Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу чырлар көп жаралат. Бир тарабынан Кыргыз-Тажик чек арасын такташуу маселеси болсо, экинчи жактан Кыргыз-Казак чек арасындагы жүк өткөрүү көйгөйлөрү. Баткен облусунда кырдаал курчуганда ок атуулар, жаракат алгандар, каза болгондор дагы болгон. Жергиликтүү тургундардын өмүрү кооптуу абалда калган бойдон келе жатат. Ал эми Казак-Кыргыз чек арасындагы абалдын айынан ишкерлер зыян тартууда. Бийлик эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтканы менен анын жыйынтыгын эл сезип, биле элек.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Казак чек араларында жаралган маселелерди бийлик чече албай жатат. Эл мындан жапа чегүүдө. Эмне кылуу керек?" деген собол салды.
БААТЫРБЕКОВ: “Чек арадагы маселелер буга чейинки бийликтерде деле болуп келген”
Депутат Алмазбек Баатырбековдун айтымында, бийлик чек ара маселесин чечүү үчүн колунан келген аракетин жасап жатат.
“Чек-ара өзү татаал маселе, ага байланыштуу маселелерди дипломатиялык жана колубуздагы болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен чечүү керек. Чек ара 2 коңшу мамлекеттин ортосунда болуп жаткандан кийин, бул маселени 2 өлкө биргеликте, бир тыянакка келип чечиши абзел.
Бүгүнкү күндө Кыргыз-Тажик чек арасында талаш-тартыш жараткан маселенин арты менен чечилбеген жер тилкелери калды. Чечилбей калган бөлүктөрүн 2 өлкөнүн комиссиялары сүйлөшүү жолу менен такташы керек. Дүйнөлүк практикада чечилбей калган жер маселелери саясий жол менен чечилип келген. Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча азыркы күндө такташуу гана маселеси болуп жатат. Кыргыз тарап же Тажик тарап бүгүн чече калалы деген күндө да бул маселе дароо чечилип калбайт. Биргелешип, бир учурда бир чечимге келип, ортодо талаш-тартыш жаралбаганда гана маселе чечилет. Такыр болбогондо да талаш-тартыш маселени пайыздык өлчөмдө чечип алышат.
Кыргыз-Казак чек арасындагы маселе боюнча айтсам, биз эл аралык уюмдарга мүчөбүз, ошол нормаларга такап бул маселени сүйлөшүү жолдору менен чечүү керек. Күч көрсөтүп же урушуу жолу менен чечүү мүмкүн эмес. Бийлик чече албайтат деген ойдон алысмын, себеби кандай гана бийлик болбосун чек ара маселеси - бул 2 тараптуу бийликтин тил табышуусу. Бүгүнкү күндө бийлик колунан келген аракетин жасап жатат. Бирок ошол учурдагы ар кандай жагдайлар болуп кала берет. Мындай акыбал буга чейинки бийликтерде деле болуп келген. Бул маселе бүгүн эле чечиле калбайт жана мындай маселелер кийин да пайда болбойт деген кепилдикти эч ким бере албайт”, - деди Баатырбеков.
МАМАТАЛИЕВ: “Чек ара маселелери өкмөттүн алсыздыгын билдирип койду”
Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, Кыргыз-Тажик чек ара маселеси өкмөттүн деңгээлинде көтөрүлбөгөндүктөн чоң ызы-чуу жаралды. “Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча чоң талкуу болду. Маселе 7-мартта эле козголгон. Ошол жердин Кыргыз-Тажик акимдеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, тыянак чыккан эмес. Өкмөт бул маселени көтөрбөй, чоң ызы-чуу жаралды. Жергиликтүү бийликтин, өкмөттүн ушул багытта иш алып баруусунун алсыздыгын билдирип койду. Тез арада чече турган маселени чоюп, жарандар жапа чекти. 2 мамлекеттин өкмөтүнүн алдындагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиялары бир да жолу жолукпаганы жаман көрсөткүч болуп саналат.
Кыргыз-Казак чек арасында 2-жолу ушундай кырдаал болуп жатат. Биринчи ирет саясат болгон. Азыр болсо Бажы кызматынын жумушун алып баруусунун жакшы эместигинен ушундай маселе жаралды. Аны көзөмөлдөп жаткан өкмөттүн дагы ишин жакшы алып бара албай жатканынан көйгөйлөр пайда болду”, - деди Маматалиев.
АЛТЫБАЕВА: "Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жашаган элдин социалдык маселелерин чечип берүүгө көңүл буруу зарыл"
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жашаган калктын социалдык маселелерин чечип берүү да чек ара боюнча чырдын жаралбашына шарт түзөрүн айтат.
"Биз депутаттык топ Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган чырдан кийин Баткенге барып, маселе менен жеринен таанышып кайттык. Ал жерде биринчи маселе - демаркация, делимитация иштери болуп жатат. Мындан тышкары социалдык багыттагы таза суу, жер, жайыт маселелеринен улам көйгөй жаралат экен. Ушул тармактарга көңүл буруп, андагы жарандардын көйгөйүн чечип берүү керек.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы көйгөйгө көңүл бурулуп жатат. Өкмөттүн жаңы өкүлү дайындалды, өкмөт башчы өзү да ал жакка барды. Ал эми Кыргыз-Казак чек арасындагы көрүнүш тууралуу эртеңки жыйында маселе көтөрүлүп, талкууланат", - деди депутат.
АКЫЛБЕК: "ЕАЭБдеги кээ бир мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн келишимдин башкы принциптерин аткарбай жатышат"
Саясий серепчи Нурсултан Акылбектин айтымында, Кыргыз-Казак чек арасындагыдай маселелер Казак-Орус чек араларында да болуп келет. "Кыргыз-Казак чек арасында турган жүк ташуучу унаалар 19-марттан бери турат. Анык себебин Казакстан тарабы айта элек. Мындай окуялар Казак-Орус чек араларында да болуп келет. Биздин өкмөт бул окуяга туура баа берди. ЕАЭБдин өкүлү болгон мамлекеттер интеграциялык келишим эмес, эркин соода жүргүзүү келишимин толук түрдө аткарып келишпейт. Тең укуктуулук орной элек. Кээ бир мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн келишимдин башкы принциптерин аткарбай жатышат. Бул бир эле биздин мамлекетке эмес, бүткүл Евразиялык бирикмесинин туруктуулугуна зыян келтирип жатат. ЕАЭБке кирген бардык мамлекеттер, бирикменин ичиндеги ишкерлер үчүн тең укуктуулук, атаандаштык чөйрөсүн түзүп берүүсү зарыл.
Бирикмеге кирген мамлекеттер арасында чек арада жасалма тоскоолдуктардын болгону абдан жаман көрүнүш. Биздин өкмөт бул жаатта укуктук талаада, интеграциялык келишимдин аткаруусун чечкиндүү түрдө талап кылышы керек. Албетте, ЕАЭБдин стандарттарына жооп берүү үчүн болгон системдик реформаларды жүргүзүү керектигин унутпашыбыз керек. Евразиялык бирикме биздин мамлекет үчүн абдан маанилүү уюм. Тилекке каршы, ички жана тышкы себептердин айынан бирикменин потенциалын толук колдоно албай келебиз", - деди Акылбек.
Ал эми Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча эксперт Нурсултан Акылбек буга чейинки күнсоболдо төмөнкүдөй пикирин билдирген.
ЧОЛПОНБАЕВ: “Чек ара маселелерин чечүүгө бийликтин күчү жок болуп жатат”
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, өкмөт чек ара маселесин чече албай жатат.
“Чек ара маселесин бийлик чечиши керек, эгерде чечпесе андан эч нерсе чыкпайт. Калгандарынын бардыгы куру сөз. Бул маселени бийлик чече албай жатат дегенге кошулам. Көйгөй чечиле турган болсо эчак эле чечилмек. Бийликтин күчү жок болуп жатат. Кептин баары ушунда турат”, - дейт Чолпонбаев.
МЫРЗА: "Чек ара маселесинде президент мүнөзүн көрсөтүшү керек, бул жагынан ал чабал болуп жатат"Жарандык активист Айбек Мырза чек ара маселесин мамлекет башчылардын деңгээлинде сүйлөшүү аркылуу чечүү керек деген пикирин айтты.
"Чек ара маселесин сүйлөшүү аркылуу чечүү зарыл. Баткендеги чек арадагы кырдаал боюнча саясий эрк керек. Президенттердин деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, чек ара маселесин карай турган өкмөттүн өкүлдөрүнө тапшырма берилиши кажет. Өзүбүздүн дагы рычагдарды колдонууга аракет кылган туура. Бир нерсе болсо эле чек араны жаап коюп жатышпайбы? Кыргыз өлкөсүндө суу рычагдары бар. Сүйлөшүү учурунда ошолорду дагы айтып, түшүндүрүү керек. Таластагы суу сактагыч Казакстан тарапка карата рычаг боло турган нерсе. 2010-жылы ошол нерсе колдонулган. Башкача айтканда тең ата сүйлөшүү керек. Дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып, болбосо энергетикалык, суу рычагдарын колдонууга туура келет. Бул жерде геосаясат дагы болушу мүмкүн. Эмне үчүн мындай болуп жатканын терең анализдөө зарыл. Президент мүнөзүн көрсөтүшү керек эле, сүйлөшүү жагынан чабал болуп жатат", - деди Айбек Мырза.