцияга ылайык, биз светтик өлкөбүз. Муфтият мамлекеттик органдардын арасына кирбейт.
Ал жерде алып барган маселеси мамлекеттин саясаты менен айкалышпайт. Жасаган иш-аракети мыйзамга жана карым-катнаш курууга өздөрүнүн ички тартибине ылайык, жооп бериши керек. "Кыргыз өлкөсү Түрк мамлекети менен мамиле курат, кызматташат жана тууганчылык мамиле курууну мындан ары да аркалайт" деп башын катпай билдирүү таратышы керек болчу”, - дейт Жээнчороев.