Жогорку Кеңештин депутаттары "президенттик аппарат ишибизге кийлигишип, кысым жасоодо" деп айтып нааразы болушууда. Алгач депутат Эльвира Сурабалдиева президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев коркутканын айтып чыкты. Бүгүн, 27-декабрдагы парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев да "президенттик аппарат агитация кылбасын, тоскоолдук кылбасын" деп нааразычылык билдирди.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деп экинчи эл өкүлү айтып чыкты. Парламентаризмди курууда мындай аракеттер кандай жыйынтыкка алып барат? деп собол салды.
БЕКЕШЕВ: "Президенттик аппарат парламенттин ишине бут тосуп жатканын өлкө башчы өзү да билбесе керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш документти бекитип берүүчү органга айланып калбашы керек деген пикирде.
“Бул жаман адат. Президенттик аппарат президенттин позициясын билдирсе бир жөн. Бирок андай болбой жатат да. Өлкө башчы бир мыйзам долбооруна карата расмий пикирин айтышса, туура эле болот. Бирок алар президенттин атын жамынып алып парламенттин ишине кийлигишип жатпайбы. Президенттик аппарат парламенттин ишине бут тосуп жатканын өлкө башчы өзү да билбесе керек. Мындай мамиле парламенттен башка түзүмдөрдө да болбошу керек. Президенттик аппараттын жөнөкөй кызматкерлери да парламенттин ишине кийлигише берсе, анда Жогорку Кеңеш документти бекитип берүүчү органга айланып калат го”, - дейт Бекешев.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Президенттик аппараттын депутаттардын ишине кийлигишип, көрсөтмө бергенге эч кандай укугу жок"
Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев билдиргендей, эл өкүлүнө элден башка эч кимдин көрсөтмө бергенге укугу жок.
“Биз башынан айтып келе жаткандай депутаттар элдин өкүлү эмес. Эгер ар бир депутат өзүнчө элдин добушун алып келе турган болсо, алар мынчалыкка макул болбойт болчу. Президенттик аппараттын депутаттардын ишине кийлигишип, көрсөтмө бергенге эч кандай укугу жок. Анткени парламенттик өлкө деп аталып калгандан кийин бардык маселени Жогорку Кеңеш чечип, өкмөт аркылуу ишке ашырышы керек.
Бирок Конституциядагы эң чоң кемчилдик - ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын ким аныктай тургандыгы так көрсөтүлгөндүгүндө. Мындан улам экс-президент Алмазбек Атамбаев учурунда ушундай эле парламент ага толук бойдон баш ийип, мыйзам кабыл алышкан. Анда ички жана тышкы саясатты президент өзү аныктайт деп жазылган. Ошонун кесепетинен ушул келип чыгып жатат. Конституциянын, мыйзамдардын кемчилигинен ушундай болуп жатат”, - дейт Чолпонбаев.
ТАШИЕВ: "Президенттик аппараттын кийлигишүүсүнө мүмкүнчүлүк берген коркок депутаттар гана күнөөлүү"Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишпей көз салып турса болот деген пикирде.
"Негизинен көзөмөл кылбастан көз салып, байкап турса болот деп эсептейм. Кайсы мыйзамды кандай тартипте кабыл алуу керектиги жеке Жогорку Кеңештин депутаттарынын гана ишмердиги болуп саналат. Башка мамлекеттик органдын кийлигишүүсүнө мыйзам тыюу салат. Кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк берген коркок депутаттар гана күнөөлүү", - деди Ташиев.
ЖЭЭНБЕКОВ: “Депутаттардын президенттик администрациядан басым болуп жатканын айтып чыгышканы - бул жакшы көрүнүш”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков мурдагы бийликтин тушунда депутаттар мындай сөздү айта алчу эмес дейт.
“Бүгүн кээ бир депутаттардын “президенттик администрация ишибизге кийлигишип жатат” дегени өлкөдө бир аз болсо да эркиндиктин пайда болгонунун далили болуп эсептелет. Себеби мурда силер айтып жаткан 2 депутат тең мындай сөздү айта алчу эмес. Азыр айтып жатышканы бул алардын кандайдыр бир деңгээлде коркпой, өздөрүнө ишенип баштаганынан кабар берет. Бул жакшы көрүнүш.
Бирок президенттин администрациясы болобу, өкмөт болобу парламенттин ишине басым катарында кийлигишпөөсү керек. Депутаттарды “мындай добуш бергиле, тигиндей добуш бергиле” деп тескебеши шарт. Эл өкүлдөрү өздөрү чечсин. Дүйнөлүк практикада депутаттар менен сүйлөшүү жүргүзүү, консультациялашуу фактылары бар. Ушул механизмдерди пайдаланышса демократиялык эркиндикке, мамлекеттик кызматтын этикасына туура келет. Бирок коркутуу, басым жасоо туура эмес”, - деди Жээнбеков.
ЖУРАЕВ: “Депутаттардын башкалардын кысым жасашына жол берүүсү - парламентаризмдин негизги маселеси”
Саясат таануучу Эмил Жураев парламент өз укугун өзү коргошу керек деген пикирде.
“Парламентаризм курууда биздин өлкөдө толгон-токой бут тосуулар болуп келүүдө. Парламентаризмдин эң негизги белгиси – бул парламенттин өз алдынчалыгы. Депутаттар чечим кабыл алууда башка бийлик бутагынын таасири болбошу керек. Албетте, консультациялык негизде, мыйзам чегинде болсо туура эле. Буга чейин да аткаруу бийлигинин, президенттик аппараттын парламенттин ишине кийлигишүүсү, таасири айтылып келген. Депутаттардын мындай маселелерди ачык айтып чыгуусу жакшы эле көрүнүш, бирок алар парламент катары өздөрүнүн укугун өздөрү коргошу керек. Депутаттардын башкалардын кысым жасашына жол берүүсү - парламентаризмдин негизги маселеси”, - деди Жураев.
САРИЕВ: “Азыркы учурда президенттик аппараттын Жогорку Кеңештин ишине кийлигишкенин байкаган жокмун”
Саясат таануучу Марс Сариев "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деген эки депутаттын окуясын текшерип, изилдеп көрүү керектигин айтты.
“Жогорку Кеңештин ишине президенттик аппарат такыр эле кийлигишпөөсү керек. Кийлигишүү басым кылуу дегенди түшүндүрөт. Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишсе, Бакиевдин убагындагыдай эле абал болуп калат. Мындай нерсе Бакиевдин убагында болгон. Ал эми Атамбаевдин убагында андай болгон эмес. Азыркы учурда президенттик аппарат Жогорку Кеңештин ишине кийлигишкенин байкаган жокмун. "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деп эки депутаттын айтып чыкканын текшерип, изилдеп көрүү керек”, - дейт Сариев.
КЕЛДИБАЕВ: “Жогорку Кеңештин ишине кийлигишкенге президенттин жана президенттик аппараттын укугу жок”
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Кыргыз мамлекети парламенттик башкарууга өткөнүнө бир нече жыл болсо да иш жүзүндө толук кандуу өтө алган жок деген пикирде.
“Кыргыз мамлекети 2010-жылы парламенттик башкарууга өттүк деп референдум кабыл алган. Референдумдан кийин парламенттик шайлоо болду. Биздин парламенттеги депутаттардын мыйзам долбоорлорду сунуштоосуна президенттик аппараттын кийлигишкенге укугу жок. Анткени Кыргыз мамлекетинин азыркы Баш мыйзамына ылайык, мыйзам долбоорлорун парламент, өкмөт, элдик демилге менен көтөрүп чыкканга болот. Парламент мыйзам долбоорун 3 окуудан жактыргандан кийин президент кол коёт же койбой койсо болот. Жогорку Кеңештин ишине кийлигишкенге президенттин жана президенттик аппараттын укугу жок. Кыргыз мамлекети парламенттик башкарууга өткөнүнө бир нече жыл болсо да иш жүзүндө толук кандуу өтө алган жок. Буга себеп президенттик аппараттын мурдагы башчысы азыр премьер-министр болуп иштеп жаткандыгында. Ошондо өкмөт башчы президенттин аппаратынан сунушталып жатат. Мындан улам биз көз карандысыз парламенттик башкаруудагы мамлекетке өтө алган жокпуз деп айтсак болот”, - дейт Келдибаев.