Кыргыз жериндеги "МувГрин" жаштар кыймылы Бишкектин абасынын булганганына байланыштуу маалыматтарды интернетке жарыялады. Андан Бишкектин айрым жерлеринин абасы нормадан 20 эсе булганганын байкоого болот. Буга чейин да борбор калаанын абасында уулуу заттар көбөйгөнү айтылып, ага 70 пайыз автоунаалардан чыккан түтүн себепчи экени белгилүү болгон. Андан сырткары мындай булганууга Бишкек жылуулук электр борборунун да тиешеси бар экени айтылган.
SUPER.KG порталынын "Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганыч экени айтылууда. Бул көйгөйдү ким жана кантип чечиши керек?" деген соболуна курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов жооп берди.
Ал Бишкек шаарындагы абанын булгануусу негизинен автоунаалардын көптүгүнө байланыштуу болуп жатканын билдирди.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин Бишкек боюнча көмөк чордондору (подстанция) бар. Ал жактан тийиштүү маалыматтар келип, Кыргыз Республикасы боюнча анализ жүргүзүлөт. Ал эми Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганган деген маалымат туура эмес. Ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, расмий маалымат берилет", - дейт Рустамов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов, эколог Бактыгүл Стакеева, экология тармагындагы эксперт Азамат Темиркулов, жарандык активист Мураталы Үчкемпировдунпикири бул шилтемеде.