Кытай ири карыз берүү аркылуу кичине өлкөлөрдү өз колониясына айландыра тургандыгы тууралуу чет элдик басылма жазып чыкты. Кыргыздын эң көп тышкы карызы Кытайдан алынган. SUPER.KG порталы "Мамлекет эми алардын экономикалык басымынан кантип кутулушу керек?" деген собол салды.
МАМАТАЛИЕВ: "Кыргыз мамлекетинин бир өлкөдөн алган карызы 50 пайыздан ашпоосу керек деген мыйзам долбоорун иштеп чыктым"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргыз өлкөсүнүн карызынын 41 пайызы Кытайдан алынганын айтты.
"Карыз алуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктым. Мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, сентябрь айынан тарта парламенттин комитетинде каралат. Кыргыз мамлекетинин бир өлкөдөн алган карызы 50 пайыздан ашпоосу керек. Биздин жалпы карызыбыздын 41 пайызы Кытайдан алынган. Мыйзам долбоорду премьер-министр, президент колдоп жатат. Кыргыз өлкөсүнүн бир мамлекетке көз каранды болуусуна чек коюлат. Коркунуч дагы болбойт", - деди Маматалиев.
РЫСПАЕВ: "Биз Кытай өлкөсү насыяларды бергенине ыраазы болушубуз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев да Кыргыз өлкөсүнүн эң чоң карызы Кытай өлкөсүнөн алынганын баса белгиледи.
"Бир четинен Кытай өлкөсү насыяларды бергенине ыраазы болушубуз керек. Бул нерсени достук мамиле деп коёт. Кытайдан алынган насыялар энергетикалык секторго, жол курууга алынган. Көпчүлүгү өзүн-өзү актай албай турган насыялар. Элди дагы ушул маселе түйшөлтүп жатат. 2020-жылдан тарта насыяларды төлөө мөөнөтү келип баштайт. Ошондуктан аткаруу бийлиги, президент, депутаттар коңгуроо кагып, карызды төлөөгө аракет көрүшү керек", - дейт Рыспаев.
ЖАМАНГУЛОВ: "Биз Жогорку Кеңештин атынан карыз алууну чектөө боюнча өкмөткө сунуштама бердик"
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов карыз алууга чектөө киргизүү Кытай менен түзүлгөн мамилеге терс таасирин тийгизбеши керек деген пикирде.
"Мамлекеттик карыздын басымдуу бөлүгүн Кытай өлкөсүнөн алганбыз деп көп эле жерде айтып жүрөбүз. Азыртадан бул маселе мамлекетибизди ойлонтушу керек. Жогорку Кеңеш өкмөткө карыз алууну чектөө боюнча сунуштама берди. Анда карыздарды азайтуу боюнча атайын программа иштеп чыгарылсын деген сунуш да бар. Албетте, Кытайдын башка мамлекеттерге карыз берүүсү дүйнөлүк деңгээлде талкууланып жатат. Биз Кытай менен жакшы мамилени кармап, буга чейинки жардамына ыраазы болуп, алаканы уланта беришибиз керек. Бирок карыз төлөөнү ойлонушубуз зарыл. 2020-жылдан тарта карыздардын негизги бөлүгүн төлөй баштайбыз. Кытайдан карыз алууну чектегенибиз эки өлкөнүн мамилесине терс таасирин тийгизбеши зарыл. Алар бизге карызды кыйнап берген жок да. Келишимде бекитилген график боюнча карыздан кутулалы", - деди Жамангулов.
ПРИМОВ: "Белди бекем бууп карыздын эсебинен эмес, өзүбүздүн тапкан акча менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов өлкө экономикалык көз карандысыздыкка чыгуу үчүн ири ишканаларды куруп, кен байлыктарды иштетүү керек деген пикирде.
"Учурда Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы эң орчундуу маселелердин бири. Тышкы карыздын 44 пайыздан ашыгы Кытай мамлекетине таандык. Бул акчалар негизинен энергетика секторуна жана транспорт инфраструктурасына жумшалган. Кытай тарабынан берилген насыя 20 жылга 2 пайыздык өлчөм менен берилген. Бул биздин өлкөнүн экономикасы үчүн оор. Биз эми бул көйгөйлөрдү жеңип өтүү үчүн экономикабызды жандантууга тийишпиз. Бул үчүн ири ишканаларды курушубуз зарыл. Эң башкысы белибизди бекем бууп, тышкы карыздын эсебинен эмес, өзүбүздүн тапкан акчабыз менен жашоого үйрөнсөк жакшы болмок. 2023-2024-жылдардан баштап сырткы карыздын негизги төлөмүн төлөө убактысы келет. Ошого ылайык бүгүнкү күндөн тарта карыздан кутулуу аракеттерин баштоого тийишпиз. Кытайдын "Эксимбанкы" менен сүйлөшүүгө барып, төлөө мөөнөтүн 20 жылдык эмес, 30-40 жылдык кылып узартуунун жолун тапсак туура болмок. Тилекке каршы, учурда өлкөнүн экономикасы "Кумтөр" алтын кенине гана көз каранды. Альтернатива катары өлкө казынасына киреше алып келе турган кендерди иштетүүбүз зарыл. Бул үчүн кен казыла турган аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жергиликтүү элге өлкөнүн экономикасынын абалын жеткирүүбүз керек. Кыргыз өлкөсүнүн экономикалык жактан көз карандысыздыкка чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар, болгону ошону пайдаланышыбыз шарт", - деди Примов.
ЖАМАЛДИНОВ: "Кытай менен мамилебиз жакшы. Ошону өнүктүрүшүбүз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун пикиринде, Кытайга болгон карызыбызды алдыдагы ири долбоорлордон түшкөн киреше менен кутулуп кетсе болот.
"Кытайдан 1,5 миллиард доллар карызыбыз бар деп коркпошубуз керек. Себеби Кытай Түркмөнстандан Кыргыз өлкөсү аркылуу газ ташып өтүү долбоорун ишке ашырабыз деп турат. Бул транзит үчүн бизге акча түшөт. Долбоор 2020-жылга чейин ишке ашса керек. Ал эми дагы карыз алына турган болсо, анда ал каражатты пайда түшө турган секторго сарпташыбыз шарт. Жол куруудан пайда түшпөйт. Электр тармагынан акча чогултса болот. CASA-1000 электр долбоору ишке ашса, биз да бир топ пайда тапсак болот. Бирок акыркы учурда жаңы ГЭСтер курулбагандыктан сатууга электр энергиясын таппай калышыбыз мүмкүн. Карыздан кутулуунун эң туура жолу - коррупцияны жоготуу. Бажы менен салыктан көп каражат түшөт. Ошол системдеги коррупцияны токтотуу эң маанилүү. Бизде азыр экспорт болбой жатат. Бажы союзу деп эле ага мүчө өлкөлөргө товарларды жөнөтүп жатабыз, бирок пайдасы аз болуп жатат. Азыр импорттун көбү бизге Кытайдан келүүдө. Ошону экспортко айландыруу зарыл. Алардын бир шаары менен эле келишим түзүп алсак бага албай чарчамакпыз. Кытай менен мамилебиз жакшы. Ошону өнүктүрүшүбүз керек. Ачыгын айтканда, Бишкектин жолдору Кытай берген каражат менен оңдолуп жатат да. Мындан ары насыя менен гранттарды катуу көзөмөлдөп, сарамжалдуу иштетүү зарыл", - деди Жамалдинов.
КАЧКЫНБАЕВ: "Карызды Кытай эле эмес, башка мамлекеттер, анын ичинде Орусия да рычаг катары колдонушу мүмкүн"
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев карызды Кытайлар Кыргыз өлкөсүнө зордоп берген эмес дейт.
"Бул карыздар Кытайдын басымы эмес, жардамы. Алар карыз алгыла деп бизди зордогон жок. Каражатты биз сурап жатабыз да. Кытайлар карызыбызды кайсы бир маселени чечүүдө рычаг катары колдонушу мүмкүнбү десек, туура болот. Албетте, Кытай эле эмес, башка мамлекеттер, анын ичинде Орусия да мындай жолго бармак. Карызыбызды азайтуу үчүн эң биринчи коррупцияны жоготуу керек. Коррупция менен күрөш ачык жүрсө гана ишке ашат. Кандай долбоор болбосун коомчулукка так маалымат берилүүсү шарт. Албетте, карыз болгондон кийин төлөйбүз. Бул талкууланбай турган нерсе. Карызды азайтууга системдүү реформа талап кылынат. Биз парламенттик башкарууга толук өтүшүбүз зарыл. Болбосо жогору жактан депутаттарга басым кылып, мыйзамдарды кабыл алдырышууда. Конституцияда бардык күч түзүмдөрү президенттин колунда болуп жатат. Өлкөнүн башкаруу формасын карап чыгып, парламентти күчтөндүрүү керек", - деди Качкынбаев.