Кечээ, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы мамлекеттик бюджетти толтуруу жана көмүскө экономика менен күрөшүү багытында өзгөчө жыл боло турганын айтты. Өкмөт көмүскө экономика менен коомчулуктун күрөшүүсүн колдой турганын билдирди. Анын айтымында, бул боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн, өкмөт ага катышып жана жардам берүүгө даяр.
SUPER.KG порталы "Премьер өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүүгө даяр экенин айтты. Эмнеге күрөшпөй келе жатышат?" деген собол салды.
МАМАТАЛИЕВ: "Көмүскө экономика менен комплекстүү күрөшүү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өкмөт башчынын саясий эрки жетип, көмүскө экономика менен күрөшөрүн айтып жатса жакшы деген пикирде.
"Көмүскө экономиканын салмагы чоң. Көмүскө экономика менен комплекстүү түрдө күрөшүү керек. Жөн эле айтып коюп эмес, ал жерде бардык нерсени автоматташтырып койсо көмүскө сыртка чыкмак. Санариптештирүү жылына карата бардыгын автоматташтырып, адамдын кийлигишүүсү жок болгондо бир топ нерселер ачыкка чыгып, контрабандалар жок болот. Өкмөт башчынын саясий эрки жетип, көмүскө экономика менен күрөшөрүн айтып жатса жакшы. Көмүскө экономика менен күрөшүү үчүн саясий эрк керек", - дейт Маматалиев.
КАРАШЕВ: "Өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүү боюнча катуу иш алып барышы керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүү боюнча катуу иш алып барышы керек деген ойдо.
"Улуттук статистика комитетинин берген маалыматы боюнча, көмүскө экономика 24-25 пайызды түзөт. Бирок 2012-жылдары Бүткүл дүйнөлүк банктын көз карандысыз изилдөөсүндө көмүскө экономика 39-40 пайыздын тегереги болчу. Бүгүн андан азайып кетти деп айта албайм. Өкмөт башчы электрондук форматка өтүп, чек араларды онлайн режимине өткөрөбүз, салыктык процедураларды фискализациялоо кылабыз деп айтып жатат. Өкмөттүн фискализациялоо жасаш керек деп айтканына 2 жылдан ашып кетти. Бүгүнкү күнгө чейин көзгө көрүнүктүү кадамдар жасала элек. Өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүү боюнча катуу иш алып барышы керек", - дейт Аалы Карашев.
БЕКЕШЕВ: "Көмүскө экономика менен күрөшүү оңой иш эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт келечекте аткара турган жумуштарын айтып жатканын билдирди.
"Өкмөт келечектеги аткара турчу жумуштарын айтып жатат да. Көмүскө экономика менен күрөшүү болот деп айтып жатышат. Бизде өндүрүш жок. Ал өзүбүздүкү болсо, көмүскө экономикадан чыгарса болот эле. Өлкөгө көбүнчө мигранттар аркылуу акча келип жатат. Алар акчаны банк аркылуу эмес, өзүлөрү менен бирге алып келип жатышат. Көмүскө экономика менен күрөшүү оңой иш эмес", - дейт Бекешев.
ЖАПАРОВ: "Контрабанданы азыр жойбосок экономикабыз кыйроого учурайт"
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров контрабанданы азыр жойбосок экономика кыйроого учурай турганын айтты.
"Бул системдик түрдөгү көрүнүш. "Эркеш-Там" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө жайларына Орусиянын бажы инспекциясы жабдыктарды койгон эмес. "Торугартка" жабдыктар коюлганына эки ай болду. Электрондук эсеп-фактураларды виртуалдык салымга киргизип, фискализациялоо жасоо керек. Контрабанданы азыр жойбосок, экономика кыйроого учурайт. 9 миллиард сом салык түшпөй калды", - дейт Акылбек Жапаров.
САРЫБАЕВ: "Көмүскө экономика менен күрөшүүгө өкмөт бүгүн эле даяр болгон жок, башынан эле даяр болчу"
Экономист Айылчы Сарыбаев өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүүгө башынан эле даяр экенин айтты.
"Көмүскө экономика менен күрөшүүгө өкмөт бүгүн эле даяр болгон жок, башынан эле даяр. Демек, кандайдыр бир тоскоолдуктар болгон. Кандайдыр бир деңгээлде иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбей жаткан. Эми көмүскө экономика менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар деген сөздү айтууга мезгил жетсе керек. Көмүскө экономиканы мурда эле болтурбай коюшу керек эле. Муну жалгыз премьер-министр чече албайт. Жогорку Кеңештин жардамы менен чечүү мүмкүн. Жогорку Кеңеш керектүү мыйзам кабыл алып, анан ошону ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп бериши шарт", - дейт Сарыбаев.