10-январга караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргыз жаранына таандык унааны таш менен урушкан. Унаанын ичиндеги Кыргыз жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар экендиги маалымдалды. Болжол менен бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан дагы бир Кыргыз жаранынын унаасын тажиктер Көчө-Карын жергесинде таш менен урушкан. Саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жаранынын үйүнө таштарды ыргыткан. Жабырлануучунун үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашты. Ок атуулар Тажик тараптан гана чыгып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында дагы ок атылды. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара такталып бүткөнгө чейин карапайым калктын коопсуздугун камсыз кылуунун жолдору барбы?" деген собол салды.
БАКИРОВ: "Чек ара боюнча комиссияга макам берип, ыйгарым укугун кеңейтүү керек"
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров чек ара маселеси өтө татаал экенин айтты. "Бир топ жылдардан бери түздөн-түз Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан Республикасынын чек арасы такталбай келүүдө. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аягына чыга элек. Тилекке каршы, ушундай кырдаал болгондо эле өкмөт кыймылдап, аракеттенгенсип калат. Акыркы чек ара боюнча араздашуу болгондо депутаттык топ жеринен көрүп келгенбиз. Чынында абал оор, көп кырдуу маселелер бар. Конституция боюнча мамлекеттик чек араны тактоо боюнча жоопкерчиликти өкмөт алат. Президент тең ата катары чек ара маселеси, эл аралык мамилелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жогорку Кеңеш такталган чек араларды мыйзамдаштырып берет. Бул жерде милдет түздөн-түз өкмөттө. Алар тынымсыз иш аракеттерди жүргүзүшү керек. Чек ара боюнча комиссиянын курамында ар кандай мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү бар. Тилекке каршы, алар алмашып иштен кетип калат, мындайча айтканда туруксуз. Биринчи кезекте комиссияга макам берүү зарыл. Комиссиянын ыйгарым укугун кеңейтүү шарт", - дейт Мирлан Бакиров.
МАМАТАЛИЕВ: "Чек ара боюнча комиссиянын мүчөлөрү Баткенге көчүп барышы зарыл. Алар башка иш менен алектенбеши керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бул маселе өтө оор болуп жатканын белгиледи. "Чек ара маселеси боюнча парламентте да көп көтөрөбүз. Үнүбүз өкмөткө жетпей жатат. Жумушка чыкканда дагы бул маселени көтөрөбүз. Бул жерде чек ара маселеси боюнча атайын комиссиянын курамы Бишкекте отурушат. Алардын мындан тышкары толтура башка жумуштары бар. Ошол эле Жеңиш Разаковду карап көрсөңүздөр башка толтура маселелерге жооп берет. Комиссия толугу менен Баткенге көчүп барышы керек. Башка ыйгарым укуктарынан ажаратылышы шарт. Алар башка эч нерсе менен алектенбеши зарыл. Качан гана алар ушул маселе менен күнү-түнү отурганда жылыш болот эле. Комиссиянын курамы ызы-чуу чыкканда гана реакция кылып коюп отура бергени болбойт", - дейт Маматалиев.
МЕДЕТБЕКОВ: "Бул маселе чечилмейинче ушуга окшогон жагдайлар кайталана берет"
УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси чечилмейинче ушуга окшогон жагдайлар кайталана берет деген пикирде.
"Элдин коопсуздугу боюнча эч ким кепилдик бере албайт. Делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси чечилсе деле кыргыздар менен тажиктер жакын жашаса бири-бирине таш ыргытуу, ар кандай жаман сөздөрдү айтуу же болбосо мергенчилик мылтыктар менен атуу боло берет. Ошон үчүн бул маселе толугу менен такталып бүтмөйүнчө элдин, мамлекеттин коопсуздугуна дагы чоң коркунуч жаратат. 2000-жылдан бери комиссия иштеп жатат. Бирок 20 жылдан бери эч кандай тыянак жок", - дейт Медетбеков.
МАМЫТОВ: "Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечүүнүн үч жолу бар"
Акыйкатчы Токон Мамытов Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечүүнүн үч жолу бар экенин билдирди.
"Чек ара такталмайынча элдин коопсуздук маселеси чечилбейт. Кооптуу бойдон тура берет. Бул маселени өкмөт азыр аракет кылып чечиши керек. Анын үч жолу бар. Биринчиси, Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жайгашкан эл менен такташып, сүйлөшүп кимиңер жер алмашканга макулсуңар деп сураш керек. Мындайча айтканда, Тажик мамлекетинин биздин жерде анклавтары бар, ошону алмаштыруу шарт. Аларга анклавдын өлчөмүндө чек ара жактан жер бериш керек. Суу баскан жерди суу баскан жерге, кайрак жерди кайрак жерге, таштак жерди таштак жерге алмаштыруу шарт. Бирок эл менен кеңешип туруп алмашуу процесстерине баруу керек. Экинчиси, эки өлкөнүн өкмөттөрү чек ара такталбаса, эки мамлекет бир сөзгө келе албайт экенбиз ортомчу болгон бир мамлекетти же эл аралык уюмду чакыралы деп айтыш керек. Алар кандай чечсе, ошого макул бололу деген жыйынтыкка келүү зарыл. Үчүнчүсү, эки тараптуу макулдашып эл аралык сотко кайрылыш керек", - дейт ал.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Кыргыз-Тажик чек арасын тактоону тез арада чечүү керек"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев Кыргыз-Тажик чек арасын тактоону тез арада чечүү керектигин айтты.
"Карапайым калктын коопсуздугун камсыз кылуунун жолдору бар. Ал өкмөт менен күч түзүмдөрүнүн колунда. Алар тез арада чек араны тактоону, келишимдердин баарын тез чечиши керек. Чек арада чыр-чатак чыга берсе бул жакшылыкка алып барбайт", - дейт Дүйшөбаев.
ИСАКОВ: "Карапайым калкка "Аркаңыздарда мамлекет бар, эч жакка кетпеңиздер, биз сиздерди коргойбуз" деген сезимди сездирүү керек жана иш жүзүндө дагы аны аткаруу зарыл"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков карапайым калкка "Аркаңыздарда мамлекет бар, эч жакка кетпеңиздер, биз сиздерди коргойбуз" деген сезимди сездирүү керек жана иш жүзүндө дагы аны аткаруу зарылдыгын айтты. "Ок тажиктер тараптан атылып жатат. Өткөн жылдын 18-декабрь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында тажиктер биздин аймакта тургузган дубалдан улам эки тарап тирешип, биздин бир нече жараныбыз, анын ичинде жергиликтүү кеңештин депутаты, жарандарыбыз жана коопсуздук кызматкерлерибиз жаракат алышкан болчу. Ошондо дагы биз тараптан эч ким курал колдонгон эмес. Алардын коопсуздук кызматкерлери жарандык кийимчен болуп алышып, мергенчи мылтыктар менен биздин жарандарга ок атышып, бир нече жараныбызды жарадар кылганы үчүн эч ким ал тараптан жоопко тартылган жок. Сүйлөшүүлөрдө биз тарап күнөөлүүлөрдү жазалоо талабын коюшкан жок. Максаттары жергиликтүү элди бездирүү, коркутуу, көчүп кетүүсүн камсыз кылуу болууда. Алар өздөрүнө караштуу карапайым калкка жардам беришип, балдарды жана аялдарды чыр чыгаруудан мурда коопсуз жайга жеткиришип, ар бир үйгө аскерлерин жайгаштырышууда.
Тажиктер чек араны тактоого кызыкдар эмес, анткени улам соймолоп, кирип келе берүү, жерлерди ээлей берүү алардын ыңгайына жараша болууда. Ошондуктан, "чек ара такталганга чейин" деген сөзгө ишене бербөө керектигин бийликтин шалаакылыгы жана жерлерибиздин кеткени көрсөттү. Эми ультиматум коюп, белгиленген чектен ичкери кирип, чыр чыгара тургандар аёосуз атылат деп эскертүү берип, макулдашууну бузгандарды убадага жараша атуу зарыл. Алар биздин жумшактыгыбызды көрүп, сырыбызды билип алышып, билгендерин кылышууда! Эмне, тынчтык бизге эле керек бекен? Тажиктерге керек эмеспи? Тынчтык бизге эле керек болгондой мамилени токтотуу зарыл. Алар психологиялык жактан жергиликтүү калкты коркутушуп, боюнда бар аялдардын, балдардын жүрөгүнүн үшүн алып, жашаган жерлерибизди таштап кетишибизди каалап жатышат.
Алардын максатына кызмат кылбай, ар бир үй-бүлөгө бирден кем эмес аскер жайгаштырып, балдарды жана аялдарды коопсуз жайга алып барып, бекем туруп, эркти жана күчтү көрсөтүү зарыл. Аркага жол жок.
Чочулап, элди көчүрө берсек, алар улам максаттарына жакындай беришет. Тажиктерге көмөктөшкөн, ичибизден чыккан жаттар жок эмес. Жөлөк пул, пенсия жана башка жеңилдиктерди элге бергендин ордуна, Көк-Таш айылында тамдардын 90 пайызына дагы деле кызыл китеп бербегени эмне деген шумдук?
Тажик өкмөтү жарандарына ссуда беришүүдө, "баргыла кыргыздардын тамдарын сатып алгыла" дешип... Алынган үйлөргө дароо кызыл китеп чыгарып беришүүдө.
Коопсуздук бир гана күч түзүмдөрүн көбөйтүү жана карапайым элге "Аркаңыздарда мамлекет бар, коопсуздукта турасыздар, эч жакка кетпеңиздер, биз сиздерди коргойбуз" деген сезимди сездирүү керек жана иш жүзүндө дагы аны аткаруу керек", - дейт Исаков.