УКМК КСДПга 2017-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу жөнөткөн кат кызуу талкууда. Анда талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысынын орун басары болгон Икрамжан Илмиянов чет өлкөлүк компаниядан акча алганы айтылат. "Тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын 8-августунда Икрамжан Илмияновго "Дизель комплект" компаниясы тарабынан 150 миң доллар өлчөмүндөгү "демөөрчүлүк жардам" берилгени боюнча маалымат айтылды", - деп жазылат УКМКнын катында.
КСДП өз жообунда президенттикке талапкер катары партия Сооронбай Жээнбековду тандаганын, финансылык маселелерди талапкер өзү жана анын штабы чечкенин маалымдаган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эгер президенттик шайлоодо талапкерлердин бири чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, анда шайлоонун жыйынтыгы эмне болот?" деген собол салды.
КАРАМУШКИНА: “Президенттикке талапкердин чет өлкөдөн акча алганы аныкталса, шайлоо мыйзамсыз өттү деп таанылышы керек”
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина президенттикке талапкердин чет өлкөдөн акча алганы аныкталса, Борбордук шайлоо комиссиясы сотко бериши керектигин айтты.
“Борбордук шайлоо комиссиясы сотко бериши зарыл. Шайлоо мыйзамсыз өттү деп таанылып, жаңы шайлоо дайындалышы керек”, - деди Карамушкина.
БЕКМАТОВ: “Илмияновдун иши боюнча БШКга расмий маалымат түшкөн жок”
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, президенттикке талапкердин фондуна чет өлкөдөн каржы келсе, фонддун ыйгарым укуктуу өкүлү ал акчаны кабыл албашы керек.
“Эгер каржылоосуна тыюу салынган уюмдардан каражат келсе фондго эмес, бюджетке кабыл алынат деген норма бар. Фонд акчаны кабыл алса, атайын иликтөөлөр жүгүзүлөт. Кимдир бирөө атайылап каршылык кылам деп фондго акча которуп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн иликтөөнүн жыйынтыгында чечимди БШК кабыл алат”, - деди Бекматов.
Мындан тышкары ал Икрамжан Илмияновдун иши боюнча БШКга расмий маалымат келбегенин айтты.
МАДУМАРОВ: “Чет өлкөнүн колдоосу менен президент болгон киши кыргыз эли үчүн күйбөйт”
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтымында, эгер президенттик шайлоодо талапкерлердин бири чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, шайлоо мыйзамсыз өттү деп таанылат.
“Чет өлкөнүн каражатын колдонуп, ошол жактын колдоосу менен президент болгон киши Кыргыз мамлекети жана кыргыз эли үчүн күйбөйт. Анткени ал ошол колдоо көрсөткөн кишилердин алдында карыздар болот дагы, ошолордун койгон шарттарына мамлекеттин кызыкчылыгын кечип жиберет. Кайсы мамлекет кимди колдогон болсо, ошол мамлекеттин кызыкчылыгын колдоп, биздин мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы тебеленди болуп калып жатат.
Кайсы талапкер кимден каржылык жардам алганын далилдеш өтө кыйын. Булар аябай жаап-жашырып, өтө кылдаттык менен жасашат. Көпчүлүк коом билбейт, бирок бардык нерселерге саресеп салып отурган адамдарга булардын баары ачыктан ачык көрүнүп калат”, - деди Мадумаров.
АБДРАХМАТОВА: "Өткөн президенттик шайлоону каржылоо маселелери боюнча талкуу - бул саясий шантаж"
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова чет өлкөлүк ишканаларга президенттикке талапкердин фондун каржылоого тыюу салынганын айтты.
"Президентти шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамдын 41-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жарандар, ишканалар, чет өлкөлүк жарандардын катышуусу бар Кыргыз өлкөсүндө катталган компаниялар тарабынан талапкердин шайлоо фондун каржылоого тыюу салынган. Шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкер президенттик мандатты алгандан кийин кайсы негиздер менен ким шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарат же шайлоону жараксыз деп табат, мыйзамда жөнгө салынган эмес. Өткөн президенттик шайлоону каржылоо маселелери боюнча талкуу - бул саясий шантаж", - деди Абдрахматова.
ҮМӨТАЛИЕВА: “Илмиянов чет өлкөдөн акча келгенин ырастаса, президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарыш керек”
Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиеванын айтымында, эгер президенттик шайлоодо талапкерлер чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, жаңы жагдайлар пайда болгонуна байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы шарт.
“Ал үчүн башка талапкерлер сотко арыз бериши керек. Арызды сот процессинин катышуучулары да бере алат, алар: талапкердин коомдук өкүлдөрү, шайлоодогу байкоочулар.
Илмиянов “чын эле чет өлкөдөн акча келген” деп көрсөтмө берсе, анда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарыш керек. Ансыз деле шайлоо ыплас иштер менен өткөн. Ошол эле биометриканы текшерген жана эсептөөчү урналардын паспорттору жана лицензиялары жок экен, мамлекеттик стандарттан өтпөптүр. Бүт баары текшерилиши зарыл”, - деди Үмөталиева.
КЕЛДИБАЕВ: "Шайлоодо чет өлкөлүк компаниядан акча алган талапкер тендерлерде калыстык кылбай коюшу мүмкүн"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, шайлоо фондунун ачык-айкын көрсөтүлбөгөнү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек.
"Шайлоо фонду кандай түзүлөт, сарпталуучу акча кайдан түшөт, мунун баары мыйзамда конкреттүү түрдө жазылган. Киреше-чыгашалар ачык-айкын көрсөтүлүшү керек. Чет өлкөлүк уюмдардан же ишканалардан каражат алууга мыйзам жол бербейт. Шайлоо фондунан түшкөн акча дагы чектелүү көрсөтүлгөн, сарпталуучу сумма дагы кайсы бир деңгээлден ашпоосу керек, өзүнүн өлчөмдөрү бар. Эгер ашкан болсо, БШК ал адамдын талапкерлигин алып салышы зарыл, бирок бүгүнкү күндө андай болбой жатат. Талапкерлер шайлоо фондунда көрсөткөн суммага салыштырмалуу элге чачкан акчалары андан миңдеген эсе жогору болуп жатат. Шайлоо фондун ачык көрсөтпөгөн, шайлоочуларды сатып алган фактылар аныкталса, ал адамдар кылмыш жообуна тартылышы керек. Бул боюнча биздин Кылмыш-жаза кодексине атайын 2-3 берене киргизилген.
Чет өлкөлүк мекемелерден акча алган талапкер ким болбосун, анын кол тийбестигин алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Себеби ал адам чет өлкөлүк компаниянын жеке кызыкчылыгы үчүн калыстык кылбай коюшу мүмкүн, тендерден утканга, кен байлыктарды алганга шарттарды түзүп бериши ыктымал", - деди Келдибаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев соболго жооп берүүдөн баш тартты.