КҮНСОБОЛ: Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды. Премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керекпи?

Бүгүн транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Ал премьер-министрдин квотасы менен кызматка келген болчу.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керекпи?" деген собол салды.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга биринчи кезекте премьер-министр кызыкдар болушу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин айтымында, мыйзамда "министрдин орун басары пара менен кармалса, премьер-министр отставкага кетиш керек" деген жобо жок.

"Азыркы учурда өкмөт "эмне себептен мындай коррупциялык мүмкүнчүлүк болуп калды?" деген суроонун үстүнөн иштеп, ошолордун баарын жокко чыгарышы керек. Экинчиден, бул окуя - коррупция менен аёосуз күрөштүн сигналдарынын бири. Кимдин күнөөсү болсо, ал толугу менен жооп бериши керек.

Эми иликтөө жүрөт, анын жыйынтыгы чыккандан кийин өкмөткө да, кызмат ээлеген адамдарга да чара көрүү зарыл. Тиешелүү парламенттик комитеттер бул маселени талкуулап, милдеттүү түрдө сурашы шарт. Эгер кандайдыр бир жылчыктар болсо, мыйзам менен иреттеп көрүшүбүз керек. Анткени тендердик комиссия көптөгөн мамлекеттик органдардын мүчөлөрүнөн турат. "Көп адамдан турган коллегиялык комиссияны кантип бир адам чечип калды?" деген суроого жооп издеш керек. Бул окуя жалпы өкмөткө аброй алып келбейт. Өкмөттүн аброюна сөз тие турган абал болду. Ошол себептен премьер-министр өзү баш болуп иликтөө иштери аягына чейин адилеттүү жүрүшүнө, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга кызыкдар болуш керек", - деди Жээнчороев.

КАРАСАРТОВА: “Мыйзам боюнча өкмөт башчынын жумуштан кетүүсү каралган эмес. Бирок аброюна шек кетет”

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтуусунда, премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетүү же кетпесин өзү чечет. Анткени мыйзам боюнча өкмөт башчынын жумуштан кетүүсү каралган эмес.

“Чет өлкөдө өкмөт алып келген адамы пара менен кармалса же кандайдыр бир мыйзамга туура келбеген иш жасаса, мен элдин алдында уят болдум, деп премьер-министр отставкага кетет. Негизи мыйзам боюнча премьер-министрдин жумуштан кетүүсү каралган эмес. Ошондуктан биздин өкмөт башчылар кана, кайсы беренеде премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керектиги жазылган деп мыйзамга такап тура беришет. Бизде антип кетип калган өкмөт башчыны көрө элекмин. Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганын чоң талкууга алып, мунун артында ким турат жана министрликтеги кызматка аны ким алып келгени талкуулануусу керек. Анткени коомдук пикирдин арты менен кийинки чиновниктер мындай кадамдарга барбайт”, - дейт укук коргоочу.

АКЫЛБЕК: “Азыркы өкмөткө бул окуясыз эле отставкага кете турган себептер жетиштүү болчу”

Саясий серепчи Нурсултан Акылбек транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы азыркы башкаруу системинин коррупцияга батканынын дагы бир далили болуп саналарын билдирди.

“Биринчиден, паранын көлөмү азыркы башкаруу системинин коррупцияга батканынын дагы бир далили болуп саналат. Президент коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнө өзүнүн ишенген өкмөтү тарабынан дайындалган адамынын мындай чоң суммадагы пара алганы, анын аброюна терс таасирин тийгизет. Биздин саясатта, тилекке каршы, саясий же моралдык жоопкерчилик жок.

Албетте, өкмөт башчы жоопкерчиликти алып, отставкага кетиши керек. Эгер кетпесе, бул өкмөт мыйзамсыз делип, элдин ишеничинен чыгып калат. Ошондой эле президенттин саясатына жооп бербеген өкмөт болуп калуусу толук мүмкүн. Өнүккөн өлкөлөрдө өкмөт мүчөсү мамлекеттик эсептеги автоунааны жеке максатта колдонгону үчүн да отставкага кеткен учурлар болгон. Азыркы өкмөткө бул окуясыз эле отставкага кете турган себептер жетиштүү болчу. Бирок бүгүнкү окуя бүт бийликке болгон ишеничти кетириши мүмкүн. Ошондуктан президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңеш да кандайдыр бир радикалдуу иш-чара жүргүзүүсү зарыл”, - дейт Акылбек.

ШЕСТАКОВ: "Партиялар өкмөттү түзүүгө аралаша берсе, эртең 500 миң доллар пара алгандар кызматка келишет"

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикиринде, эгер премьер-министр дайындоо маселесинде өз алдынча иш жүргүзсө, аны парламенттик фракциялар кызматтан кетирип салышат.

"Премьер-министр жоопкерчилик тартышы керек. Партиялар дайындоолорго аралашып жаткан практиканы жоюшу керек. Анткени мындан улам өкмөткө кесипкөй жетекчилерди эмес, кесипкөй коррупционерлерди же партиялардын мүчөлөрү келүүдө.

Пара алган чиновниктин кайсы партиядан келгенине көңүл буруу керек. Бул катардагы мисал, өкмөт кесипкөй жетекчилерден түзүлүшү керек. Эгер партиялар өкмөттү түзүүгө аралаша берсе, бизде бүгүн 50 миң эртең 500 миң доллар пара ала тургандар кызматка келе беришет.

Эгер бизде премьер-министр дайындоо маселесинде өз алдынчалыкты көрсөтсө, аны кетирип салышат. Коалиция кайра тарап, парламенттик фракцияларга ыңгайлуу өкмөт башчы келет", - деди Шестаков.

МИДИН УУЛУ: “Өкмөт башчынын 50 миң доллар парага тиешеси болсо, ал сөзсүз түрдө отставкага кетиши керек”

Жарандык активист Канат Мидин уулу Кыргыз чиновнигине кайсы мамлекеттин компаниясы пара берип жатканы талкууланбай жатканын айтты.

“Кылмыш иши менен байланышы болсо, сөзсүз түрдө өкмөт башчы отставкага кетиши керек. Өнүккөн өлкөлөрдө коррупциялык иш менен эмес, жөнөкөй эле бир иш туура эмес жасалып калса, жумушун таштап кетет. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө андай эмес.

Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жатса, бул иш дагы тергелиши зарыл. "Чет мамлекеттик компания биздин чиновникти сатып алганга аракет кылган" деген пикирлер айтылып жатат. Менимче, чет мамлекеттик компаниянын аты аталышы керек. Бул биз ойлогон компания болсо, муну ошол өлкөнүн биздин мамлекетибиздеги саясаты деп мүнөздөсөк болот. Учурда бул жагы талкууланбай жатат. Кыргыз мамлекетиндеги чоң бир министрдин орун басарына пара берип жатса, буга чейин да мындай иштер жасалган деген шек саноо пайда болот”, - деди Мидин уулу.

САСЫКБАЕВА: "Премьер-министр мурункулардай эле алсыз болуп жатат"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын айтымында, транспорт жана жолдор министринин орун басарынын ири суммадагы пара менен кармалганы премьер-министрге көлөкө түшүрдү.

"Бир жагынан караганда, аталган окуяда премьер-министрдин жоопкерчилиги бар. Экинчи жагынан караганда, премьерге ошол адамды ким сунуштаган? Ошону дагы билиш керек. Бүгүнкү күндө премьер-министр мурункулардай эле алсыз болуп жатат. Алмазбек Атамбаевдин убагында деле алсыз болгон. Мындай чоң кызматка адамдын кесипкөйлүгү, адамгерчилиги, моралдык-этикалык жагын карап туруп чакырыш керек. Эгерде министрдин орун басары жарым миллион доллар пара талап кылып жаткан болсо, анда министр кандай пара алат болду экен деген суроо туулат. Ал окуя премьер-министрдин беделине да шек келтирди. Эл арасында "чиновник параны премьерге, президентке алып барса керек эле" деген сөздөр айтылып жатат.

Коррупцияны жоюу боюнча жооптуу адамдын ушундай ишке аралашканы резонанстуу окуя болуп саналат. Андай адамдар мамлекеттик жогорку кызматтарда турушат, ошондуктан бул систем менен коррупцияны жеңе албайт экенбиз. Бир четинен алсак, премьер-министр отставкага кетиши керек, бирок биз жыл сайын премьерлерди алмаштыра берип, экономика алдыга жылбай жатат. Бул мурунку эле Атамбаевдин курган системи болууда", - деди Сасыкбаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан