24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген собол салды.
ГАЙПКУЛОВ: "Курултайда жакшы сунуштар болсо, президент аларды кабыл алат деп ойлойм"
Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкуловдун пикиринде, коомдо жаралган маселелерди парламент чечиши керек.
"Жарандык активисттер кандай иш-чараны уюштурат - алардын өз эрки. Эч ким аларды мыйзам менен токтото албайт. Жарандык активисттерде өлкөнүн келечегине багытталган жакшы иш, сунуштар болсо, президент тарабынан деле кабыл алынат деп ойлойм. Себеби президент бардык нерсени элден сурап жатпайбы. Кээ бир социалдык тармактар аркылуу кайрылган маселелерди бүгүнкү күндө Коопсуздук Кеңеш катуу көзөмөлгө алып жатат.
Парламент - бул эл шайлаган депутаттар. Жарандык активисттер айтабы же жөнөкөй жарандар кайрылабы, бардык айткан маселени колдоп, чечиши керек. Жарандык активисттер курултайды өткөрүп жатышса, демек, анда алар өздөрүнүн эл үчүн сунуштарын берет. Аны колдоого алыш керек. Колдоого алып, маселени түп тамырынан чечүү зарыл", - деди Гайпкулов.
ТИЛЛАЕВ: "Курултайда экс-президенттин кандай каталары болсо, азыркы президент ал каталарды жоюуга аракет кылыш керек деген маселе көтөрүлүшү мүмкүн"
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин айтымында, курултай жыйынтыкка келе турган же чече турган орган эмес.
"Коомчулуктун, элдин пикирин уккан негизи жакшы эле. Ошого жараша тийиштүү министрлер, ошол эле депутаттар, өлкө башчы, бардык мамлекеттик кызматкерлер тыянак чыгарып, айтылган маселелерди чечкенге аракет кылат.
Курултайда мурдагы президенттин отчёту жана азыркы президенттин ишине баа берилери күтүлүүдө. Мурдагы президенттин кандай каталары болсо, азыркы президент ал каталарды жоюуга аракет кылышы керек деген маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары депутаттардын кээ бир мыйзамдары же өкмөттүн жумуш маселелери көтөрүлөт. Негизинен, жыйылып курултай өткөрүү - бул жакшы эле көрүнүш. Курултайда маселелер көтөрүлөт, аларды эми чече турган органдар чечиш керек да. Курултай жыйынтыкка келе турган же чече турган орган эмес да. Маселе көтөрүлсө, ошону чечкенге баарыбыз аракет кылышыбыз керек", - деди Тиллаев.
ЗУЛУШЕВ: "Курултай мыйзамдуу өтүп, анда мыйзамдуу талаптар коюлса, ага көңүл бурулат"
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин айтымында, курултай боюнча так маалымат жок болгондуктан алдын ала божомолдоонун кажети жок.
"Курултай өткөрүү укугу ар кимде бар. Көтөрүлүп жаткан маселелер актуалдуу. Эми аны кандай форматта алып чыгат, кандай мааниде ишке ашат, ага кимдер келет - ушунун баары бири-бирине байланыштуу. Курултай эгер өзүнүн мыйзамдуу аракеттери менен өтүп, анда мыйзамдуу талаптар Конституция берген укуктун негизинде коюлса, албетте, ага көңүл бурулат.
Курултай өтөт деп мен да ЖМКлардан угуп жатам. Алардын программасы кандай жана эмне суроолор коюлат, азырынча белгисиз. Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык мөөнөтүнө баа берүү, азыркы президенттин 1 жылдык ишин салыштыруу деген ойлор чыгып жатат, бирок курултайдын уюштуруучуларынын так өткөрөбүз деген маалыматы чыга элек. Ошондуктан алдын ала божомолдоонун кажети жок. Жакында билинет, турмуш көрсөтөт", - деди Зулушев.
ЖЕКШЕЕВ: "Курултайдын парламенттин функциясын алуусуна каршымын"
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин айтымында, Конституцияда курултай өткөрүү укугу бар экени жазылган.
"Курултай элдин өз пикирин айтуучу орун болуп калат. Бирок кандай болгон күндө да биз азыркы мыйзамдын формасынан чыкпашыбыз керек. Курултай парламенттин функциясын алуусуна каршымын. Президенттердин ишине баа берүү коомдук пикир катары гана каралышы керек. Андан ашып да кетпеши керек. Артында эч кандай юридикалык жактан маанилүү же анын негизинде иш-чара иштеп чыгуу деген болбошу керек. Курултай коомдук пикирдин гана трибунасы болгону жакшы. Ар бир адам үйүндөбү же коомчулук алдындабы окуялар тууралуу оюн билдире алат. Президенттин ишине баа берүү өзүнчө терең анализди, иликтөөнү талап кыла турган нерсе", - деди Жекшеев.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Курултай бат жыйынтык бербейт"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков курултай жолу менен бийликке басым жасоо болуп эсептелет.
"Курултайда бардык саясий күчтөрдү, бийлик өкүлдөрүн чогултуп, азыркы оор абал талкууланат. Мурдагы бийлик менен учурдагы бийликтин иштерине баа берилет. Жыйынтыгында бийликке кандайдыр бир деңгээлде мурдагы бийликтин кетирген каталары көрсөтүлөт. Акыркы бир жылда өлкөдө саясий, экономикалык реформалар жасалбай калды. Ошондуктан курултай жолу менен бийликке басым жасоо болуп эсептелет", - деди Жээнбеков.
КАРАСАРТОВА: "Курултайдын жыйынтыгында башкалар суктана тургандай саясий систем түзүлөт деген ишеничим бар"
Укук коргоочу Рита Карасартова 24-ноябрда өтө турган республикалык курултайга бара турганын жана аны колдоого аларын айтты.
"Пландаштырылып жаткан курултай эки максатты камтыйт. Биринчиси, жакын арада чечиле турган көйгөйлөр, ал эми экинчиси - узак мөөнөттө ишке аша турган маселелер. Чоң максат - бул Курултай институтун башкаруу системине калыптандыруу. Кандай маселе болбосун бийлик чочуп, качып, бут тосуунун ордуна ушундай курултайларга чогулуп келүүсү керек. "Силер өткөргөн курултайдын арты менен жакшы маселелерди көтөрүп алдык, силерге рахмат, ушул боюнча иштешебиз" деп бийлик айткандай бир ыкма болуп калышы керек.
Бери дегенде жылына чоң-чоң эки курултай өтүп, элдин көйгөйлөрү талкуулануусу зарыл. Мындай курултайларды бир имараттын ичинде эле өткөрүп токтоп калбай, аянтка жер-жерлерден эң мыктылар чогулуп, чоң маселелерди чечип кетсе болот. Ал эми жакында өтө турган курултайдын жыйынтыгында элдик башкарууга негизделген жана башкалар суктана тургандай систем түзүлөт деген ишеничим бар", - дейт Карасартова.
ШЕСТАКОВ: "Эмне үчүн парламент кайсы бир адамдардын тобуна отчёт бериши керек экени түшүнүксүз"
Саясат таануучу Игорь Шестаков курултайды өткөрүү тууралуу маалымат жыйынына катышкандар өздөрү мамлекеттик түзүмдөрдө иштеп келишкен.
"Кайсы президент кандай иштеди деп сураганга чейин алар өздөрү мамлекетке кандай иштеп бергенин, өз ишмердүүлүгүндө эмнеге жетишип, элге кантип отчёт беришкенин айтышса болмок. Бирөөнүн ишин сындаган оңой, бирок өзүнөн баштаганы туура.
Курултайдын юридикалык статусу түшүнүксүз болуп турат. Уюштуруп жаткандардын макамы деле белгисиз. Арасында белгилүү чиновниктер болгону менен, алар Кыргыз жарандарынын тобу эле болуп калат. Эртең дагы бир топ түзүлүшү мүмкүн. Менин оюмча, парламент жарым жыл сайын шайлоочулардын алдында отчёт берип турганы оң. Жогорку Кеңештеги партиялар дагы иштеп баштагандан кийин бир жылдан соң шайлоо алдында берген убадалары боюнча отчёт берип турганы жакшы. Тилекке каршы, мындай болбой жатат. Эмне үчүн парламент кайсы бир адамдардын тобуна отчёт бериши керек экени да түшүнүксүз. Отчёт берилиши керек, бирок кеңейтилген форматта”, - деди Шестаков.
МАМЫТКАНОВ: "Биз дагы саясий күч болуп жүрөбүз, бирок бизди курултайга чакырышкан жок"
“Чоң казат” саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Максат Мамыткановдун айтымында, курултайда айтылган билдирүүлөргө таянып жыйынтык чыгарарын айтты.
“Курултайда өлкөдөгү саясий абал сүйлөшүлөт. Анан алар кандай жыйынтыкка келмек эле? Ал жакта жөн эле пикир алмашуу болот. Маалымат угузулат, ойлор айтылат. Булардын максаттарын эч ким билбесе, курултай өзү эмне иш кыла алат? Кандайдыр бир жыйынтык чыгышы үчүн башкы прокурор, Жогорку Кеңештин төрагасы, депутат болуш керек. Мыйзам боюнча, алар жыйынтык чыгарышат. Эл өз пикирин гана айтат. Ал пикирди бийлик угабы же көнөбү, эч ким билбейт. Мурунку бийликтегилер буларды (курултайдын уюштуруучуларын - ред.) тоготпой коюшса, алар эмне кыла алышат? Ошону да айтышсын да. Курултайга мурунку бийликтегилер, аймактардан да келишет. Мисалы, биз саясий күч болуп жүрөбүз, бирок бизди жыйынга чакырышкан жок. Катышуучулар кандай критерийлер менен чакырылганын, алардын сүйлөгөн сөзүнө карап анан жыйынтык чыгарабыз”, - деди Мамытканов.
ШАКИЕВ: "Курултайдын уюштуруучуларынын дээрлик көпчүлүгү элди тажаткан, эски, жыдыган саясатчылар"
Коомдук ишмер Нурланбек Шакиевдин ою боюнча, мындай курултайлардан элге пайдалуу эч нерсе чыкпайт.
"Негизинен өлкөбүздө акыркы жылдары кадимкидей саясий жымжырттык өкүм сүрө баштады. Бул өтө активдешкен кыргыз коомчулугуна бир чети таң калычтуу да, зеригиштүү да көрүнүш болуп бараткан. Андыктан зериккен саясатчылар убактылуу биригишип, негизинен өз кызыкчылыктары менен ушул курултайды ойлоп табышкандай.
Ачык айтайын, мындай курултайлардан элге пайдалуу эч нерсе чыкпайт. Тек гана саясатчылар чоң саясий чайкоочулук жасашат. Курултайдын уюштуруучуларынын дээрлик көпчүлүгү элди тажаткан, эски, жыдыган саясатчылар. Өлкөбүздүн келечеги үчүн конкреттүү, иштиктүү жаңы эч нерсе айта алышпайт. Баягы эле саясат. Азыр элибиз жаңыча көз карашты, натыйжалуу реформаларды, ар тараптуу өзгөрүүлөрдү күтүшүүдө. Учурдагы президентке азыр отчёт берүүгө али эрте.
Экинчиден, президенттин отчётун бул курултайчылар угууга эч кандай укугу жок. Ал эми мурунку президенттин отчётун угуунун эч кимге кереги жок. Азыр анын кандай иштегенин эл көрүп, жийиркенип турат. Ал эми парламент кантип отчётун берет? Бул нонсенс! Парламентке эл кийинки шайлоо аркылуу баа берет. Ошондо билинет", - деди Шакиев.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Бийлик курултайдын сунушун кабыл албаса, элдин үнүн укпаган президенттер эмне болуп бүткөнүн тарыхыбызда көргөнбүз"
УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев курултайдын чечими бийликке сунуш катары берилерин айтты.
"Курултайда атайын баяндамалар окулат. 9 адамдан турган редакторлук топ бар. Алар баяндамалардын бардыгын карап, курултайдын чечимин даярдайт. Аны жалпы добуш менен кабыл алабыз. Кандай чечим болорун айтууга али эрте. Ал 24-ноябрда айтылат. Бул чечим парламенттин мыйзамы же президенттин токтому эмес, бул элдин үнү, сунуш катары айтыла турган нерсе. Курултай элдин пикирин бийликке жеткире турган орган болот. Эгер бийлик сунушубузду кабыл алып, чогуу иштесек туруктуулукка алып барат. Эгер кабыл албаса, элдин үнүн укпаган президенттер эмне болуп бүткөнүн тарыхыбызда көрбөдүкпү", - деди Дүйшөбаев.