Икрамжан Илмиянов өзүнүн өтүнүчү менен УКМКнын СИЗОсундагы жалгыз адам отуруучу камерага которулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-октябрда УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов SUPER.KGˊге тастыктады.
"Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Икрамжан Илмиянов өтүнүч менен кайрылган. Анда ал аны жалгыз отуруучу камерага которууну суранган. УКМКнын СИЗОсунун жетекчилиги анын өтүнүчүн канааттандырды. Учурда ал башка камерага которулду", - дейт Сулайманов.
Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташып жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан.
29-октябрда "Кыргызстан социал-демократтар партиясы" Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Икрамжан Илмиянов боюнча жиберилген суроосуна расмий жооп тараткан. КСДП өз жообунда 2017-жылдын 15-июлунда президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбеков тандалганын, бардык маселелерди ал жана анын штабы чечкенин маалымдаган.
УКМК Илмияновго "алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Орусиядан кармалып келип, соттун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган.