Бүгүн, 15-январда Бишкекте Ак Үйдүн алдында Кыргыз-Тажик чек ара маселеси боюнча митинг өттү. Митингге чыккандар вице-премьер Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышты. Алар Жеңиш Разаков чек ара маселесин чече албаганын айтышты.
SUPER.KG порталы "Бүгүн Бишкекте жана Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча митингдер болуп өтүп, алардын катышуучулары Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышты. Вице-премьерди алмаштыруу менен маселе чечилеби?" деген собол салды.
МАМАТАЛИЕВ: "Жеңиш Разаковдун кызматтан кетиши менен маселе чечилбейт"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев чек ара маселеси өтө орчундуу болуп жатканын белгиледи.
"Биз чыр-чатак чыкканда гана ошол жерге чогулуп жатабыз. Бул маселени негизинен комплекстүү түрдө карашыбыз керек. Разаков болобу же башка бирөө болобу өкмөттүн бир тараптуу иш-чарасы болбосо, маселе чечилбейт. Протоколдорго кол коюлуп жатат. Мурда эле ушундай протокол түзүлсө болбойт беле? Чек ара боюнча комиссиянын мүчөлөрүн башка ыйгарым укуктарынан бошотуп, чек ара маселесине гана көңүлүн бурдуруу зарыл", - дейт Маматалиев.
АЙТАЛИЕВ: "Жеңиш Разаковдун кызматтан кетүүсү чек ара маселесинин чечилишине көптөгөн пайда алып келет"
Жарандык активист Бекназар Айталиев Жеңиш Разаковдун кызматтан кетүүсү чек ара маселесинин чечилишине көптөгөн пайда алып келе турганын билдирди.
"Бул жерде вице-премьер-министрдин ролу абдан маанилүү болуп турат. Жеңиш Разаков тууралуу көптөгөн компроматтар кетип жатат. Чек арасы такталбаган өлкөлөрдүн "тыңчысы" деген сөздөр айтылып жүрөт. Бирок бул сөздөрдүн чын же калп экени белгисиз. Ага ишенбейли десек, көп учурда тиги өлкөнүн кызыкчылыгына туура келе турган чечимдер чыгып жатат. Жеңиш Разаковдун кызматтан кетүүсү чек ара маселесинин чечилишине көптөгөн пайда алып келет", - деди Айталиев.
ЖАМАЛДИНОВ: "Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечүү үчүн өкмөт жигердүү иш алып барышы зарыл"
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечүү үчүн өкмөт жигердүү иш алып барышы зарыл экенин айтты.
"Вице-премьер-министрди алмаштыруу менен маселе чечилсе, аны алмаштырып салмакпыз да. Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечүү үчүн өкмөт жигердүү иш алып барышы зарыл. Бүгүнкү күндө биздин рычагыбыз аз калды. Мурда Өзбекстан менен алакалары бузулуп турганда көп болчу. Тажикстандын тиричилиги жалаң биз аркылуу өткөн. Күйүүчү май, тамак-аштары бизден өтүп турган. Ошондо премьер-министрлер бул маселеге кызыгышы керек эле. Чек араны бир аптага жапканда, тажиктер өздөрү эле келмек. Алар биз айткандай талаптарга макулдугун бермек. Азыр деле кеч эмес. Бирок алар Өзбекстан менен алакаларын оңдоп алды да. Эгерде азыр биз чек араны жаба турган болсок, күйүүчү майлары Өзбекстан тарап менен өтүшү мүмкүн. Мурун Тажик жарандары чет жакка Лейлектен, Бишкектен, Оштон учуп турган. Мигранттары Орусияга биз аркылуу өтчү. Башкача айтканда, толугу менен бизге көз каранды болчу. Ошону колдон чыгарып жибердик. Өкмөт ошол маселени чечебиз десе, азыр деле чек араны жапса болот", - деди Жамалдинов.
ҮМЕТАЛИЕВА: "Вице-премьер чек ара маселесин чече албагандан кийин кызматтан кетип, юридикалык жактан жооп бериши керек"
Укук коргоочу Токтайым Үметалиева вице-премьер-министр чек ара маселесин чече албагандан кийин кызматтан кетип, юридикалык жактан жооп бериши керектигин айтты.
"Вице-премьер-министр укук коргоо органдарын көзөмөл кылат. Жеңиш Разаков кызматтан гана кетпестен юридикалык жактан жооп бериши керек. Премьер-министр эмне үчүн вице-премьер-министрге баа бербейт? Ошондуктан жалгыз вице-премьер-министр эмес, премьер-министр дагы жооп бериши зарыл. Эмнеге өкмөт башчы вице-премьер-министрге сөгүш жарыялаган жок? Бул маселени эмне үчүн Коопсуздук кеңешке алып чыкпай жатышат?" - деди Үметалиева.
ЗУЛПУКАРОВ: "Чек ара маселеси оор. Бул эки тараптын макулдугу менен гана чечилет"
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров чек ара маселеси вице-премьер-министрди алмаштыруу менен чечилбейт деген пикирде. "Жеңиш Разаковдун ыйгарым укуктары маселени чечкенге жетпейт. Өкмөттүн чек ара боюнча комиссиясы бар. Аны Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссиянын отуруму менен гана чечилет. Бул маселени карап жатышат. Чек ара маселеси оор. Сүйлөшүүлөр башталды. Бул маселеси бир тараптуу чечилбейт эки тараптын макулдугу менен чечилет", - дейт Зулпукаров.