КҮНСОБОЛ: Буга чейин мурунку чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштери коомчулукка кеңири жарыяланып келе жаткан. Илмияновдун ишинин сырдуулугу эмнеде болушу мүмкүн?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал 19-октябрда Орусиядан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы азыркы күнгө чейин белгисиз. УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча эч кандай маалымат берилбей турганын айтышууда. SUPER.KG порталы "Буга чейин мурунку чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштери коомчулукка кеңири жарыяланып келе жаткан. Илмияновдун ишинин сырдуулугу эмнеде болушу мүмкүн?" деген собол салды.

ЖУНУС УУЛУ: "Илмиянов Айдар Акаев менен Максим Бакиевди кошкондон да ашып кеткен эле"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулунун пикиринде, Илмияновдун камалышы азыркы президенттин жанындагыларга белги болушу керек.

"Илмияновдун иши сырдуу болуп жатат деген сөзгө кошула албайм. Илмияновдун ким экенин коомчулук билет. Убагында Акаевдин Айдары, оң колдору чеччү эле. Андан кийин Максим Бакиев чечти. Бул ошол экөөнү кошкондон да ашып кеткен. Кадр маселелеринен баштап, депутаттардын тизмесин түзгөнгө чейин аралашчу. “Алдамчылык” беренеси менен иш козголду деп жатышат. Илмиянов өзүм билемдик кылып, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын менчигиндей кылып эле өзүнө жакпаган оппоненттерине буюртма бергенин көрдүк. Атамбаевдин президенттигинин акыркы 2 жылында Илмияновдун ким экендигин коомчулук ачыктан-ачык билип калган. Бул эч кандай сыр болбосо керек. Илмияновго каршы чыккандан коркуп турушкан. Ал камалды дегенде азыркы президент коррупцияга каршы күрөшөм деген чын ниети бар экенин далилдеди. Бүгүнкү күндө сырдуу болуп жатса дагы тергөө иштеринен кийин купуя болуп турган көп нерселер ачылат. Шоопурдун ким экенин баарыбыз билебиз. Бир ирет журналисттер менен Баткенге барып, бир подрядчикке “жакшы салбасаңар, мен силерди каматып коём” деген. Илмиянов өзүнчө эле хан болуп калган да. “Мен силерди каматып коём” деп ким сүйлөйт? Эми ошондой иштери үчүн көп адамдар коркпой кайрылат деп ойлойм. Буга чейин Илмиянов партияны бейрасмий түрдө башкарып жүрдү. Илмияновдон бата алган кишилер кызматка отуруп келгенин билебиз. Илмияновдун камалышы азыркы президенттин жанында жүргөндөргө, өкмөттөгүлөргө белги болушу керек. Алар кылмыш кылса баары бир камалышын билиши шарт", - деди Жунус уулу.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Коомдук же саясий ишмерлердин үстүнөн козголгон иштердин баары сырдуу, купуя болбошу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголсо маалыматтар ачыкка чыгарылышы керек экенин айтты.

"Коомдук же саясий ишмерлердин үстүнөн козголгон иштердин баары сырдуу, купуя болбошу керек. Андай иштердин баары коомчулукка белгилүү болушу зарыл. Тергөө амалдарынын атайын купуялары бар. Алдамчылык, көз боёмочулукта мамлекеттик эмне купуя болушу мүмкүн? Биз үчүн да түшүнүксүз болуп турат. “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болсо, арыздануучу жана анын канча жапа чеккендиги боюнча маалыматтар берилиши керек эле. Купуя деп туруп иш-аракеттер жүрбөй калып жатат", - деди ал.

КАЗАКБАЕВ: "Илмияновдун эмне үчүн камалганын УКМК убагы келгенде жарыялайт"

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Илмияновдун кылмыш иши боюнча жалпыга малымдоо каражаттарынан окуганын айтты.

"Икрамжан Илмияновдун Дубай, Нью-Йоркко учуп бараткан жеринен Москвадан кармалып, УКМК тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлүп алып келингенин жалпыга маалымдоо каражаттарынан уктум. Соттун чечими менен 1 айга УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилиптир. Ишкерлердин арызы бар экен, “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгонун уктум. Андан башка кандай сырдуу иштер бар экенинен менин маалыматым жок. Бирок Икрамжан Илмияновдун тегерегинде сырдуу иштер бар экен деген сөздөр коомдо боло бериши мүмкүн. Себеби экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдары болуп көп жыл иштебедиби. Президенттик аппарат башчысынын орун басары болду. Алмазбек Шаршеновичтин кеңешчиси болуп иштеди. Анан эми мындай сөздөр боло берет да. Убагы келгенде укук коргоо органдары, УКМК жарыялайт го деп ойлойм. Ушактарга комментарий бере албайм", - деди Казакбаев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Илмияновго козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берилбей жатканы туура эмес"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Илмияновго козголгон кылмыш ишинин келечеги жок.

"Илмияновго "алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду деп кыскача маалымат берилди. Сүйлөшүп бүтүрүп койгонго боло турган берене деп айтса болот. Бул кылмыш ишинин келечеги жок. Эгерде оор берене менен кылмыш иши козголсо сүйлөшүүгө кыйын болмок. Кылмыш иши келечекте аягына чыкпай токтоп калат. Алдамчылык боюнча арыз жазган адамдар кийин сөзүнөн кайтып калышы мүмкүн. Коомчулукка так маалымат бербесе, демек, ичинде жашыруун маалымат болушу мүмкүн. Бирок, менин оюмча, укук коргоо органдары кайсы иш менен кармалганы боюнча толук коомго маалымат бериши керек. Толук маалымат берилбегени туура эмес", - деди Жээнбеков.

САСЫКБАЕВА: "Илмияновго козголгон кылмыш ишине бүгүнкү бийликтеги адамдар дагы малынган болушу мүмкүн"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева Илмиянов мамлекеттин кызыкчылыгын саткан болсо, анда кандайча сатканы жашыруун болушу мүмкүн деген пикирин айтты.

"Илмияновго козголгон кылмыш ишине бүгүнкү бийликтеги адамдар дагы малынган болушу керек. Ошон үчүн ачыкка чыкпай жатат. Андан башка кандай жашыруун маалымат болмок эле. Илмияновдун ишине УКМКнын, ИИМдин, аткаруу бийлигинин ичиндегилердин, айрым депутаттардын тиешеси болушу мүмкүн. Ошон үчүн ачыктабай жатышат.

Мамлекеттин кызыкчылыгын саткан болсо, анда кандайча сатканы боюнча маалымат жашыруун болушу мүмкүн", - деди Сасыкбаева.

МЕДЕТБЕКОВ: "Менин оюмча, Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы бир же эки жуманын ичинде билинет"

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Илмияновдун иши эч кандай сырдуу эмес, коомчулук билип-угуп жатканын белгиледи.

"Илмияновго кайсы беренелердин негизинде кылмыш иши козголгону боюнча маалымат каражаттарында жарыяланды. Купуя сыр деген бар, балким, тергөөчү иштин чоо-жайын ошого байланыштуу айтпай жаткан чыгар. Бул кылмыш иши боюнча маалыматтар бир же эки жуманын ичинде чыгат. Илмиянов жөнөкөй киши эмес, убагында Атамбаевдин оң колу, дайыма анын жанында жүргөн. Эч кимди укпай каалаганын жасаган киши болчу. Кайсы иштин негизинде кармалганы бир күндө ачык жарыяланбайт да. Дагы убакыт керек", - деди Медетбеков.

МОЛДАЛИЕВ: "Илмияновго козголгон кылмыш иши боюнча коомчулукка толук маалымат берилбей, бүдөмүк ойлор жаралып жатат"

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Илмияновго кылмыш иши козголуп, кармалгандан кийин маалымат толук берилиши керек деген пикирде.

"Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп жаткандан кийин кимди алдаганы, кандай маселе болгону азырынча айтылбай жатат. Жактоочусу, УКМК кийин маалымат бериле турганын айтышты. Бирок бүгүнкү күнгө чейин маалымат бериле элек. Алар качан ачыкка чыга турганын элге так айтышы керек. Илмияновго кылмыш иши козголуп, кармалгандан кийин, эмнени жашырат? Бирок ушул ишке тиешелүү кармала элек адамдар болуп калса, анда маалымат жашыруун болушу мүмкүн. Кенен маалымат берилбей, бүдөмүк ойлор жаралып жатат", - деди Молдалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов жана УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан