КҮНСОБОЛ: Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюму коронавирусту пандемия деп, аталган инфекция катталган өлкөлөрдүн саны 114кө жеткенин жарыялады. Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок дегенге дагы деле ишенип жатасызбы?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус коронавируска байланыштуу абалга пандемия деп мүнөздөмө берди. 11-мартка карата дүйнөнүн 114 өлкөсүндө коронавирус катталды, ооругандардын саны 118 миңден ашуун, каза болгондордун саны 4 миң 291. Республикалык штабдан Кыргыз өлкөсүндө коронавирус катталбаганын билдирип келишет.

SUPER.KG порталы "Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп, аталган инфекция катталган өлкөлөрдүн саны 114кө жеткенин жарыялады. Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок дегенге дагы деле ишенип жатасызбы?" деген собол салды.

МАМАТАЛИЕВ: "Өлкөдө коронавирус жок дегенге ишенем"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өлкөдө коронавирус жок дегенге ишене турганын айтты.

"Республикалык штабдан коронавирус келбегенин билдиришти. Бизде жок деп айта алам, Кудай сактасын. Алардын кылып жаткан жумуштарында мүчүлүштүктөр бар экенин айтып жатабыз. Эгерде кандайдыр бир себептер менен коронавирус кирип калса министрди, вице-премьерди кетиргенден коронавирустан кутула албайбыз. Премьер-министр жеке өзү жооп берип калат. Коронавирусту киргизбегенге толук шартыбыз бар. Коронавируска каршылыкты көрсөтүшүбүз керек. Тойлорго, масштабдуу иш-чараларга тыюу салынды, бирок өтүп эле жатат. Өкмөттүн тыюу салганы кагаз түрүндө калып, аткарылбай жатат", - дейт Марлен Маматалиев.

ТОКТОШЕВ: "Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок. Биз расмий билдирүүгө ишенебиз"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев расмий билдирүүгө ишене турганын айтты.

"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кечээ коронавирусун пандемия деп жарыя кылды. Мамлекеттик орган болгон Саламаттыкты сактоо министрлигинен бизде коронавирус жок деп расмий билдиришти. Биз расмий билдирүүгө ишенебиз", - дейт Токтошев.

МАСАБИРОВ: "Өкмөт коронавируска каршы жакшы иш алып барып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров өкмөт коронавируска каршы жакшы иш алып барып жатканын айтты.

"Бул боюнча өкмөттө атайын штаб түзүлгөн. Коронавируска каршы иштер жүрүп жатат. Чет мамлекеттерден келген жарандарды текшерүүнү жакшылап көзөмөлдөө керек. Коронавирус жок деп ишенебиз. Кудай сактасын бизде жок эле болсун. "Сактыкта кордук жок" деген сөз бар го өкмөт ошонун негизинде жакшы иш алып барып жатат. Бир адамга коронавирус жугуп калса коркунуч алып келиши мүмкүн. Мындай учурда өкмөт талап кылган нерселерди бардыгыбыз аткарышыбыз керек", - дейт Масабиров.

ТУРСУНБЕКОВ: "Өлкөдө коронавирус жок дегенге ишенем"

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков коронавирус жок дегенге ишене турганын белгиледи.

"Мен да бул маселе боюнча элдин арасынан угуп калып жатам. Ошон үчүн саламаттыкты сактоо министрине бир эмес эки жолу бул темада сүйлөштүм. Ал колубуздан келишинче аракет кылып, иш жүргүзүп жатабыз, мындай балээ жок деп айтты. Ал мага расмий түрдө айтып жаткандан кийин ага ишенбей койгонум болбой калат", - деди депутат.

КУЛУЕВА: "Коронавирус чыкты дегенде Саламаттыкты сактоо министрлигинин күч аракеттери билинген жок"

Журналист Элнура Кулуева коронавирус дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салып жатканын белгиледи.

"Бардык өлкө элинин саламаттыгын ойлоп жатат. Ушул убакта бул оору катталса да, катталбаса да чараларды, аракеттерди көрүшүбүз керек. Анткени чет өлкөдө эс алгандар, окуп жүргөн студенттер келип жатышат. Кайсы бир өлкөдөн туристтер келүүдө. Коронавирус чыкты дегенде Саламаттыкты сактоо министрлигинин күч аракеттери билинген жок. Канча деген маалыматтар социалдык тармактарга чыгып жатса дагы эч кандай реакция болбой, жаап-жашыруу болгону бизди чочулатты. Ата-энелер балдарыбызды мектепке жиберебизби деп коркуп жатышат. Кечээтен баштап маршруттук таксилерди дезинфекциялап жатышат. Дезинфекция жүргүзүп жаткан адамдарда бет кап жок, кийген кийимдерин көрүп мен чочулап жатам. Бүгүн депутаттар окуучуларды, студенттерди каникулга чыгаруу боюнча жакшы маселе көтөрдү. Кыргыз өлкөсүндө катталбай эле койсун деп тилейбиз. Бирок ошол эле учурда Арстан Алайга ишенип албашыбыз керек да. Коронавирус катталбаш үчүн болгон аракеттерди кылуу керек", - дейт Кулуева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан