КҮНСОБОЛ: Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык карала турган болду. Коомчулуктан жаап-жашыра турган маселе барбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков эми соттук процесстин баары ачык-айкын боло турганын айтып келген. Соттук отурумдар мурдагыдай көмүскө болбойт деп билдирген. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык өтө турган болду.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Буга чейин Сооронбай Жээнбеков соттук иштердин баары ачык өтөт деген эле. Бир адамдын өмүрүн алып, 20дай жарандын тагдырын чече турган Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык карала турган болду. Коом үчүн маанилүү ушундай соттук процесс эмне үчүн жабык каралышы керек? Коомчулуктан жаап-жашыра турган маселе барбы?" деген собол салды.

ЗУЛУШЕВ: "Сот жабык түрүндө өтүп жатса, демек кандайдыр мамлекеттин кызыкчылыгы боюнча фактылар болсо керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев соттун жабык өтүшүнө мыйзам жол бере турганын айтты.

"Соттук отурумдардын жабык өтүшү боюнча мыйзамда негиздер бар. Мамлекеттин кызыкчылыгы, жеке адамдын ар-намысына байланышкан иштердин бардыгы жабык өтөт. Башка иштер ачык өтөт. Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук отурум жабык түрүндө өтүп жатса, демек кандайдыр мамлекеттин кызыкчылыгы боюнча фактылар болсо керек. Соттон сураш керек. Соттун жабык өтүшүнө мыйзам жол берет", - дейт Зулушев.

ОШУРАХУНОВА: "Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык каралышына эч кандай себеп жок"

Укук коргоочу Динара Ошурахунова соттун жабык өтүшү туура эмес деген пикирде. "Батукаевдин бошотулушу боюнча коомчулуктун кызыкчылыгы абдан чоң. Аны ким чыгарды эле, мамлекеттик органдар буюртмаларды кантип аткарганын баарыбыз билишибиз зарыл. Сот ачык өтүшү керек. Батукаевдин бошотулушу боюнча ишти жабык кароого эч кандай зарылчылык жок. Бул жерде аскердик, мамлекеттик сыр жок. Ошон үчүн Башкы прокуратура бул сот ачык каралышы керек деген оюн айтышы шарт", - дейт Ошурахунова.

МАМЫТОВ: "Күбөлөр коопсуздугунан улам сот жабык өтсүн деп өтүнүч келтириши мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов соттук отурум объективдүү болушу керектигин айтты. "Соттун жабык же ачык өтүшү биринчи кезекте соттон көз каранды. Сот өзүнүн укугунун алкагында, мыйзам чегинде жүйөлүү себептерди карап чыгышы керек. Бул тараптарда мисалы, кээ бир күбөлөр өзүнүн коопсуздугунан уламбы сот жабык өтсүн деп өтүнүч келтириши мүмкүн. Мындай жагдайда сот өтүнүчтү карап, тиешелүү чечим кабыл алат. Бул соттун укугу. Бирок кандай гана болбосун бардык иштер объективдүү каралышы шарт", - дейт Мамытов.

АМАНБАЕВ: "Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык каралганы туура эмес"

Экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев бул иш боюнча сот ачык болушу шарт деген ойдо. "Бул коомдук резонанс жараткан иш. Бардык Кыргыз жарандарынын бүйүрүн кызыткан талаш-тартыш маселе. Соттук процесс сөзсүз түрдө ачык өтүшү керек. Коомчулукка ар бир соттук процесстин жүрүшү, ал жерде ким күнөлүү экени, ким күнөлүү эместиги толук түрдө ачык жетиши керек. Ошон үчүн менин оюмча, сот жабык өткөнү туура эмес. Мамлекеттик сыр болсо, сот жабык өтөт. Бул жерде кылмышкерди бошотуу жөнүндө сөз болуп жатат, мамлекеттик сыр жок. Соттун жабык өтүшүнө каршымын. Себеби мында 20 адамдын тагдыры чечилет", - дейт Аманбаев.

ГАЙПКУЛОВ: "Батукаевдин бошотулушу боюнча иште мамлекеттик сырлар болушу мүмкүн. Ошондуктан иш сотто жабык каралса керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов бул иште экс-президент күнөөлөнүп жаткандыктан, мамлекеттик сыр болушу мүмкүн экенин айтты.

"Чечимди сот өзү кабыл алат. Жабык болуп жатса, мамлекеттик сырлар бар болушу мүмкүн. Бул жерде мурдагы президент күнөөлөнүп жатпайбы, мамлекеттик сырга байланышкан кылмыштар болсо керек. Президент соттук иштер ачык өтүшү керек деп жарандык иштер боюнча айтышы мүмкүн", - дейт Гайпкулов.

ТОКТАКУНОВ: "Батукаевдин бошотулушу боюнча иш ачык каралышы зарыл"

Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, бул иштин сотто жабык каралышы туура эмес.

"Мурдагы президенттин үстүнөн козголгон иш болгондуктан, соттун жүрүшүн эл көрүшү керек. Менин оюмча, мыйзам бузуулар көп болуп жаткандыктан, өздөрүнүн кемчиликтерин көрсөтпөйүн деп бул ишти жабык карап жатышат. Бул албетте, туура эмес. Соттук отурумдар ачык болушу зарыл", - дейт Токтакунов.

ТОКТАКУНОВА: "Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук териштирүү иши башталганда мамлекеттик сыр жок болсо ачык өтүшү зарыл"

Юрист Таалайгүл Токтакунова бул жерде мыйзам бузуулар жок экенин айтты.

"Батукаевдин бошотулушу боюнча иш соттук алдын ала уктуруу болуп жатат. Бул жерде мыйзам бузуулар жок. Жазык-процессуалдык кодексинде соттук алдын ала уктуруу жабык өтөт деп көрсөтүлүп турат. Соттук териштирүү болбогондо мамлекеттик сыр жок болсо ачык өтүшү зарыл. Конституцияда бардык соттор ачык болот деп көрсөтүлүп турат", - дейт Токтакунова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан