Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты маалымат жыйынын уюштуруп, экс-депутат жана саясатчы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлардын ачылганын билдиришти. Мындан улам алар Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу керектигин айтышты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Текебаев бошотулушу мүмкүнбү?" деп собол салды.
САРИЕВ: "Текебаевдин акталышына бийлик кызыкдар"
Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, Текебаевдин ишинин кайра каралышына учурдагы президент менен экс-президенттин мамилеси да себеп болушу мүмкүн. "Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы фактылардын чыкканы айтылууда. Эгер ал акталып чыкса, бийликке упай кошулат. Ишти кайра кароодо орусиялык ишкерлер Маевский менен Модинди да жазага тартуу сунушталып жатат. Учурда президенттин экс-президент менен мамилеси курчуп кетти. Андан сырткары чоң адамдардын үстүнөн кылмыш иштери козголууда. Коррупцияга каршы күрөш күч алды. Мына жакында эле экс-президенттин кол тийбестигин алуу сунушталды. Мындай учурда бийлик элдин колдоосуна муктаж болот. Мындан улам бийлик Текебаевди актаганга аракет кылат. Анын акталышына азыр бийлик кызыкдар", - деди саясат таануучу.
АКАЕВ: "Мурда оппозиционерлердин тагдырын бир ууч саясий-бандиттик топ чечкен учурлар көп болгон"
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев учурдагы бийликтен жарандар адилеттүүлүктү күтүп жатканын айтты. "Өлкөдө саясий режим алмашты. Миңдеген адамдар соттордон, жаңы бийликтен адилеттүүлүктү күтүп жатат. Мурда өлкөдө адамдардын, коомдук ишмерлердин, саясатчылардын, оппозициялык ишмерлердин тагдырын бир ууч саясий-бандиттик топ чечкен учурлар көп болгон. Ак Үйдөгү Манас Арабаев деген адам соттор үчүн Кудайдан кийинки адам эле. Азыр ал кызматтан кетти. Эми коомчулукта үмүт пайда болду.
Өмүрбек Текебаевдин иши ушундан башталса, башка саясий туткундарга да акырындык менен кадам ташталат деп ойлойм. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов эле эмес, Канат Исаевдин, Садыр Жапаровдун да саясий негизде соттолгонун мурдатан бери айтып келе жатабыз. Текебаевдин иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайрадан каралышы керек. Биз муну талап кылабыз", - деди Акаев.
НЫШАНОВ: "Текебаев акталса, соттук реформа багытындагы чоң кадамдардын бири болот"
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов жаңы жагдайлар ачылганда чечимдер негизинен актала турган жагына чыгарын айтты. "Себеби тергөө жүргөндө кетирилген каталар болот. Текебаевдин иши боюнча карап жаткан юристтердин айтымында, кээ бир адамдар тергөө жүрүп жатканда көрсөтмөлөрүн шартка байланыштуу айта алган эмес жана бүгүн тастыктап айтканга даяр. Бул маанилүү негиз. Туура нерсе мыйзам чегинде каралыш керек. Текебаевдин иши жаңыдан каралса, ал сөзсүз бошотулат. Эгер ал мыйзам чегинде акталса, соттук реформа багытында чоң кадамдардын бири болот", - деди Нышанов.
АЛТЫБАЕВА: "Бүгүнкү күндө бийлик тараптан сотторго буйрук бере турган учурлар жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Өмүрбек Текебаевдин ишинен толук кабардар эместигин айтты. "Азыр иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлар Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде сотто каралышы мүмкүн. Баарын сот чечет. Бүгүнкү күндө бийлик тараптан, президенттен же Жогорку Кеңештен Жогорку Сотко буйрук бере турган учурлар жок. Сот өзү жагдайларды карап чыккандан кийин чечим чыгарууга укуктуу. Текебаевдин иши боюнча сот процессин так билбейм. Орусиянын жараны Маевскийдин көрсөтмөлөрү болуп жатканын, иш "Мегакомго" байланыштуу экенин билем. Сот көз карандысыз чечим чыгарат деп ишенем. 5 жаңы жагдайды сот изилдеп, чечимдер өзгөрөр", - деди Алтыбаева.
МАМАТАЛИЕВ: "Бизде да, коомдо да Текебаевдин иши саясий кызыкчылыктан улам болду деген ой калган"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин айтымында, Текебаев камалганга чейин парламентте курч маселелерди көтөрүп жаткан.
"Мыйзам боюнча жаңы жагдайлар чыккандан кийин сот сөзсүз түрдө ишти кайрадан карашы керек. Эгер Текебаевдин ишинде жаңы жагдайлар болсо, акталып чыкканга толук мүмкүнчүлүгү бар.
Буга чейинки сот отурумдарында чечимдер туура эле кабыл алынгандыр. Бирок жаңы чыккан жагдайлар боюнча сот кайрадан чечим кабыл алышы керек. Кудайга шүгүр, азыркы учурда жакшы систем курулуп калды. Адилеттүү эле чечим кабыл алынат деп ойлойм. Камалганга чейин Өмүрбек Чиркешович трибунадан кандай гана маселелерди көтөрүп чыккан жок. Албетте, мындан улам бизде да, коомчулукта да анын иши саясий кызыкчылыктан улам болду деген ой калган", - деди Маматалиев.