КҮНСОБОЛ: Жалал-Абаддын мэри кызматкерлерине журналисттерге маалымат анын уруксаты менен берилсин деди. Бул жарандардын маалыматка болгон укугун чектөө эмеспи?

Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу интернетке чыгып, ага карата ар кандай кайчы пикирлер айтылды. Аталган буйрукта мэриянын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарына кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурда шаар жетекчилиги менен макулдашуусу зарыл экендиги жазылган.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жалал-Абаддын мэри кызматкерлерине журналисттерге маалымат анын уруксаты менен берилсин деди. Бул жарандардын маалыматка болгон укугун чектөө эмеспи?" деген собол салды.

САТАРОВ: "Маалымат берүүгө чек коюу ошол жерде цензураны жаратышы мүмкүн"

Коомдук ишмер Абды Сатаров ММКлар боюнча мыйзам толук сакталганда өлкө укуктук мамлекетке айланат деген пикирин айтты.

"Маалымат алуу, ММК, медиа боюнча атайын мыйзам бар. Мамлекеттик жашыруун сыр болбосо ар бир журналист маалымат алууга, жазууга укуктуу. Муну эч ким чектей албайт. Ал киши кайсы мыйзамга таянып мындай чечим чыгарганы боюнча түшүнүгүм жок. Мындай чек коюунун өзү кандайдыр бир деңгээлде ошол жердеги цензураны пайда кылышы мүмкүн. Жергиликтүү бийлик болобу, башка бийлик болобу журналисттер менен иштеп ММК мыйзамды толук сактаганда биз укуктук мамлекетке айланабыз", - деди Абды Сатаров.

НАРЫН АЙЫП: “Мекемелерде жашыра турган эч нерсе жок болсо кызматкерлерге маалымат берүүгө тыюу салынбайт”

Журналист Нарын Айып белгилегендей, аскер, коопсуздук, тышкы саясат маселеси боюнча уюмдар ачык айтпай турган нерселер болот.

“Кээ бир уюмдардын өздөрүнүн ички иштери бар да. Ошонун баары эле коомчулукка тарап кетпеши үчүн басма сөз кызматтарын түзөт же расмий өкүлдөрүн дайындайт. Анткени айрым адамдар уюмдун кызыкчылыгына каршы бир нерсе айтып коюшу мүмкүн. Бирок жашыра турган эч нерсеси жок, таза иштеп жаткан мекемелерге расмий өкүлдүн, маалымат кызматынын кереги жок. Аскер, коопсуздук, тышкы саясат маселеси боюнча уюмдарда ачык айпай турган нерселер болот. УКМКнын ичинде эмне болуп, кылмышкер кантип кармалып жатканы жарыяланбашы керек. Бул жалпы максаттарга зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.
Ал эми мэрияда андай чектөө болбошу керек эле. Бирок баары ошентип түзөт. Анткени жашыра турган нерселери көп. Корко турган эч нерсеси жок болсо мындай тыюу салууга болбойт”, - дейт Нарын Айып.

ИШЕМКУЛОВ: "Жалал-Абад шаарынын мэринин чечими - демократиялык принциптерди бузгандык"

Профессор Тилектеш Ишемкулов маалымат мэрдин уруксаты менен берилсин деген чечим шаар башчылыгынын кетирген одоно кемчилиги катары баалады.

"Мэр учурдагы коомдук-саясий кырдаалды жакшы түшүнбөсө керек. Эч качан, эч кайсы жерде президент болобу, император болобу же канцлерби журналисттердин эркин сүйлөөсүнө тыюу салууга акысы жок. Адамдардын укуктарынын бүткүл дүйнөлүк декларациясы деген документ бар. Ошол жерде айтылган сөз эркиндиги жана журналисттин эркиндигине кеңири жол ачылат. Цензура түп тамыры менен жоюлат деген кеп бар. Кыргызда "Жалпыга маалымдоо каражаты жөнүндө" мыйзамды 1992-жылы кабыл алышкан. Ошондо биздин өлкөдө сөз эркиндигине толук жол ачылат деп жазылган. Демек, бул Жалал-Абад шаарынын мэринин чечими демократиялык принциптерди бузгандыгы деп эсептелет. Анын өзүнүн, кол алдындагы кызматкерлеринин тыюу салууга акысы жок. Бул анын көз карашынын тайкылыгынан кабар берет. Журналисттер ар кандай мамлекеттик, коомдук уюмдарга кирүүгө, ар кандай маселелер боюнча маалымат алууга, алар тууралуу жазууга акылуу деп жазылган", - деди Тилектеш Ишемкулов.

САТЫБАЛДИЕВА: "Мэр Мурат Тагаевдин бул буйругу сөз эркиндигин чектөөгө жатат деп эсептейм"

Журналист Санрабия Сатыбалдиева мэрдин бул кадамын кол алдындагы жетекчилердин эркиндигине тыюу салууга барабар дейт.

"Мэр Мурат Тагаевдин бул буйругу сөз эркиндигин чектөө деп эсептейм. Анткени мыйзамда деле жергиликтүү органдардын аткарган иши так, даана көрүнүп турсун деп көрсөтүлгөн. Анан калса, шаардагы мекеме, ишканаларга такшалган, иш билги кызматкерлер жетекчи болуп келет да. Алар деле шаардын терс көрүнүшүн ачыктап салбашы турган кеп. Анан мэр менен эмнеге макулдашышы керек, түшүнүксүз. Деги эле мындай буйрук сөз эркиндигине кошо жетекчилердин да эркиндигине тыюу салгандай өңүт калтырууда", - деди ал.

ҮМӨТАЛИЕВ: “Жарандарга тиешелүү маалымат такай ачык болушу керек”

Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев бул маселени эки тараптуу карашы керек деген пикирде.

“Ар бир мекеменин ички тартиби болот да. Эгерде бир мекемеде ички тартип орнотулуп жатса, кандайдыр бир басма сөз кызматы аркылуу маалымат берүүлүсү шарт.
Бул маселени эки тараптуу караш керек. Ички эреже менен оозеки жоопторду же башка кайрылууларды сөзсүз түрдө милдеттүү адам маалымат катчы аркылуу берилет. Бул мекеменин өз иши, орундуу эле нерсе. Бирок жарандарга тиешелүү маалымат такай ачык болуп, интернетке ачык жарыяланып турушу абзел”, - дейт Үмөталиев.

 

ТОКТОНАСЫРОВ: “Жалал-Абаддын мэри тез арада кызматтан алынышы керек”

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жалал-Абаддын мэри кызматкерлерине журналисттерге маалымат анын уруксаты менен берилсин дегени демократиялык принциптерге ылайык келбей турганын айтты.

“Жалал-Абад шаарынын мэрин тез аранын ичинде кызматтан айдап чыгыш керек. Эмне деп тантырап жатат? Сөз эркиндигин каалагандай калчагандай ал ким экен? Бул мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбейт. Чоң шаарда мэр ушундай демилге менен чыгып жатканы бул авторитардык режимди жактырган чиновник экенин далилдейт. Аны бийликтегилер мамлекеттик жооптуу кызматтарга коюудан алыс болушу керек. Журналисттер бирөөдөн маек алыш үчүн андан уруксатты эмне үчүн алышы керек? Күч түзүмүндө иштегендер дагы мындай кадамга барбайт. Анын иш-аракети демократиялык принциптерге ылайык келбейт. Териштирип отурбай эле кызматтан тез арада алыш керек”, - деди Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан