КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти 3 пайызга түшүрүү сунушталып жатат. Колдоо керекпи?

Парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөрү күтүлүүдө. Кечээ, 22-октябрда бир топ саясий партиялардын лидерлери, саясатчылар чогулуп, шайлоо боюнча мыйзамдагы жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу талкуулашты. Анда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентке өтүү үчүн босого чегин 3 пайызга чейин төмөндөтүү керектигин айтты.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти 3 пайызга түшүрүү сунушталып жатат. Колдоо керекпи?" деген собол салды.

Жээнчороев: "Келерки шайлоого чейин 9 пайыздык босого чекти сөзсүз өзгөртүү керек"

Депутат Мирлан Жээнчороев шайлоо босогосун 5 пайыз кылуу боюнча сунуш даярдап жатканын айтты. "Негизи босоголук чекти төмөндөтүү боюнча демилгени колдоо керек. А бирок 3 пайыздык чек, биздин өлкө үчүн өтө аз болуп калат. Себеби учурда партиялар абдан көп. 3 пайыздык босого чекти алуу үчүн 50 миң гана добуш керек. Андыктан 5 пайыз кылсак, ортодогу баланс сакталат. Ал эми шайлоого катышып жаткан партиялар үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди ал.

ТАШИЕВ: "Парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босого чегин колдойм. Саясий атаандаштыкта күч сынашалы"

Саясатчы Камчыбек Ташиев 9 пайыздык босоголук чекти колдой турганын айтты.

"2020-жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9 пайыз болуп белгиленген. Азыркы учурда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес. Көпчүлүгү парламентте отурушкан. Эми гана айта башташты, демек ошол маалда Атамбаевдин демилгесине каршы чыгууга эрктери жеткен эмес.

Жеке мен 9 пайыздык босоголук чектин калуусун каалайт элем. Саясий атаандаштыкта күч сынашалы. Эл кайсы адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экенин тандайт", - дейт Ташиев.

АСАНОВ: "Жогорку Кеңешке өтүү үчүн босоголук чек 3 пайыз болсо эки базарком биригип, партия түзүшүп элдин добушун сатып алышат"

Саясатчы Бектур Асанов 3 пайыздык босого чеги бул болбогон нерсе деген пикирде.

"Биздин өлкө үчүн 3 пайыз босоголук чек аз. 5 пайыз болсо туура болот. Босого чеги 3 пайыз болсо эки базарком биригип, бир партия түзүшүп элди сатып алышат. 1 жарым миллион адам шайлоого катышса, 45 миң добуш керек болот. Алар 45 миң добушту оңой эле сатып алышат. Парламентке 20-30 партия кирип калышы мүмкүн болуп калат. Босоголук чек 5 же 7 пайыз болушу керек", - дейт Асанов.

САРИЕВ: "9 пайыздык босого чеги калса, парламентке бийлиги барлар жана акчалуулар келип калат"

Саясатчы Темир Сариев 9 пайыз босого чегин 5 пайызга төмөндөтүп туруп, партиялар жөнүндө мыйзамды күчтөш керек деген ойдо. "Мамлекеттин туруктуулугу үчүн, күчтүүлүгү үчүн бул демилгени колдош керек. Бирок 5 пайыздык чек менен бекитилсе, партиялар көп катталган өлкө үчүн туура болмок. Ал эми 9 пайыздык босого чек албетте, өтө жогору. Биз жаш, демократиялык багыттагы өнүгүп келе жаткан өлкөбүз. Андыктан шайлоонун жыйынтыгын эл таанышы керек. 9 пайыздык босого чеги калса, Жогорку Кеңешке бийлик же акчасы барлар келип калат" , - деди Сариев.

МОЛДОКМАТОВ: "Парламентке өтүү босого чегин 3 пайызга чейин төмөндөтүүгө каршымын"

"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов парламентке өтүү босого чегин 3 пайызга чейин төмөндөтүүгө каршы экенин айтты. "Босоголук чекти талкуулаганда жалпы шайлоо мыйзамдарын талдаганда өтө кылдат болушубуз керек. Босолук чекти 3 пайызга түшүрүү боюнча сунуштарын белгилүү саясатчылар айтышты. Бирок мен буга каршымын. 5 пайыздык босого чеги болсо нормалдуу көрүнүш. Эгерде шайлоочулардын санын 1 жарым миллион деп алсак, 3 пайыздык босого чеги боюнча 50 миң добуш болуп калат. Анда парламентте анархия болот. 5 пайыз болсо 100 миң добуштун тегерегинде болот экен. Бул туруктуу түзүмдөрү бекиген, түзүмү күчтүү партиялардын парламентке келишине жол ачат. 2010-жылдагы парламенттик шайлоону эске алсак, 100 миң добуш алып, өтпөй калган партиялар болгон. Кээ бирөөлөр босого чегин алып салалы деп жатышат. Анда шайлоону өткөрүп эмне кылабыз?

9 пайыздык босого чеги боюнча демилгени 5-чакырылыштын депутаттары, ошол жакта отурган фракция лидерлери көтөрүп чыккан. Бул 2013-жылы башталган. 2016-жылы 6-чакырылыштын 6 фракциянын депутаттарынын бардыгы 9 пайыздык босого чегин колдоп беришкен. 100дөн кем эмес депутат "макул" деп добуш берген. Фракция лидерлери демилгелеп көтөрүп чыккан 9 пайыздык босого чеги бекигенден кийин, алардын буга кайра каршы чыккандарын түшүнгөн жокмун. Эмнеге позицияларын алмаштырышты? Мүмкүн жүйөлүү себептери бар чыгар. Коомчулук парламентти эмнеге сындап жатат. Анткени алардын туруктуу позициясы жок болуп жатат", - дейт Молдокматов.

АЛМАЗ ТАЖЫБАЙ: "Парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босого чеги авторитардык мамлекеттерге мүнөздүү көрүнүш"

Саясий серепчи Алмаз Тажыбай парламентаризмди тандаган өлкөдө босоголук чек 3 пайыздан ашпашы керек же ал жоюлушу шарт деген ойдо.

"Босоголук чек боюнча ар кандай сунуштар айтылып келет. Ал демилгелердин арасында шайлоого карата чекти жоюу тууралуу да сөздөр болгон. Парламентаризм өнүккөн өлкөлөрдө босоголук чек 3 пайыздан ашпашы керек деген талап бар. Азыркы 3 пайыздык босого чеги боюнча демилге ушундан улам келип чыкса керек. Негизи буга чейинки коюлган 9 пайыздык чек, бул авторитардык мамлекеттерге мүнөздүү көрүнүш. Андыктан жарандык коом азыркы босогону төмөндөтүү боюнча демилгени колдойт. Парламент бийликтин башкаруу органы болгондуктан, ал жакта ар түрдүү жарандык коомдун өкүлдөрү отурушу шарт. Босоголук чек жогору болгондо шайлоочулардын 44 пайыз (ред.өткөн шайлоодо 9 пайыздык чек менен шайлоочулардын 56 пайыз добушу гана эсептелген) добушу эсептелбей калат да, алардын үнү Жогорку Кеңешке жетпей калат. Босоголук чекти сөзсүз төмөндөтүү зарыл. Ошондо өлкөдө митингдер болбой калат. Ошондой эле шайлоо фондуна төлөнүүчү каражатты дагы 1 миллион сомго же 500 миң сомго чейин азайтуу керек", - деди серепчи.

ОСМОНБЕТОВ: "Пайыздык босогону төмөндөтүп, жаңы партиялардын парламентке келишине мүмкүнчүлүк түзүү керек"

Саясий серепчи Эдил Осмонбетов 9 пайыздык босого чегинин максаты партиялардын аброюн көтөрүү экендигин белгиледи.

"Дүйнөлүк практикада шайлоого ар кандай босоголук чекти коюп келишет. Бирок көпчүлүк мамлекеттерде 5 пайыздык босого чегин бекитишкен. Бул ортодогу пайыз болуп эсептелинет. 2020-жылы боло турган шайлоо өзгөчө болот деп ойлойм. Себеби учурдагы парламент өз дарегине абдан көп сындарды угуп келе жатат. Эгер 9 пайыздык чекти калтырса, Жогорку Кеңешке мурдагы эски партиялар гана келип калышы ыктымал. Бул нерсе коомдук нааразычылыкты күчөтөт. Андыктан 3 пайыз болбосо дагы, 5 пайыздык чекти коюп, жаңы партияларга, жаңы лидерлерге мүмкүнчүлүк түзүү керек", - деди Осмонбетов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан