Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жатып тышкы карыздан кутулуу үчүн коррупциялык иштерден өндүрүлгөн жана мамлекетке жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген. Бул боюнча коомчулукка ар кандай пикирде талкуу жаралууда. SUPER.KG порталы тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу туурабы деген собол салды.
САРЫБАЕВ: "Эсеп ачуу менен элден акча чогултуу – абсурд"
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин айтымында, өкмөттүн элден каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачуу максаты жеткен жаңылыштык. "Өкмөттү дурустап башкара албай коррупцияга батырып, сырткы карызды өстүрүп алып, аны кайра эсеп ачуу менен элден чогултуу – абсурд. Эмне үчүн чоңдор жеп алган акчаны эл төлөшү керек. Эл ансыз деле салык төлөп жатат. Ал эми аткаминерлердин жеген-ичкенин кайра алып, атайын эсепке котортуп, өлкө казынасына төктүрүүнү колдойм. Элден акча чогултуу болбогон нерсе", - деди Сарыбаев.
ЖУМАЛИЕВА: "Эң туура жол - мамлекеттен акча жегендерди таап, кайра төктүрүү"
Жарандык активист Акбалык Жумалиева тышкы карызды элдин эсебинен төлөө айла кеткендеги иш дейт. "Мен жалпылап алганда мамлекеттин тышкы карызын жарандардын акча чогултуп төлөө демилгесин туура эле кабыл алдым. Бул идея качан көтөрүлөт деп күтүп жүргөм. Эл буга чейин да бир нече каржылык маселелерди чечип келген. Дача-СУ, оор дартка чалдыккандардын операцияларына акча чогултуп эле келе жатканбыз. Анан эле ошол каражатты мамлекетке чогултууга кантип болбосун. Демилге туура көтөрүлдү. Айрымдар "эмне үчүн чоңдор жесе эл төлөшү керек" деп сындап жатат. Ал да туура. Бирок мындай учурда четте карап турбаш керек. 2019-жылдан баштап Кытайдан алган карыздарыбызды төлөп баштайт экенбиз. Тажикстандын жерин алып койгондой биздин жерге көз артпайт деп ким кепилдик берет? Элибиз бийликтегилер кандай келишим менен карыз алганын да так билбейт. Албетте, тышкы карызды эл эсебинен төлөө айла кеткендин иши деп ойлойм. Эң туура жол - жегендерди таап, камакка отургузуп, акчаны кайра төктүрүү", - деди Жумалиева.
АБДЫРАХМАНОВ: "Элден акча чогултуу абийирге каршы келет"
Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов элден акча чогултуу абийирге каршы келет, өлкөдө кандайдыр бир оор абал жаралса, анда акча чогултса болот деген пикирде. "Атайын эсеп ачып элден акча чогултуу адептүүлүккө жатпайт. Өздөрү бардык жерде, мектептен тартып сотторго чейин коррупциялаштырып, салыктан түшкөн акчанын баарын уурдап, анан кайра элден чогултуусу абийирге туура келбейт. Эгер өлкөдө кризис болуп же кандайдыр бир оор абал жаралса, анда элден чогултса болот. Ошондуктан мен бул нерсени колдой албайм. Бийликке жагынам дегендер которо беришет", - деди Абдырахманов.
САБИРОВ: "Элден чогултулуп жаткан каражат ачык болушу керек"
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров бул өкмөт көтөрүп чыккан демилге эмес экенин айтты. "Демилгени жаштар көтөрүп чыкты. Эгерде туура түзүлүп, туура колдонулса, бул жакшы нерсе. Учурда мамлекетибиз кедей болгону менен, элибиздин колунда бар болуп жатат. Элден каражат чогултулуп эстеликтер, жолдор курулууда. Сырттан келген инвесторлор мечит салып жатышат. Туура иш жүрсө жакшы болот. Акчаны чогултуп, жеп салсак, анда Кыргыз мамлекетинин аброю төмөндөйт. Элден чогулган акча боюнча мамлекет отчёт бере албай кыйналат. Ошондуктан чогулган, жумшалган акча ачык болуусу шарт", - деди Сабиров.
РАЙЫМКУЛОВ: "Карыздардан кутулуу үчүн элден акча жыйноо туура эмес"
Депутат Бактыбек Райымкуловдун пикиринде, тышкы карыздан кутулуу үчүн алгач өлкөнүн экономикасын көтөрүү керек. "Буга чейин активдүү жарандар, жаштар тышкы карызды каражат чогултуп төлөө демилгесин көтөрүп чыккан. Жакында эле премьер-министр да Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып ушул демилгени айтып өттү. Акыркы учурларда коррупция боюнча бир нече адамдар кармалды. Чынында эле мамлекеттин акчасын ичип-жегендер болсо ошолор акчаны кайтарышы керек. Ошолор аркылуу карыздарды төлөгөн оң. Бирок элден акча жыйноо туура эмес. Ал эми капчыктуу жарандар болсо, бул демилгеге көмөктөшсө болот. Карыздардан кутулуу үчүн мамлекеттин экономикасы жогорулашы керек. Ал үчүн туруктуу өкмөт иштеши шарт", - деди Райымкулов.
ОРОЗОВА: "Элдин бийликке болгон ишенимин күчөтүп, андан соң атайын эсеп ачылганы туура болот"
КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова мамлекет жарды болгону менен эл бай экенин белгиледи. "Бай адамдар кайрымдуулук кылсын деген ой менен эсеп ачылып жатат. Бирок мамлекет кызматкерлерине кылмыш иш козголушу жалпы карапайым калктын бийлик адамдарына болгон ишеничин жок кылууда. Социалдык түйүндөрдө "кызматтагы адамдар жесе биз төлөйбүзбү" деген пикирлер жаралууда. Ошондуктан элдин бийликке болгон ишенимин күчөтүү зарыл. Элибиз ары кайрымдуу, ары мекенчил. Ыктыярдуу болуп эсеп ачылса туура эле болот", - деди Орозова.
ТИЛЛАЕВ: "Карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачуу - бул популисттик кадам"
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаевдин пикиринде, карыздан кутулууну каалаган жарандар жекече эле жардам көрсөтсө туура болот.
"Бул маселе алгачкы жолу көтөрүлгөн жок. Буга чейин да айтылып, бирок ишке ашпай келген. Мамлекеттин карызынын көлөмү жана андан кантип кутулуу керектиги аныкталган. Ал эми аны элден акча чогултуп төлөө - бул популисттик эле кадам. Эгер каалоочулар болсо, түздөн-түз эле тийиштүү мамлекеттик мекемеге берсе болот. Сырттан карыз алып жатканда бийлик качан, канча сомдон кайтаруу керектигин тактап, аныктап туруп алган. Ошол план боюнча эле төлөнгөнү туура", - деди Тиллаев.