КҮНСОБОЛ: 9 пайыздык босого чектен өтө албай, Жогорку Кеңешке оппозициялык күчтөр келбей калса, бийликтеги тең салмактуулук бузулбайбы?

Парламенттик шайлоо жакындап жатат. Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча сунуштар айтылууда. Депутаттар дагы бул тууралуу мыйзам долбоорун даярдашкан. Бирок мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасына жөнөтүлө элек. Көпчүлүк саясий күчтөр 9 пайыздык босоголук чектин жогору экенин айтып жатышат.

SUPER.KG порталы "9 пайыздык босого чекти калтыруу өтө опурталдуу экенин эскерткендер көп болууда. Бул чектен өтө албай, Жогорку Кеңешке оппозициялык күчтөр келбей калса, бийликтеги тең салмактуулук бузулбайбы?" деген собол салды.

МАВЛЯНОВА: "Парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босоголук чектин калышын колдойм"

Депутат Махабат Мавлянова билдиргендей, 9 пайыздык босоголук чек менен парламентке өтүү боюнча мыйзам долбоору 5-чакырылышта кабыл алынган. "Мен бул босоголук чекти толугу менен колдойм. Өлкөдө партиялар абдан көп. Пайызды азайтуу менен уруулук, аймактык жана башка бөлүнүүлөргө дуушар болобуз. Биримдик сакталышы үчүн партиялардын аз, бирок саз болгону жакшы. Демократиянын туу чокусу деген АКШ, Улуу Британияда деле эки гана партия бар. Андыктан 9 пайыздык босого чек туура эле. Мен долбоор иштелип жатканда 12 пайыздык босого чегин сунуштагам", - деди депутат.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Босого чек 2-3 пайыз болсо, Жогорку Кеңеш адилеттүү жана көз карандысыз болот"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков билдиргендей, эгерде босоголук чек 9 пайыз менен кала турган болсо, анда бийликтин партиялары жана акчалуулар гана парламентке келет.

"Бийликке кошомат кылган саясатчылар шайлоо аркылуу парламентке келишет. Ашып кетсе 2 же 3 партиянын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү болот. Оппозициялык, демократиялык күчтөр, бийликке көз каранды эмес саясатчылар өтпөй калышат. Дүйнөдөгү демократиялык мамлекеттердин бардыгында босоголук чек 5 пайыздан ашпайт. Грузияда чекти алып салышкан. Эгерде биз эгемендүү, адилеттүү, элдин кызыкчылыгын коргой ала турган парламентти түзөбүз десек босоголук чекти 2-3 пайыздын тегерегине түшүргөнгө аракет кылышыбыз керек. Ошондо мамлекеттеги бардык социалдык катмар, саясий күчтөр, саясий көз караштар парламентке келип чогулат. Жогорку Кеңеш адилеттүү жана көз карандысыз болот", - дейт Равшан Жээнбеков.

ТЕРБИШАЛИЕВ: "Азыр Кыргыз мамлекетинде миңдеген партиялар бар, анын баары парламентке өтө албайт. Идеялары бир партиялар биригиши керек"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев 9 пайыздык босого чегин колдой турганын айтты.

"Жалпысынан бул дүйнөлүк процесс. Партиялар чоңоюп, кеңейип, биригиши керек. Азыр Кыргыз мамлекетинде миңдеген партиялар бар, анын бардыгы парламентке өтө албайт да. Идеясы бир болгон партиялар биригип, бир партия менен чыгышы шарт. Бул жакшы процесс. Партия шайлоодон өтөбү же өтпөйбү бул шайлоочулардан көз каранды. Эгерде партиянын программасы жакшы болсо, партиянын ичинде татыктуу адамдар болсо эл добушун берет. Шайлоочулардын ой-пикирлери, саясий процесстерге көз карашы өзгөрдү. 9 пайыздык босого чеги туура эле. Босоголук чектин жогору болгонун колдойм", - дейт Тербишалиев.

АСАНОВ: "Парламентке өтүү үчүн босого чеги демократияны туу туткан өлкөлөрдө төмөн болушу керек"

Саясатчы Бектур Асанов 9 пайыздык босого чеги кооптуу деген пикирде. "Демократиялык өлкөлөрдө босого чеги төмөн болушу керек. Көп мамлекеттерде 3 пайыз, 5 пайыз болот. 9 пайыздык босого чегинен калктын 50 пайыз добушу сыртта калып калат. Бул парламенттин легитимдүүлүгүнө шек жаратат. Элдин добушу көчөдө калып жатат. Анда көптөгөн маселелер парламентте эмес, көчөдө чечилип калат. Бул опурталдуу маселе. Мурунку спикерлер босого чегин төмөндөтүүнү сунуш кылып жатышат. Мен ал сунушту колдойм. Авторитардык бийлик өзүнүн бийлигин сактоо үчүн босого чегин 9-10 пайыз кылып коёт. Бул мыйзам Атамбаевдин учурунда кабыл алынган. Бүгүнкү бийлик муну эске алып, босоголук чекти 7 пайызга төмөндөтөт болушу керек", - дейт Асанов.

МОЛДОКМАТОВ: "Парламентке оппозициялык партиялар келбей калса, келечекке чоң таасирин тийгизет"

"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов канчалык көп партия шайлоого барса, плюрализм орнойт деген пикирде.

"Мамлекеттик бийликке туруштук берген, конструктивдүү сунуштарын айткан оппозиция сөзсүз түрдө керек. 9 пайыздык босого чеги опурталдуу. Экинчи жагы бар 9 пайыздык босоголук чек оппозициялык күчтөрдү бир жерге жыйнашы мүмкүн. 9 пайыздык босого менен өтпөй турганын билип, оппозициялык топтор биригүү жолуна түшүшү мүмкүн. Бул дагы жакшы көрүнүш болот деп ойлойм. Парламентке оппозициялык партиялар келбей калса, келечекке чоң таасирин тийгизет. Босоголук чекти 5 пайызга чейин түшүрүү керек. Канчалык көп партия, көп саясий күчтөр шайлоого барса плюрализм орнойт", - дейт Молдокматов.

ТУРДУКУЛОВ: "Босоголук чекти 2-3 пайызга төмөндөтүү керек же чекти алып салуу зарыл"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов бул боюнча маселени буга чейин дагы көтөрүп келишкенин айтты. "Биз башынан бери бул маселени айтып, парламентке олигархтардын гана өтө турган мүмкүнчүлүгү бар деп билдирип келгенбиз. Бирок үнүбүз жеткен жок. Коомдун башка катмарларынын өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңешке келишине кыйын болот. Босоголук чекти 2-3 пайызга түшүрүп же таптакыр алып коюу керек. Ачык тизмени киргизүү зарыл. Шайлоо участкаларына келген адам партиянын абстракттуу аталышына эмес, конкреттүү адам үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек деп эксперттер айтып келишкен. Алардын үнү да угулган жок. Анткени бул мыйзамды кабыл алгандар баягы эле эски Жогорку Кеңеш да. Жогорку Кеңеш азыркы учурда көбүнесе олигархтардан түзүлгөндүктөн, алар бул системди өзүнүн гана кызыкчылыгына багыттап жатат. Ошондуктан келерки шайлоодо көп болсо 2 же 3 партия Жогорку Кеңешке өтөт. Парламент олигархтардан түзүлгөндүктөн, алар сөзсүз түрдө бийликке көз каранды болот. Бул стабилдүүлүккө алып келбейт", - дейт Турдукулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан