КҮНСОБОЛ: Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү мугалимдерге карата "галстугуңар жок" дегени коомчулук тарабынан сынга алынып жатат. Галстук эмнени чечет?

Социалдык түйүндөргө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун мугалимдерин "галстугуңар жок" деп сындаган видеосу тараган. Анда ал мугалимдер менен жолугуп жатып, мугалимдер окуу жайда студенттерге үлгү болуп жүрүшү керектигин белгилеген. Бул сөзү үчүн Акрам Мадумаров коомчулукта сынга кабылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү мугалимдерге карата "галстугуңар жок" дегени коомчулук тарабынан сынга алынып жатат. Галстук эмнени чечет?" деген собол салды.

ТУРУСКУЛОВ: "Өкмөттүн өкүлүнүн мугалимдерди "галстугуңар жок" деп сындаганы ага аброй алып келбейт"

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов Акрам Мадумаровдун сыны терс көрүнүш экенин айтты.

"Бул өкмөттүн өкүлүнө аброй алып келбейт. Этика боюнча өзүн таза алып, классикалык кийим кийиш керек. Сөзсүз түрдө галстук тагыныш керек деп жазылган эмес. Бул сынды терс көрүнүш деп айткым келет", - дейт Турускулов.

НЫШАНОВ: "Мадумаровдун айтканы туура эле, мугалимдер үлгү болушу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов мугалимдер үлгү болушу керектигин айтты.

"СССР убагында аймактардагы мугалимдер интеллигент болушкан. Мугалимдер келе жатканда баары жолдон качып, саламын айтып, урматтап-сыйлашкан. Бирок ошол мезгилде айылда бир эле мугалимдер галстук тагынчу. Мугалим болгондон кийин галстук тагынып жүрсө жакшы болмок. Мадумаровдун айтканы туура эле. Мугалим үлгү болушу керек", - дейт Нышанов.

ЖУНУС УУЛУ: "Адамдын галстугуна эмес кылган ишине, айткан сөзүнө же кол койгон документине талап болушу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу мындай жетекчилерди кескин сындай турганын билдирди.

"Адамдын галстугуна эмес кылган ишине, айткан сөзүнө же кол койгон документине талап болушу керек. Галстугу болобу, болбойбу ишин алып барса болду да. Жогорку Кеңешке киргенде да дресс-код талап кылынат. Коомчулуктун баары карап тургандыктан, дресс-код болушу керек. Аймактарда галстук тагынуунун зарылчылыгы жок. Мага анын айтканы жаккан жок, мындай жетекчилерди кескин сындайм", - дейт Алтынбек Жунус уулу.

ТУЛЕНДЫБАЕВ: "Мугалимдерди "галстугуңар жок" деп сындаган туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев мугалимдерди "галстугуңар жок" деп сындаган туура эмес деген пикирде.

"Өкмөттүн өкүлү антип айтпай эле койсо болмок. Бирок бул тууралуу мен ооруканада болуп уккан эмесмин. Негизи галстук боюнча сындаган туура эмес. Мугалимдердин иштери, жүрүм-туруму боюнча сындаш керек. Алар окуучуларга үлгү болушу зарыл. Окуучуларга жакшы мамиле кылышы шарт", - дейт Тулендыбаев.

КЕЛДИБАЕВ: "Өкмөттүн өкүлү мугалимдерге "галстугуңар жок" дегенди жакшы жолдор менен айтса болмок"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев өкмөттүн өкүлү мугалимдерге "галстугуңар жок" дегенди жакшы жолдор менен айтса болмок деген пикирде.

"Бүгүнкү күндө мугалимдердин айлыгы галстук, кийим-кече өздөрүнүн формасын караганга эмес, коммуналдык төлөмдөрүн төлөгөнгө, турмуш-тиричилигин чечкенге да жетпейт. Бирок ошого да кайыл болуп иштеп үй-бүлөсүн багып жатышат. Баткен облусунда элдин жашоо-турмушу татаал. Эмгек акыга кошумча айлык каралбайт. Элдин жашоо деңгээли жакшы эмес. Алардан көп нерсени талап кылган болбойт. Албетте, мугалим үлгү болуп кийинип жүрүшү керек. Бирок өкмөттүн өкүлү бул сөздү жакшы жолдор менен айтышы керек эле", - дейт Келдибаев.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Мугалимдерди "галстугуңар жок" деп сындагандын ордуна аларга ыраазычылык билдирүү зарыл"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мугалимдерди "галстугуңар жок" деп сындагандын ордуна аларга ыраазычылык билдирүү зарыл экенин белгиледи.

"Ушундай оор заманда балдарды окутуп фанат болуп мугалим болуп иштегендерге ыраазычылык билдириш керек. Галстук болсо эле баары чечилип кетмек беле? Мен ал киши эмнени айканына түшүнгөн жокмун. Мугалимдерге таазим кылуу зарыл. Галстук экинчи пландагы иш. Ал мугалимдерден кечирим сурасын. Мадумаров мугалимдерди материалдык, моралдык жактан кантип колдойбуз деп ойлонсо болмок", - дейт Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан