Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө өз катарын милициянын беделин түшүргөн, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керектигин айтты.
SUPER.KG порталы Премьер ИИМдин катарын тазалоо керектигин айтты. Системин өзгөртпөй туруп, милициянын катарын кантип тазалашат? деген собол салды.
БАКИРОВ: "Чакан Кыргыз мамлекетиндеги министрликти иликтеп, электен өткөрүү оор эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров ИИМдин катарын тазалоо үчүн системди өзгөртүп, жаңылык ачуунун кереги жок деген пикирде.
"ИИМдин катарын тазалоо үчүн сөзсүз түрдө системди өзгөртүп же жаңылык ачуунун кереги жок. Министрликте ички коопсуздук боюнча атайын кызмат бар. Аларда ал жерде иштеген кызматкерлер тууралуу маалыматтар бар. ИИМде армия чоң, бирок бардыгын иликтештин кажети жок. Чакан Кыргыз мамлекетиндеги министрликти иликтеп, ийне-жибине чейин электен өткөрүү оор эмес", - дейт Мирлан Бакиров.
МАСАЛИЕВ: "Милиция кызматын татыктуу деңгээлге чыгарыш керек"
Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берип, оболу милиция кызматкерлеринин эмгек шартын өзгөртүү керектигине токтолду.
"Милиция кызматын татыктуу деңгээлге чыгарыш керек. Аларды таштанды жыйнамай кызмат кылып жатабыз. Жалаң эле кемчиликтерин айтып жатабыз. Бирок кокусунан бир нерсе болсо "кокуй милиция" деп кыйкырабыз. Алардын эмгек шартын өзгөртүп, катарын тазаласа болот", - дейт Масалиев.
МОЛДАЛИЕВ: "ИИМдин катарын тазалоо үчүн саясий эрк керек"
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев системди өзгөртпөй туруп деле ИИМдин катарын тазаласа болот деген пикирин айтты.
"Системди өзгөртпөй туруп деле ИИМдин катарын тазаласа болот. Кеңешүү жүргүзүшөт, жакшы иштегендер калат, жыйынтык бербегендер, тааныш менен келгендер кетет. Ички коопсуздук кызматы бар ошолордун материалдарын карашат. Тазалоо үчүн саясий эрк керек", - дейт Молдалиев.
АБДИРАСУЛОВА: "Систем тазаланбаса ИИМдин катарын тазалоо кыйын"
Суроого жооп берген укук коргоочу Азиза Абдирасулова ИИМди реформалоо боюнча сөз канчадан бери айтылып келе жаткандыгына токтолду.
"Систем тазаланбаса ИИМдин катарын тазалоо кыйын. Көп эле сунуштар айтылып келет. Бир карасак жаш балдар полковник болуп жатышат. 15 жылдан бери иштегендер четте калууда. Айлыктары Кудайга шүгүр болуп калды. ИИМди реформалоо боюнча канчантан бери айтылып келсе деле ишке ашпай келет", - дейт Абдирасулова.
ИСАКОВ: "Реформа деген сөз абдан көп айтылып, ал "униформаны алмаштыруу" менен гана чектелип калууда"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков берилген суроо боюнча системди өзгөртмөйүнчө эч бир аракет натыйжа бербей турганын айтты.
"ИИМдин катарын тазалоо үчүн эмне кылуу керектиги айтылып эле келе жатат. Реформа деген сөз абдан көп айтылып, ал "униформаны алмаштыруу" менен гана чектелип калууда. Болгондо дагы ИИМ кызматкерлеринин өздөрүнө жүктөп коюшууда, жаңы форманы сатып алгыла же тиктирип алгыла деп. Тазалоо деген сөз "өзүнө ыңгайсыздарды гана чыгаруу" менен чектелсе, албетте, өзгөрүү болбойт. Системди өзгөртмөйүнчө, эч бир аракет натыйжа бербейт. Тескерисинче, реформа деген сөзгө зыянын тийгизип, элди тажатат. Бир адам таптаза болуп жуунгандан кийин кайра эле кир көйнөгүн кийип алса эч өзгөрүү болбойт. Жаңы кийим же таза кийимди даярдап алып, анан таза жуунган логикага ылайык болот", - дейт Исаков.
КЕЛДИБАЕВ: "ИИМдин катарын тазалоо үчүн офицердик курамын ротация кылуу керек"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев азыр бул системди премьер-министр өзгөртө албай турганын айтты.
"ИИМдин ичин кимдерден тазалай турганы мага түшүнүксүз. Уюшкан кылмышка мүчө болгон же болбосо алар менен кызматташкан адамдардан тазалаш керек. ИИМдин катарын тазалоонун оңой жолу бар. Офицер курамындагыларды ротация кылуу зарыл. Ошондо канчалык бир деңгээлде кылмыштын түрлөрү азаят. ИИМди эле эмес бардык күч органдарын эки жылдык мөөнөттө ротация кылуу шарт. ИИМдин катары кызматтан бошотуу менен тазаланбайт", - дейт Келдибаев.