"Эч убакта бирөөдөн өч алам деп аракет кылбагыла, кайран өмүрүңөр кетет", - деген кеңешин коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов камактан үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго берди. Мындай кепти ал Текебаев менен Чотоновдун "Ата-Мекендин" штабында тарапташтары менен болгон жолугушуусунда айтты.
"Бүгүн силердин камактан чыкканыңарды бүт өлкө көрүп кубанып, майрамдап жатат. Сен экөөбүз, Өмүкө, (ред. Өмүрбек Текебаевге кайрылып) 1991-жылы Эгемендүүлүк жөнүндөгү декларацияны кабыл алганбыз, 2 күндөн кийин ошол күн, ошонун алдында чыктың.
Мен силерге ага катары айтарым, эч убакта бирөөдөн өч алам деп аракет кылбагыла, кайран өмүрүңөр кетет. Көп нерсе башымдан өткөн киши катары айтып жатам, эч кимге теңелбегиле, ошолордун баарынан бийик болгула. Силерге ким жамандык кылбасын, канчалык бут тосуп, жок кылууга аракет кылбасын Кудай өзү баарын теңдеп коёт.
Азыр жашыңар дагы, ден соолугуңар дагы, акыл-эсиңер дагы ордунда турган мезгилде Кыргыз Республикасынын келечеги, Кыргыз мамлекеттүүлүгү, мамлекетти мындан ары кандай жол менен өстүрсөк, элибиздин турмушун кандай кылып оңдосок, элибиздин биримдигин кандай чыңдасак деген багыттан жазбагыла", - деди Шеримкулов.
Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ага карата чечим чыгарган сотторду, ага каршы көрсөтмө берген Леонид Маевскийди кечиргенин айтты.
"Мен адам катары кечирдим, кыргызда "жакшылык менен бүткөн иш баарын жууп кетет" деп айтылат. Эгер түрмөдө жатып жок болсом, балким, башкача болмок. Жакшылык менен бүттү, эми мен жеке аларды куугунтуктагым келбейт. Бирок мамлекеттик саясат болушу керек. Баары эмес, буйрук бергендер жазаланышы керек. Ар биринин ролу ар кандай, ошого жараша", - деди Текебаев.