Социалдык тармакта 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, анын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууланган. Мамлекеттик каттоо кызматынан аталган унаада Алмаз Мамбетов эмес экендигин билдиришти. Жыйынтыгында бул унаа номерине издөө жарыяланды.
SUPER.KG порталы "Жасалма паспорт чуусу жасалма унаа номеринин чуусуна өттү. Тийиштүү расмий органдар эмне үчүн мындай көрүнүшкө олуттуу чара көрбөй жатат?" деген собол салды.
СУЛАЙМАНОВ: "Жасалма унаа номерин жөнөкөй адамдар тага албайт"
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов тийиштүү органдар тарабынан чаралар көрүлүп жатканын айтты. "Жасалма унаа номерин жөнөкөй адамдар тага албайт. Аны ошол күч органдары же болбосо Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери тагышы мүмкүн. Жөнөкөй эл аны таккандан коркушат. Бул көрүнүш жакшы эмес. "Коопсуз шаар" долбоору бул көрүнүштү өзүнүн ордуна коёт болуш керек. Тийиштүү органдар чаралар көрүлүп жатканын айтышууда. Негизи бул багытта чаралар көрүлүп жатат", - дейт Сулайманов.
ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Өкмөт аркылуу ИИМ жасалма унаа номерлерин орнотуу боюнча жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун алып келди"
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөт аркылуу ИИМ жасалма унаа номерлерин орнотуу боюнча жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун алып келгенин айтты.
"Орчундуу чара көрө турган кызматкерлер ушул кылмыш бизнесине аралашып жүргөнү айтылып калат. Ошол себептен жасалма паспорттор биринчи жолу чыгып жаткан жок. Өкмөт аркылуу ИИМ жасалма унаа номерлерин орнотуу боюнча жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун алып келди. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бул мыйзам долбоорун колдоду. Мурда жасалма унаа номери менен жүргөндөргө 2-5 миң сомдун тегерегинде айып салынса, азыр 20-30 миң сом болот. Мурун жорук болсо, эми кылмыш болуп эсептелет", - дейт Жээнчороев.
СУБАНБЕКОВ: "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери айып төлөгөндөн качып, жасалма унаа номерлерин тагып алгандар болууда"
Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков айдоочулар жоопкерчиликтен качып, анын айласын таап жатышат деген пикирде.
"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери айып төлөгөндөн качып, жасалма унаа номерлерин тагып алгандар болууда. Алар айып төлөгөндөн качып жатышат. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети бул жасалма унаа номерлери менен жүргөн айдоочуларга жоопкерчиликти күчөтүү мыйзам долбоорун карап жатат. "Коопсуз шаар" долбоору жаңыдан кирип жаткандыктан, айдоочулар жоопкерчиликтен качкандын айласын кылып жатат. Көч бара-бара түзөлүп, мындай көрүнүштөргө чара көрүлөт", - дейт Субанбеков.
САБИРОВ: "Ызы-чуулар менен жасалма паспорт, жасалма унаа номери боюнча маселелер токтойт"
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров бул маселени эл алдына көтөрүп чыгуу зарыл экенин айтты.
"Жасалма унаа номерлери эмес, жасалган эле унаа номерлер чыгып жатат. Бул унаа номерлер жокко чыгарууга кеткен, ошолорду алып чыгып тагып жүрүшөт. Бардык маселелер акырындан оңолуп келе жатат. Ушундай ызы-чуулар менен мындай көйгөйлөр токтойт. Биз дагы жасалма паспорт, унаа номерлери тууралуу маселе көтөрүп жатабыз. Эл алдында көтөрүп туруу керек", - дейт Максат Сабиров.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Бийликтин ичинде көпкөн адамдар бар. Алар үчүн Кыргыз мамлекетиндеги көп эрежелер, мыйзамдар, улуттук талаптар таасир бербейт"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков мындай көрүнүштөргө чара көрүлүшү керек деген пикирде.
"Бийликтин ичинде көпкөндөр, кол тийбестер, "свои" деген адамдар бар. Алар үчүн Кыргыз мамлекетиндеги көп эрежелер, мыйзамдар, улуттук талаптар таасир бербейт. Өздөрүнүн коомго болгон көз карашы бар. Ушундай топтордун ичинде бир өзгөчө номерлер менен жүргөн адамдар бар, аларга милиция, УКМК тийишпейт. Бул бийликтин ичиндеги өздөрүнүн мыйзамы. Мындай номерлер көп адамдарда бар. Жашыруун номерлер менен жүрүшөт. Албетте, коомдук пикир жаралгандан кийин укук коргоо органдары аларды жазалап, чара көрүлүшү зарыл", - дейт Равшан Жээнбеков.
КАЗАКБАЕВ: "Бул Мамлекеттик каттоо кызматындагы баш аламандык"
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев бул Мамлекеттик каттоо кызматындагы баш аламандык деген ойдо.
"Биометрикалык паспорт деп жалпы базага маалыматтарыбызды тапшырганбыз. Базанын коркунучтуу экени белгилүү болуп калды. Ар бир адамдын берген маалыматы купуя болушу керек да. Бул Мамлекеттик каттоо кызматындагы баш аламандык. Мамлекеттин коопсуздугуна чоң залакасын тийгизип жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси жооп бериши керек. Бул ишти УКМК карап, көзөмөлгө алышы шарт", - дейт Руслан Казакбаев.