Социалдык тармактарда контейнер-мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкууга алынууда. Бул 6 контейнерде бүгүнкү күндө 172 бала билим алып жатканы белгилүү болду. Мамлекеттик бюджеттин 20 пайызы жумшалган билим берүү тармагын көпчүлүк сынга алып жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Нарындагы контейнер-мектеп талкууга түштү. Бул бюджеттин 20 пайызын билим берүү тармагына жумшаган өлкөгө жараша турган көрүнүшпү?" деген собол салды.
СУРАБАЛДИЕВА: "Контейнерден салынган мектепти көрүп капаландым"
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева билим берүү тармагы боюнча нааразычылыктар көп экенин айтты. "Бүгүн билим берүү жана илим министри кызматтан өз каалоосу менен кетти. Контейнерден салынган мектептин айынан көп негатив реакция болуп жатат. Китептерден ката кетип, эл арасында нааразычылыктар болду. Бул маселе парламентте дагы көтөрүлдү. Көйгөйлөр айтылууда, бирок көңүл бурулбай келет. Контейнерден салынган мектепти көрүп капаландым. Билим берүү системине бюджеттен бөлүнгөн каражаттан тышкары насыя, гранттар келет. Мектептерди куруу маселеси каралганда, авариялык абалдагы мектептерге көңүл бурулса жакшы болмок", - дейт Сурабалдиева.
ОСМОНАЛИЕВ: "Бул көз боёмочулуктун жеткен чеги"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев бул абдан чоң шермендечилик деген пикирин айтты. "Бул мектепке болгон мамилебиздин кандай деңгээлде экенин көрсөтүп койду. Мындай нерсе болбошу керек болчу. Абдан уят нерсе. Мектептин ачылышына барган аким, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысына кейиштүү сөздөрдү айткым келет. Бул көз боёмочулуктун жеткен чеги. Ошону эки жыл мурун эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн бүтүмүн чыгарып, башка мектеп салыш керек деп айткан экен. Эки жылдан бери жергиликтүү бийлик менен Билим берүү жана илим министрлиги эмне кылып жүрдү. Өкмөт катуу чара көрүшү керек. Министр кызматтан кетиптир, ал жөн эле кетип калбай жооп бериши керек. Катуу тартип менен министрликтин ишин баштабаса оңбой калдык го", - дейт Осмоналиев.
ТОКТОШЕВ: "Балдардын контейнер-мектепте билим алышы Билим берүү министрлигинин шалаакылыгы"
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 21-кылымда балдарды контейнерге окутуу уят иш деген пикирде. "Контейнер-мектеп тууралуу угуп таң калдык. Кыргыз мамлекетинин экономикасы, курулуп бүткөн мектептердин сандары күндөн-күнгө өсүп жатат. Бул көйгөйдү Билим берүү жана илим министрлиги, айылдык кеңеш көтөрүп чыгышы керек эле. Алар убагында бул маселени көтөрсө мектеп куруп берүүгө акча бөлүнүп, планга киргизилмек. Балдардын контейнер-мектепте билим алышы Билим берүү министрлигинин шалаакылыгы", - дейт Токтошев.
АЛТЫБАЕВА: "Балдардын контейнер-мектепте окуп жатканы уят"
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп чыга турганын билдирди. "Балдардын контейнер-мектепте окуп жатканы уят. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева ушул көрүнүштүн айынан кызматтан кетти болуш керек деп ойлоп жатам. Бул маселени мен Жогорку Кеңеште көтөрүп чыгам", - дейт Алтыбаева.
ТОКТОНАСЫРОВ: "21-кылымда балдардын контейнерде окуп жатканы кейиштүү көрүнүш"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына мамлекеттик бюджеттен көбүрөөк каражат бөлүп бериш керек. "Келечекти ойлогон өлкөнүн башкаруучулары билим берүү тармагына мамлекеттик бюджеттен 50 пайыз каражат бөлүп берүү жөнүндө ойлонушу шарт. 20 пайыз бул шылдыңдоого барабар. Ошонун кесепетинен 21-кылымда балдар контейнерде окуп жатышат. Чет өлкөлүктөр бул тууралуу угушса күлөт болуш керек. Алар "бул өсө турган мамлекетпи же өлө турган өлкөбү?" деп айтышат. Эмне үчүн Нарындын аткаминерлери бул боюнча коңгуроо каккан эмес? Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына көбүрөөк акча каражатын бөлүп берүү зарыл", - дейт Токтонасыров.
ОШУРАХУНОВА: "Чиновниктер контейнерге отуруп, балдарга өздөрүнүн имаратын бериш керек болчу"
Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, балдардын контейнерде окуганы өкүнүчтүү. "Нарында аба ырайы суук. Балдар контейнерде кантип окуйт? Бийликтегилер келечек тууралуу ойлонуш керек, санариптештирүүгө өтүү зарыл деп айтып калышат. Бирок баары айтылып эле ишке ашпай жатат. Чоңдор отуруп алып өздөрүнүн соода борборун курганга акча табат, биздин балдарыбызга мектеп салганга акча табылбаганы өкүнүчтүү. Чиновниктер контейнерге отуруп, балдарга өздөрүнүн имаратын бериш керек болчу", - дейт Ошурахунова.