Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 23-августта Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин август кеңешмесинде октябрь айынан тарта мугалимдердин айлыгы 30 пайызга чейин көтөрүлө турганын айткан. Ал "буга чейин 12 миң сом айлык алып келген мугалимдер 18 миң сомго чейин алат" деп билдирген.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Премьер "1-октябрда мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көтөрүлөт" деди. Бул күзүндө өкмөт алмашпайт жана өкмөт шайлоого даярдыкты баштады дегенди билдиреби?" деген собол салды.
ТИЛЛАЕВ: "Мугалимдердин айлыгын көбөйтүү буга чейин эле пландаштырылган"
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев премьер-министрдин мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт деп айтканы күзүндө өкмөт алмашпайт жана өкмөт шайлоого даярдыкты баштады дегенди билдирбей турганын айтты.
"Мугалимдердин айлыгын көбөйтүү боюнча буга чейин эле пландаштырылган. Жогорку Кеңеште бул маселе каралып, колдоого татыган. Президент деле айтып келген. Ал эми өкмөттүн кетер-кетпеси боюнча сентябрь-октябрь айында республикалык бюджет маселеси каралганда чечим кабыл алынат", - деди Тиллаев.
ТУРСУНБЕКОВ: "Мугалимдердин айлыгын көтөрүү талабы көп күндөн бери коюлуп турат"
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков өкмөт алмашуусун кырдаал чече турганын айтты. "Өкмөттүн алмашуусун кырдаал чечет. Мугалимдердин айлыгын көтөрүү талабы көп күндөн бери коюлуп турат. Бул жакшы жышаан", - дейт Турсунбеков.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Өкмөттүн ал сөзү саясий чечим болуп эсептелет"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков эки жылдан бери өкмөт эч кандай реформа жасаган жок деген пикирин билдирди. "Эгерде биз бардык эл аралык көрсөткүчтөрдү карай турган болсок, коррупцияга каршы күрөш, эркиндик, билим, сот тармагы болобу бардык жагынан маанилүү жылыштар болгон жок. Өкмөттүн чоң ийгиликтери жок деп айтсак да болот. Экономика, бюджеттин киреше бөлүгү өскөн жок, инвестиция келбей жатат, Кыргыз мамлекетинен капитал качууда, эч кандай маанилүү соттук-укуктук реформалар болгон жок. Ушундай жагдайда өкмөттүн мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрөбүз дегени саясий чечим болуп эсептелет. Муну шайлоого даярдык деп кабыл алса болот", - дейт Жээнбеков.
КАДЫРБЕКОВ: "Мугалимдердин айлыгынын көтөрүлүшү бул турмуштун талабы"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков мугалимдердин айлыгынын аздыгы акыркы күндөрү көп нааразычылыктарды жаратып жатканын айтты. "Мугалимдердин айлыгы тууралуу интернетте акыркы күндөрү көп нааразычылыктар чыккан. Аянтка дагы чыгабыз дегендей ураандар айтылды. Алардын айлыгы инфляцияга карата көтөрүлбөй, кесипкөй мугалимдер башка жакка кетип баштады. Мектептерде кесипкөйлөр азайып, мугалимдер жетишпей калып жатат. Мугалимдердин айлыгынын көтөрүлүшү бул турмуштун талабы. Эл саясатка, шайлоого көңүл бурбай калган. Шайлоого дагы бир жыл бар. Ал убакытка чейин эмне болуп кетет белгисиз", - дейт Кадырбеков.
КЕЛДИБАЕВ: "Өкмөт эмгек акыны кайсы булактардан алып жогорулата турганы боюнча түшүндүрмө деле берген жок"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев белгилегендей, президенттик шайлоонун алдында Сооронбай Жээнбеков эмгек акыларды жогорулатуу боюнча убада берген.
"Ачык айтылбаганы менен парламенттик шайлоого даярдыктар жүрүп жатат. Президенттик шайлоонун алдында Сооронбай Жээнбеков эмгек акыларды жогорулатуу боюнча убада берген. Арадан эки жыл өтүп айлык жогорулабай президент канча сындарга кабылды. Ошондон улам бул маселе президенттин программасынын негизинде ишке ашып жатса керек. Тилекке каршы, салыктан, бажы төлөмдөрүнөн 6 айлык көрсөткүчүндө салыктын бардык төлөмдөрү боюнча пландар толгон жок. Өкмөт эмгек акыны кайсы булактардан алып жогорулата турганы боюнча түшүндүрмө деле берген жок. Бул түшүнүксүз болуп калууда", - дейт Келдибаев.