КҮНСОБОЛ: Бул аптада өлкөдө болуп өткөн окуялар мамлекетти кандай жолго салды?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев камакка алынган соң бир канча окуялар орун алды. Курсан Асанов ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотулуп, кылмыш иши козголду, Атамбаевге тиешелүү "Апрель" телеканалы камакка алынды. Мурдагы президенттин тарапташтарынын айрымдары камакка алынса, кээ бирлери суракка чакырылып жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул аптада өлкөдө болуп өткөн окуялар мамлекетти кандай жолго салды?" деген собол салды.

БАКИРОВ: "Акыркы окуялар мамлекет башчыны, өкмөт башчыны чыңалтат"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров билдиргендей, акыркы убакта жалпы мамлекеттин эл аралык аброюна шек келтирген окуялар болду. "Мындай нерсе мамлекет башчыны, өкмөт башчыны чыңалтат. Мындан ары стабилдүүлүк болушу, экономика өсүшү үчүн дагы ыкчам, сабырдуу иш алып барганга негиз болот. Парламент дагы ошонун катарында. Биз чоң мамлекет эмеспиз. Бюджетибиз, экономикабыз дагы ошого карата чакталуу. Ошондуктан бизге стабилдүүлүк керек. Эки төңкөрүштү башыбыздан өткөрдүк, экономикага бир топ терс таасирин тийгизди. Ошондуктан ар кандай ушак-айыңдан алыс, консолидация болуп парламент, президент, өкмөт мамлекеттин өнүгүшү үчүн стратегиялык маанидеги долбоорлор менен иш алып барышы зарыл", - дейт Бакиров.

МАДУМАРОВ: "2010-жылы башталган көч азыр дагы уланып келе жатат"

Саясатчы Адахан Мадумаровдун пикиринде, мамлекет 2010-жылдан бери башка жолго түшкөн жок. "Өлкө 2010-жылдан бери кайсы жолдо келе жатса ошол эле жолдо болуп жатат. Башка жолго түшкөн эмес. Мыйзамдуулукту кармабоо, мамлекеттик бийликке ишеним көрсөтпөө, эч кандай ыйык нерсе жок. Конституцияда мыйзамдар дагы ыйык эмес. Конституцияны четке түртүп коюп, Утурумдук өкмөт декрет менен башкарып калган. Мына ошол декреттер менен башкарган түшүнүк менен келе жатабыз. Роза Отунбаева көчтү Алмазбек Атамбаевге тапшырды. Ал көчтү Сооронбай Жээнбеков бүтүндөй элдин алдында ант берип улай турганын айтты. Ошол көч менен баратабыз. Ошондогу башталган көч азыр дагы уланып келе жатат", - дейт Мадумаров.

ЗУЛПУКАРОВ: "Акыркы окуялар бир киши дагы мыйзамдан жогору болушу мүмкүн эмес дегенди тастыктап койду"

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров билдиргендей, ушул жума болуп жаткан окуялардын көпчүлүгү тарыхта ташка тамга баскандай болуп калат. "Негизи бизде Кыргыз мамлекети бул Орто Азиядагы демократиянын аралчасы экенин эл аралык уюмдар, башка мамлекеттер айтып келе жатат. Бизде бир канча президенттик шайлоо өттү, эки президент качып кетти. Бир экс-президент учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат. Ошондуктан бул келечектеги мамлекет башчылардын экс-президенттер өзүн кандай алып жүрүүсүнө туура багыт, жол түзүлөт го деген ойдо турабыз. Акыркы окуялар бир киши дагы мыйзамдан жогору болушу мүмкүн эмес дегенди тастыктап койду", - дейт Зулпукаров.

АСАНОВ: "Өлкөдө жакынкы убакыт аралыгында чыныгы оппозициялык көз караштагы күчтөр биригип баштайт"

Саясатчы Бектур Асанов учурда бийликке жакшы иштерди жасоого мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, жол ачылганын айтат. "Саясий акыбал жакшы жагына бүттү десек болчудай. Себеби эл чагымчылдыкка алынган жок, тынчыды, бир адамдын арам ою ишке ашкан жок. Бийликке учурда жакшы иштерди жасоого мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, жол ачылды. Бирок бул кыска эле убакытка. Бул убакыт аралыгында бийлик кардиналдуу кадамдарды жасашы, чыныгы реформа жасаганын элге көрсөтүшү жана саясий күчтөргө болгон ымаласын ачыкташы керек.

Болбосо менин оюмча, сентябрь айын аяктап чыныгы оппозициялык көз караштагы күчтөр биригип баштайт. Алар мыйзамды бузушпайт, мындан улам бийлик аларга кылмыш иштерин ача албайт, автомат менен барып кармай албайт. Себеби андай кадамга бара турган болсо акыбал оорлошуп кетет. Парламенттик шайлоо жакындап жатат, саясий күчтөр катуу аракетке түшөт. Өлкө демократиялык чоң толкундун алдында турат", - дейт Асанов.

АЙБЕК МЫРЗА: "Оппозициячыл саясатчыларга карата басым болуп жатат"

Жарандык активист Айбек Мырзанын айтымында, Равшан Жээнбековдун "барымтага алуу" беренеси менен айыпталып жатканы туура эмес. "Оппозициячыл саясатчыларга карата басым болуп жатат. Равшан Жээнбековдун "барымтага алуу" беренеси менен айыпталып жатканы туура эмес. "Апрель" телеканалы альтернативдүү пикирлерди чагылдырган телеканалдардын бири. Биз деле ал каналга барып Атамбаевге каршы пикирлерибизди айтып жүрчүбүз. Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары деле эфирге чакырылып келген. Сөз эркиндигине кысым болбошу керек", - дейт Айбек Мырза.

ИСАКОВ: "Мыйзамды каалагандай "чойсо" боло бере тургандай абал жаралды"

Жарандык активист Гүлжигит Исаков мыйзамдар тандалма жол менен каалагандай "чоюлуп" иштесе мыйзамга болгон ишенимди азайтат деген пикирде.

"Акыркы жумада мамлекетибизде орун алган окуялар дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бура алды жана өлкөбүздү жакшы жактан тааныта алган жок. Мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетти. Күч структуралары деморализацияга учурады. Мамлекеттүүлүктүн тиректеринин бири болгон коопсуздукка дагы доо кетти.
Мыйзамды каалагандай "чойсо" боло бере тургандай абал жаралды. Мыйзамдын үстөмдүгү орногондун ордуна, "үстөмдөрдүн мыйзамы" орноду. Мыйзамдар тандалма жол менен каалагандай "чоюлуп" иштесе мыйзамга болгон ишенимди азайтат. Мыйзамдуулукка болгон ишенимдин азайышынын кесепеттери көп болот. Андыктан тез арада туура нукка түшүү зарыл", - дейт Исаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан