Жогорку Кеңеш кечээ, 14-декабрда экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратууга багытталган мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду. Учурда Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев экс-президент статусуна ээ.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу бийликтин куугунтуктоо куралына айланып калбайбы?" деп собол салды.
МАСАДЫКОВ: “Экс-президенттен кол тийбестикти алуу - Атамбаевге эле тиешелүү эмес”
Саясатчы Таалатбек Масадыков экс-президенттен кол тийбестикти алуу демократиялуу мамлекетте куугунтукка алып келбей турганын белгиледи.
“Эч качан чыныгы демократиялык мамлекетте экс-президенттен кол тийбестикти алуу куугунтукка айланып кетпейт. Анткени мамлекет башына, парламентке таза адамдар келсе, баары мыйзам чегинде иштеп, жашаса, мындай куралга айланбайт. Элибиз кол тийбестикти алуу экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы деп түшүнүп жатат. Менимче, бул Атамбаевге эле тиешелүү эмес. Мурунтан бери эле ушундай болушу керек эле. Демократиялык коомдо жашайбыз десек, анда кол тийбестик болбошу керек. Президент эгер кылмыш кылса, импичмент жарыяланып, жөнөкөй жаран катары жоопко тартыларын Түштүк Кореянын мисалында көрүп жатабыз. Ошондуктан кол тийбестик деген маселе болбошу зарыл. Депутаттардын биринчи окууда колдогону - бул жакшы нерсе. Бул мындан ары да уланышы керек. Мыйзамдын алдында баарыбыз теңбиз”, - деди ал.
СООРОНКУЛОВА: “Азыр Атамбаевди жоопкерчиликке тартса, муну куугунтуктоо саясаты деп баалабайм”
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова аталган мыйзам долбоорун президент сөзсүз колдошу керектигин айтты.
“Укуктук мамлекеттин көз карашы менен карай турган болсок, экс-президенттер кылмыш кылбаган болсо, бул мыйзамдан коркпосо да болот. Кылмыш кылса сөзсүз жоопкерчиликке тартылат. Ал эми Атамбаевдин мыйзам бузуп жатканы, бийликти узурпациялаганы президент учурунда эле айтылып келген. Текебаев президентке импичмент жарыялайлы десе, аны камакка алып койду го. Кол тийбестигине таянды да. Мыйзам бузса, баары жооп бериши керек. Азыр Атамбаевди жоопкерчиликке тартса, муну куугунтуктоо саясаты деп баалабайм. Себеби анын мыйзамсыз иштери президент учурунда эле айтылып жаткан. Менимче, президент бул мыйзам долбоорун сөзсүз колдошу керек. Аталган эреже мыйзамсыз иштерден кармап туруучу фактор болот. Президентти жоопкерчиликке тартуу үчүн парламент импичмент жарыялашы керек. Кызматтан алынган соң гана кылмыш ишин ачса болот. Өнүккөн өлкөлөрдө “экс-президенттин кол тийбестиги” деген түшүнүк жок”, - дейт Сооронкулова.
КАЧКЫНБАЕВ: “Күч органдарынын баары президентке баш ийгени үчүн парламент эч нерсе кыла албай жатат”
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев аталган мыйзам долбоору айла жоктон кабыл алынып жатканын айтты.
“Бул мыйзам муктаждыктан келип чыгууда. Ага экс-президенттер өздөрү да себептүү. Буга чейинки президенттер жоопкерчиликке тартылбай калды да. Экс-президент да тынч отурбай саясатка аралашып, “УКМКнын башчысы менен баш прокурорду чакырып, Бабановдун ишин жапкыла дегем” деп мыйзам бузганын айтып салды. Ал мен каалаганымдай кылчу элем деп жатат. Мыйзам ошого кабыл алынып жатат деп ойлойм. Президенттер 6 жылын тынч эле мыйзам чегинде өткөрүп, ардактуу эс алууга кетиши керек. Экс-президенттер бардык кызматта отурушту. Мөөнөтү бүткөн соң жаштар менен жолугушуп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, эс алып, балык уулап эле жүрүшсө болмок. Экс-президенттерден кол тийбестикти алууну колдойм. Бул кийинкилерге белги болот. 6 жыл кыска экенин билишсин. Бийликте турган президентти парламент көзөмөлдөшү керек. Бирок күч органдарынын баары президентке баш ийгени үчүн парламент эч нерсе кыла албайт. Күч түзүмдөрүн президенттин башкаруусунан алып, парламентке бере турган болсок гана келечекте бир кишиден корко турган маселе жоюлат”, - деди ал.
АСКАРБЕКОВ: “Күчтүү президент мыйзам чегинде иштесе, мындай статуска мажбур эмес”
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков мыйзам алдында баары бирдей болушу керек дейт.
“Негизи Конституцияда жазылган мыйзам алдында бардык жарандар бирдей. Ал статусуна жана ээлеген кызматына карабай тескей турган мыйзамдар бар. Буга чейин экс-президентке кол тийбестик берилген. Бул туура эмес, абсолюттук кол тийбестик болбошу керек. Кылмыш жасаган адам кандай гана статуста болбосун, жоопко тартылышы керек. Өнүккөн мамлекеттерде дагы мындай макам берилбейт. Мисалы, учурда Арменияда таза иштебеген, коррупциялык иштерге байланышы бар экс-президенттер жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылууда. Эгер адам чоң кызматка бара жатып, мамлекет, эл үчүн иштейм десе, ал мындай статуска мажбур эмес. Эгер мыйзам чегинде иш жүргүзсө күчтүү президент “каралардан”, уюшкан топтордон дагы коркпойт”, - деди Аскарбеков.
КАРАСАРТОВА: “Абсолюттук кол тийбестик эч кимге таандык болбошу керек”
Укук коргоочу Рита Карасартова кол тийбестиктин жок болгону аткаминерлерди чочулатып, кылмыш ишин жасатпоого түрткү берет деди.
“Абсолюттук кол тийбестик эч кимге таандык болбошу керек. Андай маселе жок. Кол тийбестиктин жок болгону - бул биздин президенттерди чочулатып, кылмыш жасатпайт. Эртеңки күнү менин үстүмдөн кылмыш иши козголуп калбасын деген сезим болушу керек. Мына ошондо алар кандайдыр бир кылмыштарга барбай, таза иштешет. Бүгүнкү күндө абсолюттук кол тийбестикти алып алышып эле жыргап жатышпайбы. Президент Сооронбай Жээнбеков куугунтуктоого алгандан алыс болот. Анткени бул Жээнбековдун өзүнүн эртеңки көрө турган күнү. Мен кылмыш кылбайын, таза иштейин, бийликтен кеткенден кийин жүзүм жарык болсун десе, бул бара-бара маданиятка айлана турган иш болуп саналат. Кол тийбестиктен ажыратуу чектен чыгуудан сактайт. Куугунтук бул соттор туура эмес иштеген жерде болот. Ошондуктан сот реформасы туура жасалса, эч качан куугунтукка алынбайт”, - деди укук коргоочу.
КАДЫРБЕКОВ: “Президентке көз каранды болуп, көп мыйзамдар иштебей калууда”
Саясат таануучу Даниел Кадырбеков бийликте отурган президент, премьер-министр болобу, кабыл алынган чечимдердин артында куугунтукка алынбашы керек дейт.
“Кол тийбестик бийликте отурган президент же премьер-министр болобу, кабыл алган чечимдери үчүн куугунтукка калбайт дегенди билдирет. Бирок ал коррупциялык кылмыш иштери жана өзүнүн кызматынан кыянаттык менен пайдаланган аракеттеринен коргой албайт. Дүйнө жүзүндө ким болсо да кылмыш кылса, мыйзамды бузса, жоопко тартылышы керек. Бул мыйзамдын табияты. Анткени эч ким мыйзамдан жогору болбойт, бардыгы мыйзамдын алдында тең болот. Кыргыз мамлекетиндеги адам укуктарын коргогон институттар алсыз болуп жатат. Президентке көз каранды болуп, көп мыйзамдар иштебей калууда. Ал эми коомдун аң-сезими бир аз көтөрүлгөн сайын мындай куугунтуктарга жана өзүнүн кызыкчылыгына мыйзамдарды тартып иштетүү азая баштайт деп ойлойм. Эгерде өлкө башчы диктатор деп эч нерсе өзгөртпөй жүрө берсек, анда жыйынтык чыкпайт. Ошондуктан мамлекеттик кызматтар, институттар өзүнүн жоопкерчилигин сезип, таза иштей баштайт”, - деди саясат таануучу.