КҮНСОБОЛ: Бурулайдын милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапканы үчүн ички иштер министри кызматтан бошотулган эмес. Аялдардын тең укуктуулугуна көңүл бурдуруу максатында аял жылаңач чечингени үчүн музей жетекчиси кызматынан кеткени туура чечим болдубу?

Социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүргөнүн чагылдырган видео тарап, ал айрым жарандардын катуу нааразычылыгын жараткан. Мындан улам жарандык активисттер нааразычылык акциясына чыгышты. Музейдин жетекчиси Мира Жангарачева бүгүн, 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан бошотулду.

SUPER.KG порталы "Бурулайдын милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапканы үчүн ички иштер министри кызматтан бошотулган эмес. Музейде аялдардын тең укуктуулугуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында аял жылаңач чечингени үчүн музей жетекчиси кызматынан кеткени туура чечим болдубу?" деген собол салды.

КАСЫМАЛИЕВА: "Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Мира Жангарачеванын кызматтан алынышына 100 пайыз каршымын"

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы туура эмес чечим болгонун айтты.

"Мен Мира Жангарачеванын кызматтан алынышына 100 пайыз каршымын. Туура эмес чечим болду. Мамлекеттик кызматта мындай эмоционалдуу чечимдер кабыл алынбашы керек. Бул жерде эч бир жүйө келтирилген эмес. Бул кандайдыр бир топтордон корккондой чечим болду. Мира Жангарачева көргөзмөдөгү жылаңач кыздар тууралуу билбегенин өзү мойнуна алды. Эскертүү берилсе болмок. Маданият, маалымат жана туризм министринин министрликке барган эркектерден корккондой чечим чыгарышы туура эмес болуп калды. Себеби Мира Жангарачева бул кызматка келгенден бери музейге ушунчалык көп адам барган. Көп көргөзмөлөр жасалды. Балдар күнүнө карата сонун көргөзмөлөр болду. Чокморовдун көргөзмөсү дагы Мира Жангарачева тарабынан уюштурулду. Музейдин жамааты дагы аны урматтап, жакшы иш башталган. Азыр бизде башка музей жок. Тарых музейи жабылган бойдон турат. Абдан көңүлүм ооруп жатат. Бизде чындап эле Бурулай өлгөндө ИИМдин башчысы кызматтан кеткен эмес. Бул жерде аял киши, бизде "крышасы жок" деп айтат го, ошондой болуп калды. Таланттуу, акылдуу, көз карандысыз чечимдерди чыгара ала турган айымды жумуштан алуу оңой экен. Ошону менен эле көйгөй чечилип калбайт да", - дейт Касымалиева.

ИКРАМОВ: "Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору ар бир кызматкер эмне иш алып барып жатканы боюнча билиши керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пикиринде, музейдин директорунун кызматтан кеткени туура чечим болгон.

"Бурулайдын өлүмү менен бул окуяны салыштырууга болбойт. Бурулайдын өлүмү кайсы облуста болсо, ошол бөлүмдө иштегендер убагында жазасын алган. Бир мекеме эркиндикти берип жатат. Музейдин директору ар бир кызматкер эмне иш алып барып жатканы боюнча билиши керек. Аянтта "гейпарад" уюштурулганда кимди күнөөлөш керектиги кыйын болгон. Ал эми бул жерде музейдин ичинде өтүп жаткандан кийин түздөн-түз жетекчиси жооп бериши керек. Ошондуктан музейдин директорунун кызматтан кеткени туура чечим болду", - дейт Икрамов.

АБДИРАСУЛОВА: "Мира Жангарачева музейдин директору болуп келгенде жакшы жылыштар болгон. Аны эки аял жылаңач чыкты деп кызматтан кетирүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле?"

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова анда да бир топ суроолор бар экенин айтты.

"Мира Жангарачева өзү арыз жазып, кызматтан кетти. Эки аялдын жылаңач болуп чечингенинен ким жабыр тартты? "Кырк чоробу" же мен сыйлаган Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспековбу? Алар кантип жабыр тартты?

Экинчи жагынан карасак, акцияны уюштургандардын максаты эмне болгон? Алар кандай максат менен эки аялды жылаңачтанткан? Ал жерде жаш балдар, өспүрүмдөр бар экен. Акциянын жыйынтыгында бир нерсени күтүш керек да. Алар чындыгында элдин кыжырданышын каалаштыбы? Же алар "өзүбүздүн денебиз кааласак жылаңач жүрүп алабыз, кааласак кийинип алабыз" деген ойлорду айткылары келдиби? Акыркы жыйынтыгына ишене албай жатам. Зордук-зомбулукка кабылган аялдардын көйгөйүн сөзсүз эле эки аял жылаңач болуп чыгып көрсөтүшү керек беле? Мына ушундай суроолор менде да бар.

Бул иш-чараны Мира Жангарачева уюштурган эмес болушу керек. Ал мамлекеттик деңгээлде көп кызмат кылган, билимдүү айым. Жангарачева музейге келгенден кийин жакшы жылыштар болуп жатканы байкалган. Аны эки аял жылаңач чыкты деп кызматтан кетирүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле?", - дейт Азиза Абдирасулова.

ТИЛЛАЕВ: "Биздин коомго жылаңач кыздарды көрсөткөн жетекчи кызматтан кеткени туура чечим болду"

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев музейдин жетекчисинин кызматтан кеткени туура чечим болду деген пикирде.

"Бул жерде музейдин директору өз каалоосу менен кызматтан кетти. Негизи биздин коомго жылаңач кыздарды көрсөткөн жетекчи кызматтан кеткени туура чечим болду. Же андай чечимдерге барбашы керек. Биздин каада-салтыбызга туура келбеген иштерге барган адам кызматтан кеткени туура. Бардык жетекчилер чечкиндүү кадамдарга барышы шарт", - дейт Тиллаев.

ИСАКОВ: "Ката кетиргендер кызматтан алынуу менен гана чектелишет"

Жарандык активист Гүлжигит Исаков митинг, революциялар менен келген бийлик мыйзамды сыйлашпайт деген пикирде.

"Бурулайдын окуясына коомчулук катуу реакциясын көрсөткөн жок, ошондуктан эч ким тоготкон эмес. Митинг, революциялар менен келген бийлик мыйзамды сыйлашпайт. Алар митингдердин тилинен гана түшүнүшөт. Ошондуктан митингдерден коркушат. Экинчи фактор, жеңил-желпи чечиле турган маселелер болсо элди сооротуп, чечип коюшат. Ката кетиргендер кызматтан алынуу менен гана чектелишет. Андан ары кетишпейт. Терең изилдеп, тергөө иштерин жүргүзүп, логикага шайкеш жыйынтыкка чейин жеткирсе баарына сабак болмок", - дейт Гүлжигит Исаков.

ЖУНУСБЕКОВ: "Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчиси кызматтан кеткени туура чечим болду"

Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков музейдин жетекчиси кызматынан кеткени туура чечим болду деген оюн билдирди.

"Маданият, маалымат жана туризм министри бул тууралуу билген эмесмин деп айтты. Ал министрликке маалымат берилбегенин билдирди. Музей жетекчисин жумуштан кетирүү боюнча кол койду. Анын кызматтан кеткени туура чечим болду. Мындай учурда жетекчи кызматтан кетиши керек", - дейт Жунусбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан