“Текебаевдин чыгышы менен (түрмөдөн - ред.) саясий аренада жана коомдук өнүгүүдө жаңы багыттар шартталат деп ишенем”. Мындай пикирин белгилүү журналист Мыктыбек Арстанбек интернеттеги өз каналында айтып чыкты.
Ал камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кыргыз элинин саясий аң-сезимин калыптандырууда ролу чоң экенин айтып, учурда анын орду жоктолуп жатканына токтолду.
“Мен Текебаев тууралуу көптөн бери өз оюмду айткым келип жүргөн. Акыркы кезде саясатчылардын биздин коом тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин бул ойду айтуунун учуру келди.
Саясатчылардын биздин эл, коомчулук тууралуу айткан ойлору туура эмес. Алар элди ээрчиме, сатылма деп айтып келишет. Мен буга кошулбайм. Ал сөздөр кайсы бир саясий мүдөө ишке ашпай калгандан улам элге доомат кылуу иретинде айтылат. Эл деле буга макул деп коё берет. Бирок маселе башкада. Башкысы эл таза саясий баамга жете элек. Коомдун саясий аң-сезиминин өсүүсү, саясаттагы жетик саясатчылардын болуусу менен шартталат. Башкача айтканда, жетик саясатчылар элдин саясий аң-сезимин тарбиялайт.
Саясаттагы мына ошол адамдардын бири - Өмүрбек Текебаев. Менин колумда өткөн кылымдын 90-жылдарындагы чакан тасма бар. Андагы боз улан жигит Текебаевдин айткан сөздөрү чынында таасирдүү, анан жүйөлүү. Азыр ошол тасмадагы Текебаевдин курагындагы жигиттер нанды “нана” деп жүрүшөт. Көрүнгөн саясий партияга кошула берип алардын жетим жүгүрүгү болуп калышкан.
Чындыгында мен Текебаевдин күйөрманы эмесмин. Бирок ал саясий аренада керек болуп жатат. Чыныгы саясий пикири бар, саясий идеологиялык саясатчылардын жоктугунан улам ууру, "кисабир", бандит, эптеп бийликке келип алып элдин акысынан жашаган, эгер бийликке өтпөй калса кайра жамандаган "балаболдор" мына ушундан пайда болууда. Жетик саясатчылардын саясатта дайым алпурушуп турганы коомдун аң-сезимин тарбиялоо менен өнүгүүнү да шарттайт.
Текебаевдин саясаттагы тагдыры кандай болот аны билбейм. Балким, аны түрмөдө мокотуштубу? Түрмөдөн кийин анын саясий көз карашы кандай өзгөрдү билбейм. Кандай болгондо да ал мамлекет менен улгайып турган саясатчы. Анын чыгышы менен саясий аренада жана коомдук өнүгүүдө жаңы багыттар шартталат деп ишенем. Ал саясий кубулуштардын тогошуусунда өтө чоң ролду ойнойт”, - деп айткан ал.
Өмүрбек Текебаевди 2017-жылы февраль айында ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышып кайтып келе жатканда "Манас" аэропортунан кармап кетишкен. Аны Орусиянын көпчүлүк аферага аралашкан адамдын көрсөтмөсү менен 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.