КҮНСОБОЛ: Өмүрбек Текебаевдин маселеси Жогорку Кеңеште эмне себептеп көтөрүлбөй жатат?

Буга чейин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон. Бирок аталган маселе парламенттин жалпы жыйынында карала элек. Жакында эле Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Текебаевдин парламентаризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошконун айтып, бирок анын маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлбөй жатканын сынга алды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өмүрбек Текебаевдин маселеси Жогорку Кеңеште эмне себептеп көтөрүлбөй жатат?" деп собол салды.

БАКИРОВ: “Өмүрбек Текебаевдин маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп келген”

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров бир топ депутаттар тарабынан Текебаевдин маселеси көтөрүлүп келгенин айтты.

“Өмүрбек Текебаевдин парламентаризмге кошкон салымы чоң. Жогорку Кеңеште анын ишин кайра кароо боюнча маселе көтөрүлүп келген. Бул маселени “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары, мен, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов көтөрүп жүрөт. Маселе көтөрүлгөн учурда Башкы прокуратурага Текебаевдин адвокаттары тарабынан кайра кароо боюнча кат жөнөтүлгөн. Бирок алардан бул ишти кароого негиз жок деген жооп келген. Бул укуктук, соттук иш менен чечиле турган маселе. Биз бир маселени көтөрүп, багыт, сунуш бере алабыз. Ал эми соттун ишине кирише албайбыз”, - дейт Бакиров.

ЗУЛПУКАРОВ: “Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаевдин маселеси каралбай жатат деген туура эмес”
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров белгилегендей, тиешелүү комитет же фракция бир маселени көтөргөнгө укугу бар.
"Ошол көтөрүп чыккан чечим менен Жогорку Кеңештин палатасына коё турган болсо бул маселе толук каралышы мүмкүн. Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаевдин маселеси каралбай жатат деген туура эмес. Бир эмес бир нече жолу каралган. “Белизгейт” боюнча да бул маселе каралган. Ал эми Башкы прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароого эмнеге негиз жок деп жооп беришкени боюнча апрелде алар отчёт бергенде сурап алсак болот", - Зулпукаров.
МАСАЛИЕВ: "Ата Мекен" фракциясы Текебаевдин маселесин көтөрүп жатканы менен "келгиле, токтом кабыл алалы" дегенин көрө элекмин"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Өмүрбек Текебаевдин маселесин оозеки түрдө көтөрө берүү пайдасыз экенин айтты.

"Бир маселени баары колдогудай парламент депутаттары бир атанын балдары эмес да. Текебаевдин ишин кароодо камакта отурган 12 миң жаранды да ойлош керек да. “Ата Мекен” фракциясы Текебаевдин маселесин көтөрүп жатканы менен “келгиле, токтом кабыл алалы” дегенин көрө элекмин. Парламентти ушул сыяктуу иштерди карабайсыңарбы деп айтышат. Мындай маселелерге аралашса, "Жогорку Кеңеш өз ишин кылбайбы" деп сындашат. Учурда өлкөдө 18 миң кылмыш иши бар. Камакта болсо 12 миң адам отурат. Совет доорунда мыйзамга ылайык, соттолгон киши ырайым сурап кайрылчу. Бүгүн андай талап жок. Бирок арыз менен кайрылса болот деп турат.

Парламент Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча кол коюп, президентке берсе, бул да негиз болушу мүмкүн. “Президент Текебаевди бошотсун” деп жатышат. Бирок камакта отурган 12 миң адам “мени да бошот” деп айтат да. “Ата Мекен” фракциясы кайрылуу жасап, мага келсе, сөзсүз кол коймокмун. Адам камакта отурат. Аны чыгарыш керек болсо мыйзамдуу жолун издеш керек. Текебаевдин иши боюнча “саясий куугунтук болгон” деп мамлекеттик комиссия түзсө, ошол саясий баа бере алат. Бирок куру сөз эч нерсеге алып барбайт. Текебаевдин иши саясий куугунтук болгонун сезип турабыз да”, - деди Масалиев.

ШЫКМАМАТОВ: "Кайсы бир күчтөр Текебаевдин эркиндикке чыгышынан коркуп жаткандай"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевдин маселеси парламентте бир нече жолу көтөрүлгөнүн айтты.

"Биздин фракция бир нече жолу Өмүрбек Текебаевдин маселесин кароо боюнча сунуш киргизгенбиз, талап кылганбыз. Тилекке каршы, бир да жолу күн тартибине кирген жок. Добуш жетпей калып жатты. Көп депутаттар каршы болуп туруп алышты. Менимче, кайсы бир күчтөр Текебаевдин чыгышынан коркуп жаткандай", - деди ал.

БЕКНАЗАРОВ: “Жогорку Кеңеш конкреттүү бир адамдын маселесин көтөрбөйт”

Саясий ишмер Азимбек Бекназаров соттун чечими күчүндө турганда Жогорку Кеңештин Текебаевдин маселесин көтөрүүгө укугу жок экенин билдирди.

“Жогорку Кеңеш конкреттүү бир адамдын маселесин көтөрбөйт. Алар Текебаевге окшогон ондогон саясатчылардын ишин карайт. Жогорку Сот аркылуу өкүм чыгарылып, жазасын өтөп жаткандар өздөрү сотко кайрылууга укуктуу. Учурда соттун чечими күчүндө турат. Жаңы ачылган жагдай боюнча Текебаев жактоочулары менен бирге мыйзамдуу түрдө сотко кайрылуусу керек. Ал эми Жогорку Кеңеш бир адамдын ишин оңдоп караганга чечим кыла албайт. Чечим кыла турган болсо, сот бийлигинин ишине кийлигишкен болуп калат. Саясий туткундарга байланыштуу ырайым мыйзамын пайдаланса болмок. Бирок конкреттүү Текебаев, Чотонов дебей, саясий туткун деген беренелер боюнча саясий ырайым кабыл алганга Жогорку Кеңештин укугу бар. Тилекке каршы, аны пайдаланган жок.

Ал эми президенттин кечирим бергенге гана укугу бар. Кээде өзүбүз мыйзамдуулукту талап кылабыз дагы, кайра өлкө башчыдан жана Жогорку Кеңештен мыйзамда жок нерсени күчкө салып талап кыла беребиз. Текебаев деп эле көрүнгөн депутат кыйкыра бергени туура эмес. Өмүрбек Чиркешович жалгыз эмес, ондогон киши саясий туткунда жатат. Текебаевдин жанында жаткан Чотоновду деле айтып коюшса болот эле да. Текебаевдин ишин кайра каратуу үчүн керек болсо Маевскийден тосмо арыз алып келүү керек. Ошондо ишти кароого негиз пайда болот”, - деди.

КАРАСАРТОВА: “Депутаттар Текебаевдин маселесин көтөрүп чыкса, алардын ар бир сөзүнө юридикалык жактан текшерүү болот”

Укук коргоочу Рита Карасартова Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу бийлик болгондуктан мыйзамдуу жолдорун издөөдө деген пикирде.

“Жогорку Кеңеш өзү мыйзам чыгаруу бийлик бутагы болгондон кийин мыйзамдуу жолдорун издешет. Өмүрбек Текебаев “президенттен ырайым сурабайм, мен кылмыш ишин кылган эмесмин” деди. Бирок юристтердин айтымында, президент куугунтукка кабылгандардын баарына ырайым кылса болот. Көпчүлүктүн пикиринде, Текебаевди чыгарып коюу президенттин колунда. Эгерде депутаттар бул маселени көтөрүп чыкса, ар бир сөзүнө юридикалык жактан текшерүү болот. Бирок тегерек үстөлдөрдө же ар кандай жыйындарда көтөрүлүп, өлкө башчыны мартчылыкка, айкөлдүккө чакырабыз деген сөздөр айтылып жатат. Ал эми парламент өзүнчө бийлик бутагы, ошондуктан соттун чечимин туура эмес деп айтууга мыйзамдуу укугу жок”, - деди укук коргоочу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан