КҮНСОБОЛ: Сооронбай Жээнбеков президент болгонуна бүгүн жарым жыл болду. Кандай иштери менен журт атасы боло алат? (толукталды)

2017-жылы 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка расмий киришкен. Андан бери жарым жыл өттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жээнбеков кандай иштери менен журт атасы боло алат?" деп собол салды.

НОГОЙБАЕВА: "Жээнбековдон реформалар боюнча көптү күтпөй эле койсо болот"

"Азия плюс" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева президент Сооронбай Жээнбеков кандай кадамдарды жасашы маанилүү экенин айтып берди.

"Биринчиден, Сооронбай Жээнбеков непотизмге - үй-бүлөлүк башкарууга жол бербеш керек. Экинчиден, ал маалыматтык айдыңдагы чектөөлөрдү алып салуусу зарыл, бул тармакта анын эч кандай аракеттерин көрө элекмин. Бул ишти азыр Атамбаев жасап жатканын көрүп жатабыз, анткени ал оппозицияда.

Үчүнчүдөн, Жээнбеков фискалдык, бажы жана, эң негизгиси, жогорку жетекчилик деңгээлде коррупцияны азайтышы зарыл. Реформалар жана жаңылоолор боюнча азыркы президенттен көптү күтпөй эле койсо болот, анткени ал советтик аткаминер: абдан сак жана жаңычылдыктарды киргизе ала турганына ишениш кыйын. Бул үчүн жаңы ой-жүгүртүү керек. Бирок эгер ал өлкөнү бейрасмий-коррупциялык-үй-бүлөлүк башкарууга жеткирбесе, мунусу эле жакшы болот. Ак ниет, эмгекчил, популист эмес лидер катары таанылса, жакшы болот", - деди эксперт.

АБДЫРАХМАН: "Журт атасы болуш үчүн эмне кылуу керек экендиги "Манас" эпосунда жазылган"

Журналист Шайырбек Абдырахман президент кандай иштерди кылганын так кесе айтып белгилөөгө жарым жыл убакыт кыска деген пикирде. "Мамлекетте сот калыстыгы орнойт, жетекчи кызматтагылардын жеген-ичкени токтойт жана сот, прокуратура, милиция органдарынын бийликтин буйругун аткаруусу, калыссыздык мамилеси токтойт" деген элде үмүт пайда болду. Сынып калган Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбеков президент болгон 6 айдын ичинде кадимкидей өзүнө келди, өз бийлигин колуна алды, кайратына келди. Бизде парламенттик башкаруу системи, биз ошол калыпка түшүп келе жатабыз, бул дагы президенттин жасаган иштеринин бири. Ал эми журт атасы болуш үчүн кандай болуш керек экендиги "Манас" эпосунда жазылган, ар бир жетекчи "Манас" эпосунан жооп ала алат", - деди Абдырахман.

ЖУМАКОВ: "Президент учурда эски систем менен жалгыз күрөшүп жатат"

Жарандык активист жана юрист Улан Жумаков Сооронбай Жээнбековдун көз карандысыздыгы, харизмасынын күчтүүлүгү, принципке бекемдиги эл үчүн күтүүсүз болгонун, буга баары таң калганын айтты.

"Элде жаңы президент келди деген үмүт пайда боло баштады. Алгачкы эле иштери Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция маселелесин көтөрүп, жоопкерчиликти өзүнө алды. Мамлекетте качантан бери коррупция гүлдөп келгенин, эч ким эч нерсе кылбаганын белгиледи, бир дагы президент жоопкерчиликти өзүнө алган эмес, өздөрүн мактап эле келишкен. Бийликтин үч бутагына тең өздөрүнө тийиштүү эркиндикти берди.

Мына, парламент жаңыдан эле иштеп баштады, так сындарды айтып, депутаттар коркпой сүйлөп башташты. Калгандары өкмөт, министрликтер, губернаторлор эч нерсе кылбай жатышат. Кыла турган иштер көп, Тогуз-Тородогу комбинаттын өрттөлүшү, Канттагы футбол клубунун оюнчуларынын мушташы. Чиновниктер азыр коркок, президент учурда эски систем менен жалгыз күрөшүп жатат. Президентке учурда эл, жарандык активисттер жардам берүүдө, мына азыраак убакыттан бери парламент жардам берүүдө", - деди Жумаков.

ТҮЛЕЕВ: "Бүгүн биздин өлкөдө журт атасы болуу абдан оор"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Кыргыз өлкөсүндө журт атасы болуу үчүн белгилүү философтордой болуш керектигин сунуштады.

"Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө журт атасы болуу абдан оор. Ал үчүн аскет болуу керек: анын жеке менчиги жана ашыкча эч нерсеси болбош керек. Мисалы, Хо Ши Мин (Вьетнамдын мурдагы президенти), жеңил бут кийимчен Махатма Ганди (Индиянын саясий ишмери) же аскердик кийимчен Иосиф Сталин жашагандай жашаш керек. Ак Үйдө расмий жолугушууларды гана өткөрүп, өзү болсо жөнөкөй үйдө же батирде жашашы керек", - деди Түлеев.

СООРОНКУЛОВА: "Жээнбеков сот реформасын ишке ашырса тарыхта калмак"

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова президенттен көп нерсени күткөн туура эмес нерсе экенин айтты.

"2010-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттин ыйгарым укуктарын чектеп койгонбуз. Чектеп койгонубузга карабай эле өнүгүүнү, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту президенттен күтүп жатабыз. 2007-жылдагы Конституцияга салыштырганда, президенттин 20дан ашык ыйгарым укугу кыскарган. Мурда өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктап туруп ошону көзөмөлгө салып иштечү, ошондуктан колундагы бийлиги зор болчу. Азыр 120 депутатты шайлап алып, кайра эле президентти карап отурабыз.

Президенттен менин күткөнүм, өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында эле иштесе, парламенттин өнүгүшүнө, өкмөттүн жоопкерчилигинин күчөшүнө шарт түзүлмөк. Президент өзүнө ыйгарым укугунан тышкаркы ишти кылгандан карманыш керек.

Президенттин кыла ала турган иши - сот реформасы. Конституцияда президентке ушул тармак боюнча көп укук берилген: сотторду дайындайт, сотторду кызматтан алат, сунуштайт. Сооронбай Жээнбеков сот реформасын ишке ашырып койсо эле чоң иш кылат эле. Сот реформасы алдыга жылмайын эч нерсе жылбайт. Президент Соттук реформа боюнча жыйында сөз сүйлөп, негизги багытты койду. Бирок мен ага канааттанган жокмун, себеби мурда эле болуп келген нерсени улантыш керек дегендей айтылып кетти. 6 ай ичинде кайсы соттук реформаны кандай багытта ишке ашырыш керек, негизги багыттар кайсылар деген маселе боюнча президенттин толук кандуу көз карашы калыптана элек.

Негизги көйгөй, президент чече ала турган нерсе - татыктуу талапкерлерди тандап, бул маселеге катуу көңүл буруп, сот системин тазалоо. Өзү деле "ондогон соттор кызматынан кетти" деп айтып жатпайбы, ооба, жергиликтүү сотторго сот системин чиритип жүргөн сотторду тандоодон өткөргөн жок, тилекке каршы, ошол боюнча кенен маалымат берилген жок. Президент “сот процесстерин теледен көрсөтүш керек” деп өзү айтты, анда өзүнүн тандоосун, эмне үчүн президенттин элегинен өтпөй калганын көрсөтүп койбойбу. Ошол жагын элге көрсөтсө, биз билет элек, кандай болуп жатканын баалайт элек, маалымат жок болгону үчүн биз билбей жатабыз.

Такыр кылган жок дебейбиз, иштеп жатат, бирок кээде өтпөй турган соттор өтүп кетип жатат, кечээ Жогорку Кеңеште баарыбыз көрдүк: иш козголгон, пара алган деген Айдар Алымкулов сунушталып жатат, президент аны өткөрүп жатат. Ирина Воронцовага деле нааразычылыктар көп, анын да кылыктары көп. Президент элдин маанайы, каалоосу менен да эсептешип иш кылса, сот реформасын ишке ашырса, Жээнбеков тарыхта калмак”, - деди Сооронкулова.

АЛТЫМЫШЕВ: “Өкмөттүн ар бир катасы, кемчилиги президентке сокку болот”

Журналист Тынчтык Алтымышевдин пикиринде жаңы президенттин 6 ай ичинде койгон максатынан, айткан сөзүнөн бир жыл аралыгында жыйынтык чыгып баштабаса, элдин ишениминен ажырайт.

“Сооронбай Жээнбеков президенттикке келгенден кийин ишин өлкөдөгү талуу маселелерге мониторинг жүргүзүп, ишти коррупциядан арылтуудан башташ керек экендигин түшүнүп жана күч структураларындагы кадрларды тазалоодон баштады. Коррупция менен күрөшүү аракетинин башталышында чоң каршылыкка туш болду, бул каршылык президенттикти мурас катары калтырган Алмазбек Атамбаев жана анын командасы тараптан болду. Ага каршы туруп, тоскоолдуктан өтүү үчүн 2 ай убактысы кетип калды. Азыр парламент менен кызматташуу келишимине келди окшойт, өзүнүн жаңы өкмөтүн түздү, ишти жаңы баштады. Менин оюмча, жарым жыл убактысы ишти баштоого кетти. Ошондой эле шайлоодо тааныштырган программасын ишке ашыруу үчүн бийлигин эми бекемдеди.

Президент болгондон кийин айткан убадалары ишке ашып баштабаса, ар бир убадасы өзүнө каршы иштеп баштайт. Учурда коомчулукта да президент болгонуна 6 ай болду, эмне иш кылды деген суроолор пайда боло баштады, дагы 6 айдан кийин президенттик мөөнөтүнө бир жыл болот. Ошол 1 жыл болгон учурда коомчулукта “Президент кандай иштерди жасады?” деген чоң суроо пайда болот, иши көзгө көрүнсө анда эл колдоп кетет. Азыркы президентте чоң мүмкүнчүлук бар, эл, парламент, өкмөт колдоп жатат. Эгер кылган иши көрүнбөсө, коомчулуктун колдоосунан ажырайт, өкмөттүн ар бир катасы, кемчилиги президентке сокку боло берет.

Соттук реформа жана коррупция менен күрөшүү максатын ишке ашырса, коррупция азайганын эл жон териси менен сезсе, анда бул президенттин эң чоң иши болуп калат”, - деди Алтымышев.

МАДУМАРОВ: "Жээнбеков маселе чече албайт, чечпейт дагы"

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун пикиринде, азыркы президент куру кыйкырык менен гана алек.

"6 айдын жүзүндө эмне иш жасады дегенде, "акырдан жем жеген" КТРК, ЭЛТРди карасаң, "укмуштуудай иштерди жасады" деп кыйкырып атышат. Эмне иштерди кылып жатат, ишинин натыйжасы жок, көрсөткөндөрү мечитке барды, мечитке барса эмне болуптур, мечитке миллиондогон мусулмандар барат, мечитке барса ар бир мусулман жеке өзү үчүн барат. Ал нерсени өзгөчө кылып көрсөтүштүн эч кажети жок, тескерисинче, бул күнөө болот. Анан "эл менен учакта учту", баарыбыз эле жогорку кызматта иштеп жүргөндө эл менен эле учуп жүргөнбүз.

Булар, тилекке каршы, арзан, олдоксон, адамга жукпай турган жеңил пиар менен алек болуп алышты. Мага бул жаңылык эмес, мен шайлоо учурунда эле ушул жол менен барарын айткам. Өткөндө маалымат жыйынын өткөрүп 5 маселе койдум, ушул 5 маселени чечсе, жанында колдоп-коштоп турганга даярмын, 5 маселенин бирин дагы чече албайт, чечпейт дагы.

Коррупция менен Өзбекстан эч кыйкырыгы жок эле күрөшүп жатат, кармалгандар өлкө казынасына жегенин кайра кайтарып төгүп жатышат. Бизде кайсы коррупционерден 1 сом алып, ордуна коюп койду, тек гана куру кыйкырык.

Эмне үчүн аткара албайт? Себеби аткарууга эрк керек. Бир эле сүйлөм менен сөзүмдү жыйынтыктайм, Кыргыз мамлекетинин 27 жылдык эгемендик тарыхында эки ооз сөз айтпаган киши бүтүндөй кыргыз элинин лидери боло алабы? Ушул сүйлөм жетиштүү", - деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев аталган суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан