Былтыр 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Ошол убакыттан бери аталган кызматка эч ким дайындала элек. Транспорт жана жолдор министрин дайындоо кечигип жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөттө кадрдык кризиспи?" деген собол салды.
КАРАМУШКИНА: “Азыр кадрдык ачкачылык жана жөнү жок кызмат алмаша берүү болууда”
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кадр саясаты системдик түрдө иштебей жатканын белгилеп, кызматка дайындоолордо башаламандык болгонун айтты.
“Бизде мамлекеттик кызматка кадрлар системдик түрдө таптакыр эле даярдалбайт. Мамлекеттик кадр кызматы ар кандай сынактарды, тестирлөө өткөрүп келишет. Бирок мен сабаттуу, жоопкерчиликтүү балдардын кайсы бир этаптардан өтпөй, таанышы барларды кызматка алышканын билем. Ким кимдин досу же таанышы деп башаламан түрдө тандап, кызматка дайындашат. Бирок ал иштеп кете алабы? Кайсы бир тармактын жетекчисин дайындоодогу башаламандык өлкөнү туңгуюкка алып келет. Кесипкөй адистин жеке пикири, көз карашы болот. Ал өзүнө дасыккан эксперттерден команда чогултат, жалкоолорду четтетет. Бирок бизде андай адамдарга эркиндик беришпейт. Жөн гана баш ийип, көрсөтмөлөрдү аткара тургандарды издешет.
“ХХI кылымдын кадрлары” деген программа ишке киргизилип, жөндөмдүү балдарды чет өлкөгө жөнөтүшкөн. Эми алар кайда? Бул жакта бюрократиялык капкандан улам азыр алар же жеке секторлордо, же өлкөдөн чыгып кетишти. Мага жакында эле бир аял кайрылып, уулу чет өлкөдө билим алып Кыргыз жеринде финансист болуп ишке орношо албай жатканын айтты. Билимдүү, жоопкерчиликтүү, пара албайт, бирок андайларды жумушка алышпайт да. Кайсы бир тармакка жетекчи издеп жатканда ошол тармакты билген адамды караган туура. Ошол жакта иштегендер деле ким татыктуу экенин билишет. Мында да алардын пикири эске алынбайт. Түрк окуу жайларын бүткөндөр кайда? Мамлекеттик түзүмдөрдө аларды жолуктурбайсың, анткени билимдүү балдар айына 15 миң сом алып иштегиси келбейт. Башкача айтканда, азыр кадрдык ачкачылык жана жөнү жок кызмат алмаша берүү болууда”, - деди Карамушкина.
КАРАШЕВ: "Өкмөт транспорт жана жолдор министри кызматына талапкер таба албай жатса керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев белгилегендей, өкмөт мүчөсү кызматынан кеткен же бошотулган учурда премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунушташы керек.
"Жаңы жылга чейин өкмөт башчыдан сунуш түшкөн эмес. Азыркы учурда депутаттар аймактарды кыдырып жүрөбүз, өкмөт башчыдан сунуш түшкөнүн же түшпөгөнүн билбейм. Кыргыз өлкөсүндө кесипкөй, билимдүү жигиттерибиз көп. Өкмөт жетекчиси чечкиндүүлүк кылып, ошолордун ичинен татыктуусун тандап алып ишеним көрсөтсө болмок. Өкмөттө кадрдык кризис бар же жок деп айта албайм. Өкмөт транспорт жана жолдор министри кызматына талапкер таба албай жатса керек", - дейт Карашев.
ТОКТОШЕВ: "Өкмөттө кадрдык кризис бар"
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев өкмөт транспорт жана жолдор министри кызматына жаңы кадр алып келсе туура болорун айтты.
"Менимче, өкмөттө кадрдык кризис бар. Акыркы дайындоолор элдин купулуна толбой жатат. Транспорт жана жолдор министри кызматына кадрды сырттан алып келиш керек. Анын менеджер болуусу шарт. Системдин ичинен кадр алып келсе, өкмөт дагы жаңылат. Ал эми министрдин орун басары кызматына ушул тармакты түшүнгөндөрдү койсо туура болот ", - деди ал.
КАДЫРБЕКОВ: "Кадрлар табылбай жатса, демек, ар кайсы күчтөрдүн талаш-тартышы болуп жаткандыр"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков кадрдык кризис эгемендүүлүк мамлекет болгондон бери эле башталганын айтты.
"Бул көрүнүш көнүмүш адат болуп калды. Себеби бизде кесипкөйлөрдү жумушка коёюн деген ой эч кимде жок. Жакынын, таанышын же акча берген адамды кызматка алып келишет. Азыркы учурда кадрлар табылбай жатса, демек, ар кайсы күчтөрдүн талаш-тартышы болуп жаткандыр. Башка тармакта иштеген адамдарды эле алып келип кызматка койгон учурлар көп. Бир убакта Геология жана минералдык ресурстар агенттигине милиция кызматында иштеген адам жетекчи болгон. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин юрист, математик башкарган. Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүнүн келечегин ойлогон адамдар жок болуп калды", - дейт Кадырбеков.
ЧАКИЕВ: "Бизде кадр саясаты реформага муктаж"
Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиевдин пикиринде, транспорт тармагында ишенимдүү кадрлар жок.
"Албетте, транспорт тармагында кадр жоктугу билинет. Министр деген менеджерлик, саясатчылык сапатка ээ болушу керек. Министрлик деген чоң түзүм. Аны башкарып насыя, грант табышы керек. Транспорт жана жолдор министри кызматына буга чейин дайындалбаганына караганда кадр таппай жатса керек. Дегеле өлкөдө кадр кризиси болуп жатат. Казакстан атайын программа менен кадрларды даярдап келет. Алгач жаштарды чет өлкөгө окутуп, майда кызматтарда өстүрүп, анан министрликтерге коёт. Бизде андай жок. Кадрдык резерв бар, бирок алардын билими кандай? Бул да маселе. Бизде бул саясат реформага муктаж", - деди Чакиев.
АКЫЛБЕК: "Мамлекетте тез-тезден кадрлар алмаша берсе, өкмөттүн келечеги кыска болот"
Саясий серепчи Нурсултан Акылбектин айтымында, өкмөттөгү кадрдык кризис мурдатан эле байкалып келет.
"Көптөгөн министрлер мурдагы бийликте да, азыркы бийликте дагы иштеп жатышат. Алар эффективдүү иштерди жасап жаткандыктан азыркы убакка чейин кармалып турат дегенден алысмын. Кээ бир министрликтерде ал системге тиешеси жок адамдар дайындалып калууда. Азыркы бийликтин келгенине бир жыл өтсө дагы президент же өкмөт алдында туруктуу мамлекетти өзгөртө турган команда пайда боло электиги да кадр кризисинин анык белгиси.
Ал эми транспорт министрлигине келсек, бул кызматка талапкерлер жетиштүү эле болсо керек. Буга себеп, узакка созулган дем алыш күндөрү же Жогорку Кеңеш жумушка кирише электигинен болушу мүмкүн. Ошондой эле мурдагы министрдин орун басары камалганы, министрдин жаңжал менен жумуштан кеткени жаңы талапкерлерди табууда кыйынчылык туудурат. Ачыгын айтканда, тез-тезден кадрлар алмаша берсе, өкмөттүн келечеги кыска болот. Балким, жакынкы айларда өкмөттүн түзүмү толугу менен өзгөрүшү мүмкүн", - деди Акылбек.
КАЗАКБАЕВ: "Транспорт жана жолдор министрлигиндеги жетекчилердин баарын алмаштыруу зарыл"
Саясий серепчи Марат Казакбаев билдиргендей, өкмөттө реалдуу деле кризис жок.
"Транспорт жана жолдор министрлигине жаш кадрларды алып келбей жатышат. Эски кадрлар менен коррупцияга малынып эле жүрөбүз. Министрликтеги бардык жетекчилерди алмаштырыш керек. Өлкөдө мыкты адистер бар, бирок аларды кызматка жолотпой жатышат. Президент муну жакшы түшүнбөй жатат. Министрдин орун басары пара алууга шектелип кармалды, демек, команданын баары коррупцияга малынган. Министрликтин жетекчилик кызматына жаш кадрлардын келүүсү шарт", - дейт Казакбаев.