ЖЭБдеги кырсык боюнча сот. "Улуттук энергетикалык холдинг" 2017-жылы ЖЭБдин кышка даярдыгын текшерген эмес"

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иши каралууда. "Улуттук энергетикалык холдингдин" Генерация жана электр энергиясын берүү башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев сотто ал жетектеген башкармалык тарабынан 2017-жылы Бишкек ЖЭБдин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы текшерилбегенин айтты.

"Холдинг ЖЭБдердин даярдыгын текшербейт. Бирок өзүбүз тараптан демилге болуп текшерип чыгабыз. Мунун негизинде буйрук чыгып, бирок адам саны жана убакыттын жетишсиздигинен улам Бишкек ЖЭБди текшере алган эмеспиз. Президенттик шайлоо учурунда эки киши болуп Нарын жана Ысык-Көл облусундагы шайлоо участкаларын текшергенбиз. Эки облуста эки күндөн болуп келгенбиз. Бишкек ЖЭБ жаңы гана жаңылоодон өткөндүктөн жана ар дайым кышка даяр экендиги боюнча доклад берилгендиктен текшерген эмеспиз. Анын үстүнө биз комиссия болбогондуктан бүт баарын текшере албайбыз. Июль айында өзүм Бишкек ЖЭБинин жаңыланып жаткан бөлүгүндө болгом, бирок эски бөлүгүндө болгон эмесмин", - деди Байгазиев.

"Бишкек жылуулук" менен "Электр станциялары" ишканасы ЖЭБдеги кырсыкты жөнгө салууда келтирилген чыгымдар боюнча энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан