Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормасынан дээрлик 5 эсе жогору

Бүгүн, 29-декабрда саат 10:00гө карата Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормасынан дээрлик 5 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 73 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 101). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Аламүдүн-1 кичи району – 116 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 140).

Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 100 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 85).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан