Бүгүн ички иштер министри, УКМКнын төрагасы жана башкы прокурор маалымат жыйын берди. Жыйында күч түзүмдүн жетекчилери Алмазбек Атамбаев эки жолку сүйлөшүүдөн кийин колго түшкөнүн жана Кой-Ташта орун алган окуя тууралуу айтып беришти.
SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча күч органдарынын ишинде кайсы аракеттер туура, кайсы аракеттер туура эмес болду?" деген собол салды.
МАСАЛИЕВ: "УКМКнын кызматкерлери аткарган иш чийки болуп калды"
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев алдын ала кандайдыр бир баа берүүдөн алыс экенин айтат.
"Мен ал операцияга катышпагандан кийин туура же туура эмес деп айта албайм. Алдын ала мунуку туура же туура эмес деп баа берүүдөн да алысмын.
Ачыгын айтканда, биринчи күнү атайын операция өткөргөндө УКМКнын кызматкерлери так иш алып бара албай, алардын жасаган иши чийки болуп калды. Эртеси күнү Атамбаевди колго түшүрүү операциясында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ишти жөнгө салды", - дейт депутат.
МАМЫТОВ: "Акыйкатчы институту Атамбаевди кармоо боюнча иликтөө жүргүзүп жатат"
Акыйкатчы Токон Мамытов азырынча иликтөөнүн жыйынтыгы чыга электигин айтты. "Акыйкатчы институту Атамбаевди кармоо боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. Тиешелүү органдардан документтерди сурап жатабыз. Документтерин көргөндөн кийин кайсы аракети туура же туура эмес экенин айтабыз", - дейт Мамытов.
ОСМОНАЛИЕВ: "Атамбаевди сүйлөшүү жолу менен колго түшүргөнү туура болду"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев 7-августта Атамбаевди кармоо боюнча аракеттер туура эмес болгонун айтты.
"7-августта УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы башкармалыгынын атышканы, Атамбаевди кармоо тактикасы туура эмес болду. Ал эми 8-августта генерал Курсан Асанов баш болуп сүйлөшүү жолу менен Атамбаевди багынтып, колго түшүрүп алып кеткени туура болду", - дейт Каныбек Осмоналиев.
МАМЫТКАНОВ: "Атамбаевдин тарапташтарынын суракка чакырылышы азыркы козголуп, тергелип жаткан иштерге байланыштуу"
УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов баары мыйзам талаасында болууга тийиш деген пикирде. "Күч органдары болгон аракеттеринин баарын жасады. Иш козголду, анын жыйынтыгы менен гана кандайдыр бир баа берип, пикир айтууга болот.
Атамбаевдин тарапташтарынын суракка чакырылышы азыркы козголуп, тергелип жаткан иштерге байланыштуу болууда. Атамбаевдин айрым тарапташтарынын камалышы боюнча сот чечиши керек. Камалсын же камалбасын деген чечимди сот чыгарып жатат.
Мурун камайбы же камабайбы прокурор чеччү, азыркы жаңы мыйзамдарга ылайык, баары сотко байланып калган. Атамбаевдин тарапташтары кайсы бир чечимге каршы болушса, "туура эмес" десе сотко кайрылышы керек. Эгер ал чечим эч кимди канааттандырбаса андан аркы даттануулар башталат. Баары юридикалык мыйзам менен жасалууга тийиш.
Мыйзам тергөөчүлөргө жол берсе, алар аны менен пайдаланышат. Ал эми мыйзам жол бербесе, баары мыйзам чегинде болууга тийиш. Такыр болбосо бизде акыйкатчы, укук коргоочулар бар. Негизи бардык маселе мыйзам талаасында чечилүүгө тийиш. Учурда башаламандыкты токтотуу керек", - деди Мамытканов.
КАДЫРБЕКОВ: "Кандай гана камоо операциясы болбосун бир дагы адам жабыркабашы керек болчу"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Атамбаевди камоо операциясында чоң ката кеткен деген пикирде.
"Кандай гана операция болбосун бир дагы адам жабыркабашы керек. УКМК төрагасы 5 вариант бар болчу деп айтып жатат. Бир канча адам жабыркады, бир адам каза болду, бул туура эмес варианттын бири. Алар ошол жерде аялдар, балдар бар экенин билип, таштар, курал жарагы бар экенин эсептеп келиши керек эле да. Демек, ал жердеги адамдардын коопсуздугуна көңүл бурбай, Атамбаевди камакка алыш керек деген гана максатын коюшкан. Бул чоң ката деп эсептейм", - дейт Ишенбай Кадырбеков.