КҮНСОБОЛ: Аймактарды өнүктүрүү жылында 6 ай ичинде эмне иштер жасалды?

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. Андан бери 6 ай өттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы бул убакыттын ичинде аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер жасалды деген собол салды.

БОРОНОВ: "2018-жылы аймактар өнүгүп кетет деген түшүнүк болбошу керек"

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов учурда өкмөттүн деңгээлинде жакшы иштер жүрүп жатканын айтты. "Учурда айыл өкмөттөрүнө функцияларды өткөрүп берүү, алардын бюджетин көбөйтүү үчүн атайын мыйзамдар иштелип жатат. Кичи шаарларды, айылдарды өнүктүрүү боюнча программалар иштеп жатат. Жакында элге талкууга сунушталат. Программалар, мыйзамдар кабыл алынгандан кийин иш жүргүзүлөт.

"Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо менен 2018-жылы аймактарды өнүктүрүп жиберебиз деген түшүнүк болбош керек. 2018-жылы аймактарды өнүктүрүүгө кийинки жылдарга фундаментти түзөбүз. Жаңы өкмөттүн келгенине 2 ай эле болду. Айрым маселелерди талкуулап, башынан баштаганга туура келип жатат. Аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык мамлекеттик органдар аралашуусу керек", - деди Боронов.

КАРАШЕВ: "Аймактарда элдин духу көтөрүлдү"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев аймактарды өнүктүрүү жылында кандай иштер жасалганын суроо али эрте экенин айтты.

"Биздин президент 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаганына байланыштуу өкмөт аны ишке ашыруу үчүн тиешелүү иш-чараларды, жооптуу адамдарды, аткаруу мөөнөттөрүн аныктап чыгышы керек эле. Өкмөт буларды иштеп чыгып, 6 айдын жыйынтыгын өз жыйынында караса керек. Өкмөт өкүлдөрү конкреттүү жооп берет болуш керек. Бизге азырынча маалымат келе элек, балким, күзүндө келет. Аймактарга барганыбызда эл ушул маселе боюнча көп сурашат. Элде демилге, дух көтөрүлүп жатат. Конкреттүү түрдө эмнелер жасалганын сентябрда өкмөттөн сурайбыз, азыр эртерээк", - деди Карашев.

ӨМҮРАЛИЕВА: "Аймактарды өнүктүрүү жылында" эч кандай өзгөрүү, өнүгүү көргөн жокмун”

"Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева 2018-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланганы менен эч кандай өзгөрүү жана өнүгүү көрбөгөнүн айтты.

"Өлкөнүн борбору Бишкек шаарында өнүгүү болбой жатса, анан аймактарда өнүгүү болмок беле? Өнүгүү, өзгөрүү жок. Баарысы мурдагы бойдон турат. Жер маселеси боюнча мыйзамсыз иштер болуп жатат. Көпчүлүк аймактар дотацияда отурушат. Дотация боюнча чара көрүлүшү керек болчу. Эч кандай чара көрүлгөн жок", - деди Өмүралиева.

КАРАСАРТОВА: "Эки адамдын башын бириктире албаган өкмөт ишти алдыга сүрөп кетерине мен такыр ишене албайм"

Укук коргоочу Рита Карасартова кандай учурда азыркы өкмөттү техникалык деп атоого туура келерин айтты.

"Аймактарды өнүктүрүү жылы" болот дегенде өкмөт билими, тажрыйбасы, идеялары бар кызыкдар адамдарды чогултканда бир топ иштерди жасамакпыз. Мен, мисалы, өкмөткө чалып "айлык акы кереги жок, интернет аркылуу укуктук жардам беребиз, ошонун аркасы менен көп маселелерди билебиз, силерге жардам берели" десем, эч кандай реакция болгон жок. Эки адамдын башын бириктире албаган өкмөт ишти алдыга сүрөп кетерине мен такыр ишене албайм.

Бүгүн биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновго кайрылып ушуну айттым. Ал макул деп жаздырып алды. Бир жума күтөм. Эгер эч кандай жооп болбосо, анда "техникалык өкмөт болуп эле, ага бир жылдан кийин "бүттү, биз кеттик" дегенге кызыкдар кишилер келген го" деген жыйынтык чыгарганга туура келет", - деди Карасартова.

ЖЫЛКЫБАЕВ: "Аймактарды өнүктүрүү бир жылда бүтпөй турган иш"

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аймактарды өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды кабыл алуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

"Жогорку Кеңеште аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтор түзүлгөн. Учурда иштер жүрүп жатат. Каракол менен Балыкчы шаарлары "өнүгүүнүн борборлору" деп кабыл алынган. Аларды иштетүү боюнча стратегиялык пландар, долбоорлор жазылып жатат.

Айыл өкмөттөргө муниципалдык ишкана ачканга сунуштарды бергенбиз. Алар долбоорду жазып жатат. Долбоорлорду жазуу бир топ убакытты талап кылат. Ысык-Көл облусунун жеке ишкерлери менен форум өткөрдүк. Алардын программалары, көйгөйлөрү менен тааныштык. Бекитилген план боюнча иштер жүрүп жатат. Мектеп, спорт зал куруу жана башка жумуштар жасалууда", - деди Жылкыбаев.

ИСМАИЛОВА: "Айрым айылдарда маданият үйлөрүнүн сырты оңдолуп, ичи бузулган боюнча турат"

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Аида Исмаилова Жети-Өгүз районунун айылдары тууралуу айтып берди. "Мен жалпы аймактардын өнүгүшү тууралуу айта албайм. Мага Жети-Өгүз районунун 5 айыл өкмөтүнүн эли кайрылды. "Кумтөр" алардын жайыт жерлерин казып салыптыр. Мыйзам боюнча, кен казган фирма казылган жердин айыл өкмөтүнө ижара катары каражат которуп бериши керек. Бирок 5 айыл өкмөттүн жерлери казылып, буларга эч кандай каражат бөлүнүп берилбей жатат. Айылдарда маданият үйлөрүнүн сырттары оңдолуп, ичи бузулган боюнча турат. Аталган райондогу Ак-Кочкор айылынын 9-класска чейин эле окуткан мектеби бар. Бул мектепти бүткөндөн кийин балдар кошуна айылдардагы мектептерге окушу керек болот. Балдар башка айылдын мектебинде окугусу келбейт. Мындан улам кыздар эрте турмушка чыгып, эркек балдар толук билим албай калышат", - деди депутат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан