КҮНСОБОЛ: Светтик өлкөнүн бийлик башчыларынын "мечиттер көп болгону жакшы" деп чакырык таштаганы туурабы?

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышында: "Кыргыз өлкөсүндө мектептен мечит көп. Бул жакшы көрүнүш. Кээ бири мектептен мечит көбөйүп кетти деп айтат. Мечит көбөйсө ыймандуу балдар көбөйөт" деп айтты. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да Курбан айт майрамы күнү "муфтият өкүлдөрүнүн насааттарын уксак, өлкө тез өнүгөт" деп элди куттуктаган. Өлкө башындагы эки таасирдүү адамдын мындай диний чакырыктарын светтик өлкөнүн коомчулугу кызуу талкуулап, айрымдары сындаса, кээ бир жарандар колдоого алган. Бул талкуу бүгүн да уланууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Светтик өлкөнүн бийлик башчыларынын "мечиттер көп болгону жакшы" деп чакырык таштаганы туурабы?" деп собол салды.

ЗУЛПУКАРОВ: "Мечиттердин көбөйгөнүнө сүйүнүшүбүз керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.

"Мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган дегени - бул атеисттик мамлекет же динди таптакыр басмырлап, жок кылуу дегенди түшүндүрбөйт. Кээ бирөөлөр светтик деген сөздү атеисттик өлкө деп алмаштырышууда. Светтик деген кайсы дин болбосун аларга көмөк көрсөтүп, алардын өнүгүүсүнө жол ачкан түшүнүк. Православ, ислам жана башка диндердин өнүгүшүнө мамлекет жол ачышы керек. Дин десе улуттук каада-салтты кас койгон же болбосо мусулман динин христиан динине каршы койгон аракеттер бул экстремисттик аракеттер болуп эсептелет.

Мечиттердин көбөйгөнүнө сүйүнүшүбүз керек. Мектептердин дагы көбөйүшүнө салым кошушубуз зарыл. Христиан же мусулман болобу Кудайды улуктап, Кудайга сыйынган адамдар көп болсо анын эмнеси жаман? Биз Кудайга сыйынбаган адамдардан коркушубуз керек", - деди Зулпукаров.

КАДЫРБЕКОВ: "Мечиттер көп деп айткандан көрө аларды каттоого алып, жакшы иш алып барыш керек"

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун пкиринде, президенттин мечиттин ачылышындагы сөзү чакырык эмес, жөн гана пикир болгон.

“Менин оюмча, президенттин мечит ачылышында сүйлөгөн сөзү чакырык эмес, пикир болду. Пикирди талдаш үчүн анын кандай ниетте айтылганын түшүнүү зарыл. Ошондой чоң мечитти салып берген өлкөнүн башчысы өзү келип ачып жатса, элибиз мечитти руханий өнүгүү борбору катары жогору баалап, ыраазы экенин туюндурушу керек эле. Мечиттер көп деп айта бергенден кандай пайда? Андан көрө канча мечит курулса да, аларды каттоого алып, жакшы иш алып барыш керек. Мектептен мечит көп деп сындагандар деле мечит кургандардай мектеп куруу үчүн каражат таап, инвестиция тартса сүйүнмөкпүз. Жакшылыкта жарышкан болот элек. Сындашсак бөлүнөбүз, сырдашсак, колдошсок, жакшылыкта жарышсак, кылдан кыйкым издебей, пикир-ойлорду жорусак өнүгөбүз”, - деди Кадырбеков.

МОЛДАЛИЕВ: “Мечиттердин көп болгону маселе эмес, ошол мечитте ким молдо ошого көңүл буруу керек”

Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев коомчулук мечиттердин көбөйгөндүгүнөн чочулабашы керек деген пикирде.

"Светтик мамлекетте дин мамлекеттик башкаруудан бөлүнгөн деп айтылат. Бизде мамлекеттик башкаруудан динди таптакыр бөлүп коё албайбыз. Элибиздин ичинде динге ишенгендер көп. Ал эми бийлик башчыларынын бул сөздү кандай контекст менен айтканын кароо керек. Эгер жөн гана “мечиттер көп болгону жакшы” деп айтылса ал туура эле. Эгер мечиттерди мектептер менен салыштыруу иретинде айтылса, анда маселе жаралышы мүмкүн. Мурда эски бийлик учурунда бир-эки саясатчынын "мечиттен мектеп көп болуп кетти" деп айтканы бар. Бул экөөнү салыштырып болбойт. Бири билим берсе, бири таалим-тарбия берет.

Дегеле мечиттердин көбөйгөнүнөн чочулабаш керек. Мамлекетибиз жаңы гана калыптанып келе жаткандыктан көп нерсе менен мамилеси бир жолго түшө элек. Дин менен деле ошондой. Эл деле диндин өзүнөн чочулабай эле турушат. Экстремизм, терроризмге байланыштырып, чочулап жатышкандай. Мечиттердин көп болгондугу маселе деле эмес. Ошол мечиттерде ким имам - ошол башкы маселе. Имам динди туура жеткирсе, туура ыйманга чакырса бул жакшы да. Бардык мечиттер ханафий мазхабы менен туура саясат алып барса, элде эч кандай чочулоо болбойт. Экстремизм менен терроризмге да жол берилбейт”, - деди Молдалиев.

ОСМОНАЛИЕВ: “Мечит менен мектепти салыштырбоо керек”

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев бийлик башчыларынын сөзү туура, бирок аны жеке тараптар өз пайдасы үчүн бурмалап жатат деген пикирде.

"Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун жаңы мечиттин ачылышында сүйлөгөн сөзү чоң талкуу жаратууда. Менин оюмча, ал жерде туура эле сөз айтылды. Бирок диний көз караштагы адамдар тарабынан жана светтик көз караштагы адамдар тарабынан президенттин сөзүн кайсы бир нерсеге колдонуп, аны бурмалап жаткандары мени өкүндүрөт. Чынында мечит менен мектепти бири-бирине салыштырып баалабаш керек. Экөөнү сандар менен салыштырып кароонун өзү туура эмес.

Экөө эки башка кызматты аткарат. Мечитте адамдар сыйынат, ыйманын тазартат, Кудайга болгон ынтызарлыгын билдирет. Ал эми мектеп деген адамдарга жаратылыштын мыйзамынан тартып коомдун мыйзамдарына чейин үйрөтөт, билим берет. Эч качан экөөнү бири-бирине карама-каршы койбоо керек. Акыркы учурда диний көз караштагы адамдардын бул экөөнү бири-бирине каршы коюп жатышканы көп байкалууда. Бул алардын билимсиздигинин айынан болуп жатат. Эгер Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин санын көбөйтүп, алардын сапатын жакшыртуу жагын колго алса, анда жогорудагы карама-каршылыктар да келип чыкпайт эле”, - деди Осмоналиев.

КАДЫРБЕКОВ: "Светтик мамлекеттин президенти катары бир динге үгүт жасаганы туура эмес"

Саясат таануучу Даниел Кадырбековдун айтымында, дин менен ыймандын бири-бири менен байланышы жок.

“Мечит же дин менен ыймандын эч кандай байланышы жок. Мыйзам жана институттар иштеген жерде адамдар өздөрүн жакшы алып жүрөт, ыймандуу болот. Адамды бири-бирин сыйлаганга алып барат. Светтик мамлекеттин президенти катары бир динге үгүт жасаганы туура эмес. Дин эркиндиги болушу үчүн мамлекеттик органдар, бийлик светтик болушу керек. Өлкө бир динди карманып, аны пропаганда кылса ошол жерде радикализм өсөт. Саясатчылардын динди колдонгонун популизм деп айтсак болот”, - деди Кадырбеков.

ОШУРАХУНОВА: “Мектептер, окуу куралдары жетишпей жатканда бийлик жетекчилеринин мечиттердин көбөйгөнү жакшы деп айтканы туура эмес”

Укук коргоочу Динара Ошурахунова бийлик жетекчилеринин мечиттердин саны көбөйгөнү жакшы дегенин колдобой турганын айтты.

"Салыштырып айтканда, өлкөдө канча мектебибиз, канча ооруканабыз бар? Биздин мамлекет - социалдык, укуктук, демократиялык өлкө. Бизде дин мамлекеттик башкарууга кийлигишпейт. Дайыма ушундай туруктуу көз караш болушу керек. Учурда өлкө боюнча мектептер, окуу куралдары жетишпей жатканда бийлик жетекчилеринин мечиттердин көбөйгөнү жакшы деп айтканы туура эмес. Өлкөгө диний терроризм, экстремизм менен күрөшүү боюнча көптөгөн долбоорлор келип жатат. Ушунун алкагында туура иликтөө жасалбай, айрым адамдар туура эмес китептерди колуна кармап койгону же интернеттеги баракчаларда кайсы бир диний билдирүүлөрдү жактырып койгону үчүн да соттолуп кеткен көрүнүштөр болуп жатат. Ошол эле учурда мечиттердин көбөйгөнүн жакшы көрүнүш катары карап жатабыз.

Бизде башка өлкөлөрдөй газ, нефть сыяктуу жаратылыш ресурстары жок. Биздин өлкөдө адам ресурсу биринчи орунда. Эгер биздин жарандардын билими күчтүү болсо, анда өлкөнүн өнүгүүсүнө аябай салым кошулмак. Бийлик жетекчилери өлкөнүн келечеги үчүн жаштарга туура, татыктуу билим берүүнү айтышы керек. Тескерисинче, акыркы убакта бийлик жетекчилери динди оюнчук кылып, туура эмес сөздөрдү айтып жатышат. Бийликтегилер мамлекеттин сөзүн - Конституцияны сүйлөшү керек. Мына 2010-жылдан бери өлкөдө мечиттердин саны аябай эле көбөйүп кетти. Бирок коомчулук ыймандуу болуп деле кеткен жери жок да”, - деди Ошурахунова.

Бул суроого вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жооп берүүдөн баш тартты.

Кыргызстанда мектептен мечит көп, бул жакшы көрүнүш
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан