Бүгүн, 24-мартта 9:15ке карата Бишкектин бир нече аймагында таза аба байкалууда. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги учурдагы көрсөткүч - 15 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 35). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Чыгыш-5 кичи району - 13 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 27).
Көк-Жар кичи району - 6 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 29).
7-кичи район - 11 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 26).
Абдраев-Кайназарова көчөлөрүнүн кесилиши - 5 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 28).
"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.