КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңеште мандатын тапшырган аялдын ордуна гендердик теңчиликти колдоо максатында аял депутат болуп келсин деп жатышат. Бул демилгени колдоо керекпи?

2020-жылдан тарта парламентте аял депутаттын ордуна аял келиши керек деген норма киргизилгени турат. Бул аялдардын өкүлчүлүгү 30 пайыздан кем эмес болушу керек деген норма. Учурда бул норма аялдар арасында колдоо таап, коомчулукта кызуу талкууланууда.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеште мандатын тапшырган аялдын ордуна гендердик теңчиликти колдоо максатында аял депутат болуп келсин деп жатышат. Бул демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.

НИКИТЕНКО: "Парламент бир же бир нече топтун кызыкчылыгы менен эле чектелбеши керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко бул норманын ишке ашуусун келе жаткан жылы өтө турган шайлоодо көрөбүз деген пикирде.

"Бул мыйзамдын нормасына ылайык, 2020-жылдан тарта ар бир төртүнчү же үчүнчү талапкер аял киши болушу керек. Бул мыйзамдын ишке киришин биз 2020-жылы боло турган шайлоодо көрүшүбүз керек. Кеткен аялдын ордуна депутат болуп аял келиши керек деген норманы колдойм.

Парламент - бул башкаруучу орган, демек ал бир же бир нече топтун кызыкчылыгы менен эле чектелбеши керек. Ар кандай топтор болушу керек, ошондой болгон учурда гана алар эффективдүү жумуш көрсөтө алат.

Бизде тилекке каршы, 30 пайыздык квотага карабастан, акыркы жылдары аялдарды партиялык тизмеден сүрүп чыгаруу байкалууда. Партия шайлоодон өткөн соң, аялдарды тизмеден чыгарып салышууда. Бул жагдай мыйзамда жазылган эмес. Мындай көрүнүш биздин чакырылыштагы бир нече партияларда да бар, анда аялдар өтө аз же такыр эле жок.

Аял киши кетип жатса, анын ордуна тизмедеги кийинки аял келет деген норма туура деген ойдомун. Өлкөнү ала турган болсок, анын 52 пайызын аялдар түзөт, анан эмне себептен алар парламентте болбошу керек?

Анын үстүнө аялдар эффективдүү иш алып барат, алар социалдык эле маселелерди эмес, башка көптөгөн маселелерди да көтөрүүдө. Менимче, биз бар норманы колдошубуз керек”, - дейт Никитенко.

МАМЫТОВА: "Бул демилгени эки колдоп колдойм"

Экс-депутат Лунара Мамытова бул демилгеге парламенттеги эркектердин көпчүлүгү кызыкдар эмес деген пикирде.

“Эгерде Жогорку Кеңешке ушундай сунуш киргизилип же мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, мен эки колдоп колдойм. Себеби бул норма гендердик теңчиликке алып келет. Аялдарды колдонуп коюп жатышат, себеби парламентке өткөн соң акчалуулар гана калып жатышат. Бул жагынан караганда, мен аял кишинин ордуна аял келсин деген норманы колдойм, бул адилеттүүлүк деген пикирдемин. Мындай нерсе болушу керек.

Парламенттеги көп эркектер буга кызыкдар эмес, алар кайдыгер мамиле кылууда. Эгер биз жарандык коом менен бул норманы биргеликте ишке ашырып алсак, бул чоң жетишкендик болот”, - дейт Мамытова.

МОЛДОШЕВА: "Балким бул норма эркектердин да кызыкчылыгын коргоп калат"

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча кызматтын төрайымы, экс-депутат Динара Молдошева өлкөдө гендердик теңчилик болушу керек деген пикирде.

Бул демилгени колдоо керек, себеби баары бир гендердик теңчилик болуусу зарыл. Мисалы, Европанын айрым өлкөлөрүн алып карай турган болсок, парламентинде эркектер аз болуп калып жатат. Демек, келечекте бул норма эркектердин да кызыкчылыгын коргоп калат. Бул бир жыныстан 30 пайыздан кем болбошу керек деген норма.

Тизме боюнча карай турган болсок, аял киши кетсе анын ордуна аял келиши керек. Ал эми бизде буга чейин аял киши тизмеге кирет, анан партия лидерлери кийин “арызыңды жазасың” деп коркутуп же башка кызмат берип коюшат. Анан ошондой жол менен аялдар тизмеден чыгарылып, ордуна эркек киши келип калууда”, - дейт Молдошева.

САМАЕВ: "Баарыбыздын апаларыбыз, эжелерибиз бар, бул демилгени колдоо керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев аял депутаттын ордуна аял киши келиши керек деген норманы колдой турганын айтты.
"Албетте, бул демилгени колдоо керек. Мен эгер аял депутат мандатын тапшырып кетсе, анын ордуна аял киши келиши керек дегендердин катарын толуктайм. Себеби ар бирибиздин апаларыбыз, эжелерибиз, карындаштарыбыз бар. Албетте, бул демилгени колдоо керек", - дейт Самаев.
КАРАСАРТОВА: "Бул нерсе 30 пайыздык квотаны коргоо үчүн жасалып жаткан иш"
Укук коргоочу Рита Карасартова бул аракеттер бар норманы коргоо үчүн жасалып жаткан аракет деген пикирде.

“Чет мамлекетте майдаланып эч нерсе жазылбайт, ал жакта 30 пайыздык квота деп коюшат. Кантип аны камсыздайт, аны өздөрү чечишет. Парламентте отурган депутаттардын 30 пайызы бир жыныстын өкүлдөрү болушу керек дегенди кааласа да, каалабаса да аткарышат. Ал эми бизде, шайлоодо тизмеде 30 пайыз кылып коюшат. “Бул кетсе, кийинкиси эркек” деп кийин парламенттен карасак, аялдардын саны 11 пайызды эле түзүп калат. Анан эле мыйзам бузулуп жатат десең “кайсы жерде жазылган?”, “мыйзамда жазылбаса...” деп кутулуп кетишет.

Азыркы мыйзамда эркек кетсе эркек келсин, аял кетсе аял келсин деп бул 30 пайыздык квотаны коргоо үчүн жасалып жаткан иш болуп жатат", - дейт Карасартова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан