КҮНСОБОЛ: Президенттик шайлоодо Жээнбековдун атаандашы болгон Улукбек Кочкоров министрликке көрсөтүлдү. Дагы кайсы адамдар өкмөткө келиши керек деп ойлойсуз?

Улукбек Кочкоров 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, Сооронбай Жээнбековдун 10 атаандашынын бири болгон. Шайлоонун жыйынтыгында Кочкоров 6-орунду ээлеген. Бүгүн анын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөнү белгилүү болду.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Дагы кайсы адамдар өкмөткө келиши керек деп ойлойсуз?" деген собол салды.

НАЗАРОВ: "Сыртта туруп ишти сындаш оңой. Өкмөткө келип, ишти аткарыш өтө кыйын"

Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров жетекчи кызматтарга кесипкөй адамдар келиши керектигин айтты.

"Кадрлар кызматка партиялык кызыкчылык менен келгени бир аз туура эмес экен. Муну тажрыйбабыздан көрүп турабыз", - деди Назаров.

"Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин өкмөт башчы сунуштайт. Биз ага ишеним көрсөттүк, өкмөттү түзгөнбүз. Кочкоровду алып келгенден кийин ал жоопкерчиликтүү болуп, өз тармагы үчүн өзү жооп бериши керек. Сыртта туруп алып, жасалып жаткан ишти сындаш оңой. Ишке келип, аны аткарыш өтө кыйын. Ким катуу кыйкырып сындап койсо, ошону кыйын деген туура эмес. Сындаган - бул бир, кызмат жасаган - бул таптакыр башка. Ошон үчүн коомчулукка популярдуу болуп көрүнүп жаткан адамдар жумушка келгенде колунан эч нерсе келбей калышы мүмкүн", - деген ойдо Назаров.

МАСАЛИЕВ: "Кадрларды сырттан алып келгенде дароо жетекчи кызматка койбой, 5-10 жыл иштетип тарбиялаш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев айрым учурда жетекчи кызматтарга тажрыйбасы жана адистиги жок кишилер дайындалып жатканын айтты.

"Аткаруу бийлигинин башчысы премьер-министр болгондон кийин ал өзү кимдер менен иштей турганын тандайт. Көптөгөн улан-кыздарыбыз сыртта эмгектенишет. Ошолорду өкмөткө тартыш керек. Бирок бир нерсени эске алуу зарыл: сырттан алып келгенде дароо жетекчи кызматка койбой, жок дегенде 5-10 жыл иштетип тарбиялаш керек. Алып келип төргө отургузуу керек деген ойдон алысмын. Эгер чет өлкөдө чоң ишке аралашып ийгиликтерге жетсе бир жөн, анда кайсы бир чарбага жөнөтсө болот. Ал эми мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүгү бар.

Улукбек Кочкоров тууралуу айтсам, эгер аны социалдык маселелер боюнча жетекчи кылса, ката болбойт. Ал чыныгы патриоттордун бири жана келечеги жакшы", - деди Масалиев.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Жээнбеков шайлоодогу өзүнүн убадаларын гана эмес, атаандаштарынын убадаларын да аткара баштады"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин пикири боюнча, президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоодогу бардык атаандаштары элдин добуштарына ээ болгондуктан, алар өкмөттөгү кызматтарга татыктуу.

"Ошол эле Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Адахан Мадумаров - алардын бардыгы коомдук-саясий ишмерлер. Алар шайлоого өз программалары менен катышкан. Бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы бир эле өзүнүн убадаларын эмес, атаандаштарынын убадаларын да аткара баштады. Буга жакшы баа бериш керек. Ошол эле коррупцияга каршы күрөш боюнча уюшкан жогорку кызматтагы адамдардын аракеттери боюнча убадаларды ишке ашырып жатат", - деди депутат.

"Шайлоодо Улукбек Кочкоров Жээнбековдун саясий атаандашы болгон. Бардык талапкерлер эл үчүн, элдин жашоо-шартын өзгөртүү үчүн шайлоого катышкан. Ошол себептен алар бири-бирине жеке атаандаш эмес, көз караштар боюнча атаандаштар болгон. Кочкоровдун министр кызматына көрсөтүлүшү - бул жакшы жышаан, колдоого ээ саясий маданияттын жакшы көрүнүштөрүнүн бири", - деди Жээнчороев.

АСКАРБЕКОВ: “Акыркы кадрдык өзгөрүүлөрдү саясий аренанын сапаттуу жаңылануусу десек болот”

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековдун пикиринде, бийлик жаш жана жаңы кадрларга ишеним артуу менен элге жаңы үмүт берди.

Улукбек Кочкоров жана Азамат Жаманкуловдун министрликке талапкер катары аттары аталганы социалдык тармактарда эле эмес, жалпы журт арасында дагы ишенимди, үмүттү пайда кылды.

Улукбек Кочкоров өзүнүн кесипкөйлүгү менен жана эл үчүн күйгөн адам катары белгилүү. Жаш жана билимдүү кадрларды кызматка көрсөтүү менен бүгүнкү бийлик көптөгөн жаңы муундун өкүлдөрүнө жаңы дем берди деп белгилеп кетким келет. Акыркы кадрдык өзгөрүүлөр “саясий аренада сапаттуу жаңылануу керек” деген чакырыкка туура келип жатат. Биз жаңы муундун өкүлдөрү 8 жылдан бери ушул чакырыкты таштап келебиз, бизге сапаттуу жаңылануу керек. Мына бүгүн ошол кадамдарды бийлик таштап жатат. Бул нерсеге сүйүнүү менен карап турабыз. Менин оюмча, мындан ары жакшы ийгиликтер болот.

Ошол эле кезде президенттикке талапкер катары чыккан Таалатбек Масадыковду белгилеп өтөлү. Бул адамдын эл аралык мамилелерде тажрыйбасы бар, жаңы көз караштагы кадр экенин айтсак болот. Ошондой эле Адил Турдукулов, Тимур Саралаев, Айбек Бузурманкулов деген 10 жылдан бери саясий-коомдук иштерге активдүү аралашып, өз позициясынан тайбай келе жаткан мыкты жигиттер бар. Ушуга окшогон адамдарга бийлик кызмат берип, иштетсе болот. Бул адамдар жок дегенде ыплас иштерге аралашпай иштеп беришет. Президенттин коррупция менен күрөшүүгө болгон чакырыгынын аткарылышына көмөк кыла турган адамдар ушулар”, - деди Аскарбеков.

МОЛДОКМАТОВ: “Кадрларды туура тандап, эл-жер үчүн иштетүү керек”

“Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун пикиринде, өкмөткө келип иштөөгө татыктуу инсандар көп, болгону кадр саясатын туура жүргүзүү керек.

“Улукбек Кочкоровдун социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөнүн мен абдан жылуу кабыл алдым, бул жакшы жөрөлгө. Мен бул адамды жакындан билген адам катары айтайын, ал билимдүү, ар бир маселеге дыкат, кылдаттык менен караган адам. Аны элдин социалдык маселесин жакындан билген адам катары тааныйм. Улукбек Кочкоров сыяктуу билимдүү, тажрыйбалуу инсандар мамлекеттик кызматта болушу жакшы көрүнүш.

Биздин өлкөдө жигердүү, дымактуу даяр кадрлар абдан көп. Аларды туура тандап, тиешелүү кызматтарга койсо иштеп бергенге күчү жетет деп ишенем. Көп инсандардын арасынан бөлүп айтуу туура эмес, бирок суроого жараша бир-эки инсанды белгилеп коёюн. Президенттик шайлоодо ат салышкан Таалатбек Масадыков, бул адамды коопсуздук тармагына коюп иштетсе болот деп эсептейм. Максат Чакиевди айтсам, ал туризм, маданият тармагы боюнча тажрыйбалуу. Японияда 10 жылдан ашык окуп, тажрыйба топтоп келген Сейтек Качкынбаев деген жигит бар. Ушуларга окшогон жигиттер көп, болгону кадр саясатын туура жүргүзүп, тийиштүү кызматтарга коюп, эл-жер үчүн иштетүү керек”, - деди Молдокматов.

АСАНБЕКОВ: “Бийлик бутактарын күчтөндүрүү процесстери гана жүрүп жатат”

“Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбековдун билдиришинче, өлкөдө кадр саясаты өнүктүрүү стратегиясына эмес, саясий кырдаалга ылайык чечилип жатат.

“Мамлекеттик кадрларды тандоо маселеси саясий коньюнктуранын талабына жараша чечилип жатат. Илимий чечимдин негизинде аныкталган улуттук экономикабызды өнүктүрүү стратегиясы жок. Бийлик бутактарын күчтөндүрүү процесстери гана жүрүп жатат.

Азыркы бийлик институттарындагы кадрларды алмаштыруунун себеби - саясий коомдук туруктуулукту акыркы күндөргө чейин көзөмөлдөп келген КСДП партиясынын ичиндеги тирешүүлөрдөн келип чыккан оор саясий маселе. Азыркы бийликтегилер ич ара жеке келишпестиктерден улам президенттик шайлоодогу саясий жеңиштерин жокко чыгарып алышты. Ошондуктан алдыда келе жаткан парламенттик шайлоодо саясий таасирлерин күчтөндүрүү максатында кадр саясаты иш жүзүнө ашырылып жатат. Бул көрүнүштү Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүктү алгандан бери эле келе жаткан саясий каталары деп эсептейм. Эртели кеч саясий-экономикалык кырдаал мындан да оор абалга такалат”, - деди Асанбеков.

КАЧКЫНБАЕВ: "Кызматтарга кимдер эмес, кандай адамдар келгенине басым жасашыбыз керек"

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикиринде, парламенттик башкарууда кызматтарга талапкер депутаттардын арасынан көрсөтүлүүгө тийиш.

“Парламенттик башкаруу системинде кызматка "кимдер келиши керек" деп эмес, "кандай адамдар келиши керек" деген суроону коюшубуз зарыл. Парламенттик башкарууда министрлик, агенттиктердин жетекчилигине депутаттардын арасынан дайындалышы керек. Бүгүнкү күндө өкмөт башчылык кызматта Иса Өмүркулов отурушу керек болчу. Азыркы учурда сырттан эле адамдар көрсөтүлүп, ошол адамдар дайындалууда. Депутаттардын арасынан болсо алар эл шайлаган, элдин элегинен өткөн адамдар.

Улукбек Кочкоровдун талапкерлигинин сунушталышы жаман көрүнүш эмес. Анын кадыр-баркы кандай экенин, таза жигит экенин баарыбыз билген үчүн суроо жаралган жок. Башка бирөө болгондо, албетте, коомчулукта суроо жаралмак. Бирок кандай болбосун, баары эреже менен кеткени зарыл. Себеби дегенде сырттан талапкер көрсөткөндө тараптарда кызыкчылыктар жаралышы мүмкүн.

Коомчулуктун да пикирин эске алуу туура. Бирок бизде калыптанган эреже бар. Мисалы, саат 11ден 40 мүнөт өткөнүн эч ким талашпайт да, себеби бул калыптанган эреже. Ошол сыяктуу эле биз дагы ошондой эрежени калыптандырышыбыз керек”, - деди Качкынбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан