КҮНСОБОЛ: Кыргыз Республикасында пенсия системин кантип жакшыртса болот?

1-октябрдан тарта Кыргыз Республикасында орточо пенсиянын өлчөмү 5 миң 682 сомду түзөт. Бул акча бир ай эптеп-септеп өмүр сүрүүгө керектүү делген 4 миң 387 сомдон бир азга гана жогору. Ал эми минималдык пенсия 2 миң сомго жетпейт. Мындан улам SUPER.KG порталы "Пенсия системин кантип жакшыртса болот?" деген собол салды.

ЖАМАЛДИНОВ: “Ким канча иштесе, ошончо пенсия алат. Ошон үчүн бардык жарандар иштеши керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов пенсия системин жакшыртуу үчүн жарандар тынбай иштеп, социалдык фонддогу пенсиялык төлөм үчүн чогулган акчанын көлөмүн жогорулатуу керек деген пикирде.

"Пенсия системин жакшыртуу үчүн бизде иштеп жаткан аманат эсеби бар. Бул жакшы систем, анда ким канча иштеп, социалдык фондго канча акча салса, кийин ошол иштеген акчасын өзү алат. Азыркы тапта укук коргоо органдарында иштеген пенсионерлерге мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт. Ага эле жылына 15 миллиард сомдон ашык акча сарпталууда. Бул негизи туура эмес. Азыр мугалимдер менен медиктердин пенсиясы аз деп көп айтылат. Анткени өлкөбүз эгемендик алгандан кийин мугалимдер менен медиктердин айлык маянасы аз болгон. Мунун себеби алардын эсебинен соцфондго жетиштүү акча түшкөн эмес. Ушундай болбошу үчүн бардык жарандар иштеши керек. Кийин иштегенине жараша пенсиясын алышат.

Анан дагы азыркы иштеп жаткан пенсиялык төлөм үчүн соцфондго келип түшкөн акчаларды аманат катары банктарга салып, анын кирешесин алуу системин жакшыртуу керек. Мындан сырткары экономика өнүгүп, ишканалар, жумуш орундары көбөйсө, соцфондго да көп акча түшүп, пенсионерлердин акчасынын көлөмү көбөймөк", - деди Жамалдинов.

НЫШАНОВ: “Айрымдар 80 миң сом, башкалар 449 сом пенсия алганы - бул акыйкатсыздык”

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановдун айтымында, пенсия системинде баланс сакталбай жатат.

“Биринчиден, жакшы пенсия берүү үчүн казынада акча болушу керек. Казынада акча болмоюнча пенсиянын өлчөмүн көтөрүш кыйын. Бирок биздин коомчулукта акыйкатсыз нерсе бар: айрым адамдар 80 миң сом, башкалар 449 сом пенсия алат. Менин пикиримде, пенсиянын көлөмүн 20 миңден ашырбай, эң азын 10 миң сомго жеткирүү керек. Ошондо акыйкаттуу пенсия болот. Мыйзам боюнча, бюджеттен каражат көп которулса көп, аз которулса аз болот деп айтышкан. Бизде да бир топ сунуштар болгон, жогоруда айткандай 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин кылалы дегенбиз. Мисалы, 80 миң сом алган адамдын пенсиясын 20 миң сомго түшүрсө бул жакта бир топ адамдын пенсиясы көбөйүп калат. Бул жерде кошумча акча бөлүүнүн кереги жок, бүгүнкү күндөгү эле балансты оңдоп койсо болот”, - деди Нышанов.

ӨМҮРБЕКОВА: “СССР убагында оор жумушта иштегендер учурда аз пенсия алып жатканы адилетсиз”

Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова пенсияны жогорулатуу өкмөттүн алдында турган эң биринчи маселе экенин айтты.

“Пенсиянын аздыгы - аябай чоң көйгөй. Пенсия базалык бөлүктөн жана камсыздандыруучу бөлүктөн турат. СССР убагынан бери иштеген кишилердин пенсиясын рублдан сомго которгондо индексация болгон. Чоң-чоң өндүрүштө, зыяндуу шартта иштеген адамдардын дагы пенсиясы төмөн болуп калган. Менин деле ата-энем өндүрүштө иштеп, азыр пенсиясынын көлөмү аз. Алар дагы өкүнүп, таарынып отурушат. Мындай миңдеген адамдар бар. Пенсияны жогорулатуу - өкмөттүн алдында турган эң биринчи маселе. Азыркы учурда иштеп жаткандар пенсияга чыкканда пенсиясынын көлөмү көп болушу үчүн каражаттарды которуп туруусу зарыл. Канча каражат которсо, ошончо пенсия алат. Иштеген жеринен төлөй албаса, камсыздандыруу полиси аркылуу төлөсө болот. Эч жерде иштебегендер мамлекеттен жөлөк пул катары каражат алышат”, - деди Өмүрбекова.

ҮМӨТАЛИЕВ: “Пенсия системин жакшыртуу үчүн биринчи кезекте коррупцияны жоюу керек”

Экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиевдин айтымында, коррупцияны жойбой туруп пенсия маселесин чечүүгө болбойт.

“Пенсия системин жакшыртуудан мурун коррупцияны токтотуу керек. Ошондон кийин мамлекеттик казынага акча чогулат, аны пенсия тармагына туура пайдалануу боюнча керектүү иштер жасалып башташы керек. Эгер коррупцияны жойбой туруп пенсия системин жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди жасаган учурда да эч майнап чыкпайт. Ошон үчүн, биринчи кезекте, коррупцияны токтотуп, керектүү көлөмдө мамлекеттик бюджетти толуктоо керек. Аз бюджетти солго бурсаң да, оңго бурсаң да, жетпеген нерсе жетпей эле кала берет. Мисалы, аз тамакты чөйчөккө куясыңбы, аякка куясыңбы же табакка куясыңбы баары бир ал аз болот. Ошон үчүн фундаменталдуу маселелерди чечип, андан кийин ушуга окшогон социалдык маселелерди жакшыртканыбыз туура”, - деди Үмөталиев.

ЧОРОЕВ: “Эски пенсиялык систем менен эле иштеп келе жатабыз”

Экономист Кубан Чороев пенсиялык системди жакшыртуу үчүн пенсиялык фондго топтолгон акчаларды кепилдиги бар киреше түшүүчү тармакка колдонуу аркылуу бул маселени чечүүгө болорун айтты.

"Бизде көп жылдан бери пенсиялык реформа жасала элек. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө белгилүү пенсиялык финансылык инструменттер бар. Кыргыз өлкөсүндөгү пенсиялык фонд көп эле суммада акча чогултат. Ошол акчаларды туура пайдалануу аркылуу пенсионерлердин кандайдыр бир бөлүгүн 5 жылдык же 10 жылдык мөөнөткө белгилеп туруп, пенсиялык фондго келген акчанын кирешесине эле элге пенсия төлөй тургандай системди түзсө болот. Мисалы, биздеги пенсиялык фонддогу акчалар бир гана Кыргыз өлкөсүндө иштебестен, эл аралык чоң кепилдиги бар финансылык инструменттерде иштетүү аркылуу пенсиялык фондду байытып, жарандардын пенсиясынын көлөмүн көбөйтүүгө болот. Бирок ал үчүн аталган фонддо активдерди башкара турган заманбап аналитикалык борборлор түзүлүшү керек. А биз болсо эски систем менен эле иштеп келе жатабыз.

Пенсиялык фонд мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Анын кирешесинин көлөмү экономикада иштеп жаткан адамдардын жумушчу орундарынын саны менен байланышта. Бүгүнкү күндөгү иштеп жаткан жумушчулар пенсионерлерди акча менен камсыз кылып жатат. Ал эми өлкөдө жакшы пенсиялык системди, башкача айтканда, бүгүнкү күндөн баштап чогулткан акчаны 5-10 жылдан кийин бизге иштегидей систем түзүү керек. Пенсиялык фондго топтолгон акчаларды активдерге жумшап, анын кирешеси менен пенсионерлердин акчасын төлөп берсе жакшы болмок. Тилекке каршы, бизде 27 жылдан бери мындай системди түзүү боюнча аракеттер көрүлгөн жок. Жакынкы күндөрдө да түзүлөрүнөн күмөн санайм", - деди Чороев.

ШЕСТАКОВ: "Саякаттоого жетиштүү пенсия алган пенсионер - бул Роза Отунбаева"

Саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикиринде, алтын жана башка пайдалуу ресурстарга бай Кыргыз өлкөсү улгайган жарандарын татыктуу жашоого жетиштүү пенсия менен камсыздай алат.

"Өлкөбүз кичине, калкыбыз болгону 6 миллион. Жакшы пенсия берүүгө бардык шарттар бар, бирок азыркы пенсиянын өлчөмү менен ачкадан өлбөш үчүн керектүү азыктарды сатып алууга мүмкүн. Пенсионерлердин көбү туугандарынын жардамы менен жашап келишет. Биздеги эң жакшы пенсия алган пенсионер - бул Роза Отунбаева. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова "биздин пенсионерлер чет өлкөлөргө саякаттоого акча топтой алат" дегенде биз Роза Отунбаеваны гана айта алабыз.

Менин оюмча, пенсиялык системибиз реформаларга муктаж. Мамлекет ага өмүр бою иштегендерге татыктуу жашоону камсыздап бериши керек. Жакында пенсиянын 100 сомго көтөрүлгөнү - бул анекдотторду ойлоп табууга жакшы себеп", - деди Шестаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан